Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:24

Мындан туура беш жыл мурда Аскар Акаевдин бийлиги кулатылып, бириккен оппозициянын колдоосу менен Курманбек Бакиевге оомат оогон. Андан бери эмнелер өзгөрдү? Президент К.Бакиев ошондогу убадаларын аткардыбы?

2005-жылдын 24-мартында миңдеген элдин толкунуна туруштук бере албай Аскар Акаев башындагы бийлик “ак үйдү” таштай качты. Бириккен оппозиция Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоп, кыйласы жогорку кызматтарды ээлеп калышты. Бирок көп өтпөй эле К.Бакиев менен 2005-жылы үзөңгүлөш жүргөндөр бийликтен четтей баштады.


Президент үзөңгүлөштөрүнөн эмнеге кол үздү?

2005-жылы келген жаңы бийликте “ыңкылапчы” лидерлердин кыйласы чоң кызматтарга отурушту. Азимбек Бекназаров Генералдык прокурор, Роза Отунбаева Тышкы иштер министри, Исмаил Исаков Коргоо министри, Досбол Нур уулу Билим берүү министри, Анвар Артыков Ош облусунун губернатору ж.б. Ал эми мурунку президент Аскар Акаевдин доорунда эле оппозицияда жүргөн дагы бир топ лөктөр Жогорку Кеңешке депутат болуп келишти.

Саясий серепчи Марс Сариевдин пикиринде, президенттин өз үзөңгүлөштөрүн четке сүрө баштоосуна анын мурдагы бийлик тушундагы акча ресурстарын колго кармап тургандар менен биригип, мурдагы эле бийликтин саясатын уланта баштоосу себепчи болду. Анын үстүнө 24-марттан кийин чогуу бийликке келгендер президент К.Бакиевди кайра-кайра демитип, демократиялык коом куруу үчүн эл алдында сөз бердиртип, көп учурда тең ата мамиле кылышканы ага жакпаса керек:

Марс Сариев

- Менимче 2005-жылдан кийин К.Бакиев мурдагы эле Акаевдин доорунан калган мафиялык топтордун, каржы ресурстарын кармап тургандардын койнуна кирип кетти да. Мындай айтканда ыңкылап максатына жетпей калды.

Ошондой эле М.Сариевдин айтымында, президенттин берген убадаларын бат эле унутушуна анын үй-бүлөсү да себепчи болгондой. Анткени 24-марттан кийин президенттин ага-туугандары, балдары бийликке батыл аралашып кетти.

Президенттин убадалары жана реалдуулук...

Президент К.Бакиевдин 2005-2006-жылдардагы убадалары өзгөчө көңүл бурарлык. Саясий күчтөрдүн кысымы алдында ал бир канча жолу эл алдында чоң-чоң убадаларды берип, мурдагы президенттин каталарын кайталабай турганын, үй-бүлө мүчөлөрүн саясатка аралаштырбасын, өлкөнү демократиялык нукка бурарын айткан. 2006-жылы өлкөнүн башкы теле каналына интервью берип атып ал мындай деген эле:
Максим Бакиев

- Президенттин баласы турат, тигиниси турат, мунусу турат десе, ушуга ишенгендер да бар экен. Булар ойлоп атышса керек, дагы эле баягы Акаедин мезгилиндей деп. Менин балдарым, эч качан Кыргызстандагы майда болобу, чоң болобу, бир дагы бизнеске аралашпайт. Кимдедир менин балдарымды ушинтип айтып, чоң баласы, кичүү баласы дегендерге такыр ишенбеш керек. Мен дагы мындан кийин эч качан өзүм үчүн же үй-бүлөм үчүн кандайдыр бир кызыкчылыктарга барып, жаман иштерди кылганга эч качан барбайм, шарт түзбөйм дагы…

Бирок бүгүнкү күнү реалдуулук таптакыр башка нерселерди айтып турат. Президенттин кичүү уулу Максим Бакиев “жогорку өкмөт” атыккан Өнүктүрүү агенттигин башкарып калды. Чоң жыйындарда премьер-министр Данияр Үсөнов анын оң жагынан орун ээлеп, сөзүн угууга аргасыз. Ал эми президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси. Көптөгөн жан сакчылардан тышкары мурдагы Улуттук гвартиянын аскерлерин, “Арстан” сыяктуу элиталык аскер бөлүктөрүн түз тейлейт. Ал эми оппозиция өкүлдөрү аны бүтүндөй күч органдарын былкылдатпай башкарып атканын айтышат. Булардан тышкары президенттин башка ага-инилери, улуу баласы да чоң кызматта.

Ыңкылаптан “Кеңешме демократиясына” кеткен жол...

Былтыртан бери президент К.Бакиев башкарууну реформалоо багытын баштап, Баш мыйзамды кайрадан өзгөртүүгө камынууда. Анда Өнүктүрүү агенттиги сыяктуу жаңы түзүмдөр пайда болуп, президент өз ыйгарым укуктарын аткара албай калса анын милдетин аткаруучуну Мамлекеттик кеңеш аныктаары жазылган. Анткен менен баш мыйзамда жок болсо да Өнүктүрүү агенттиги сыяктуу мамлекеттик түзүмдөр кадимкидей иштөөдө. Бийлик демилгеси менен чакырылган Ынтымак курултайы деле ошол саясаттын уландысы дешет.

Кечээ президент Ынтымак курултайында сүйлөп жатып, дүйөдө батыштык үлгүдөгү шайлоолорго, адам укуктарына негизделген демократиянын тууралыгы талкууга түшүп атканын, жамааттык жоопкерчиликке негизделген кыргыз коомчулугуна оңой менен батыштык үлгү сиңбей турганын айтты. Андыктан ал Кыргызстанга “кеңешме демократия” керектигин, шайлоолор элди тажатып бүткөнүн баса белгиледи:
Ынтымак курултайынын катышуучулары. Бишкек, 23.03.10

- Шайлоолор чөнтөкчүлөрдүн марафонун элестетип баратат. Шайлоону көпчүлүк белен аш менен бекер акчага туналы деп күтүшөт. Ошентип, белен аш менен бекер ооктатка тап идеология өкүм сүрүүдө. Миллиондогон байлык талаага чачылып, шайлоонун кадыры кетип бүттү.

Дал ушул себептен улам президент Кытай сыяктуу катаал системасы бар өлкөнүн жолуна түшкөндөй сезилет. Талдоочу М.Сариевдин баамында, бүгүнкү бийлик Ынтымак курултайына “кеңешме демократиясын” байлап, өлкөнү Түркмөнбашы сыяктуу башкаргысы келгендей түр көрсөтүүдө. Анын бул планы ишке ашып кетсе, президент кокус милдетин аткара албай калса өлкө башчысынын милдетин аткаруучуну Мамлекеттик кеңеш аркылуу аныктап, андан ары шайлоого чыгарбай эле курултай аркылуу тандай койчу заман эртең эле келип калышы ыктымал.

БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү, 2005-жылдагы митингдердин уюштуруучуларынын бири, белгилүү саясий ишмер Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, ошол 24-марттан кийин К.Бакиевдин үзөңгүлөштөрү ага ишенген эле. Анын үстүнө ал да байма-бай убадаларды берип, башкарууну бир колго топтоп албасын айтып келген. “Тилекке каршы убакыттын өтүшү менен ал бала-чакасынын, ага-туугандарынын, эл-аралык алдамчыларынын сөзүнөн чыга албай калды окшойт”,- дейт Т.Тургуналиев.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG