Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

1969-жылдын 20-июлунда америкалык астронавт Нейл Армстронг “Аполлон-11” космостук кемесинен чыгып, Айдын бетинде баскан. Ошентип ал XX кылымдын керемет окуяларынын бирин тарыхка жазды.

Нейл Армстронгдун 1969-жылдын 20-июлунда Айдын бетинде басып жүргөнүн миллиондогон адамдар сыналгыдан көрүп жатышты. Бирок Айдын бетинде басып жүргөн биринчи адам мурдакы Советтер Союзунда жана Кытайда көрсөтүлгөн эмес. СССРдин ал

: "Бул адам үчүн кичине бир кадам, адамзат үчүн теңдешсиз чоң бир секирик.”
Н. Армстронг

кездеги жетекчилиги Айга конуу боюнча Кошмо Штаттар менен жүрүп жаткан мелдеште Советтер Союзу АКШга уткурганын советтик адамдардын көрүүсүн каалабады сыягы. Коммунисттик Кытай өкмөтү да супердержаванын ийгилигине жарандарынын күбө болуусун каалаган эместей.

Нейл Армстронг Айдын бетинде. 1969-жыл.

Америкалыктар советтик космонавттар Юрий Гагариндин орбитага учуусун, Алексей Леоновдун ачык космоско чыгуусун сыналгыдан көрүп турушкан.

40 жыл мурда Нейл Армстронгдун Айдын бетине чыкканда айткан бул сөзү бүгүн көпчүлүккө маалым: "Бул адам үчүн кичине бир кадам, адамзат үчүн теңдешсиз чоң бир секирик.”

Армстронгдон жарым сааттан кийин Айдын бетине Бузз Олдрин чыгат. Армстронгдун айтышынча, дандай тегиз таштар Айдын бетине өзгөчө бир сулуулук берип турат: “Айдын бети кереметтей кооз. Ал Кошмо Штаттардагы бийик чөлгө окшойт. Ал бөлөктөй, бирок ушунчалык бир ажайып.”

Эки астронавт Айдын бетин фотосүрөткө тартып, гравитацияны текшерип, таштардын жана жер кыртышынын үлгүсүн алышат. Айда АКШнын желегин орнотуп, илимий аспаптарды жана “Биз адамзаттын атынан тынчтык менен келдик” деген жазуусу бар темирди калтырышат.

Астронавт Эдвин Бузз Олдрин Айдын бетинде. 1969-жыл.

Астронавттар Айга конгондон үч мүнөт бою модулдун шассилери кыртышка кандай киргенин, модуль конгон жердин жандоосун текшеришкен. Эгер кыртыш жумшак болуп, жер 30 градустан көп жандоо болсо, астронавттар токтоосуз артка кайтууга тийиш эле.

Капылет окуя болуп, астронавттар кайтпай калса, президент Ричард Никсон мурдатан даярдалган аза сөзүн окумак. Себеби 1967-жылы “Аполлон-1” сыналып жатканда үч астронавт набыт болгон эле.

Армстронг жана Олдрин Айда бардыгы 21 саат болушса, анын 2, 5 саатын “Eagle” модулунан сыртта өткөрүшөт. Эки астронавт түндү Айдын үстүндө өткөргөндөн кийин модуль астронавт Майкл Коллинз күтүп отурган “Апполон-11” кемесине барып кошулат да 24-июлда Жерге кайтып келишет.

Армстронг жана Олдрин кийин Айга дагы АКШнын 10 астронавты барып түштү. “Аполлон-17нин” экипажы 1972-жылы декабрда Айга барып келгенден кийин бул прогрмма токтотулат.

АКШ өкмөтү Айга кондуруу үчүн “Аполлон” тибиндеги 18 кемени жасашкан. Техникалык мүчүлүштөн улам Айды айланып Жерге кайтып келген “Аполлон-13” кемесин албаганда, 25 миллиард долларлык программа (бүгүнкү эсеп менен 120 миллиард доллар) толук ишке ашырылган, дейт атактуу советтик космонавт Алексей Леонов.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG