Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

ӨЗДҮК КОМПЮТЕРГЕ ЧЕЙРЕК КЫЛЫМ ТОЛДУ


Бүгүн «өздүк компютер» - PC (personal computer) деп аталган компютердин туулган күнү. Мындан чейрек кылым илгери дал ушул күнү өздүк компютер жарык көргөн. Азыркы жаш улан-кыздар үчүн таң калычтуу нерсе бул – мындан 25 жыл мурда адамзаты элек рондук почта, интернет, текст түрүндөгү каттарды ырааттуу жиберүү тууралуу түшүндө да көргөн эмес.

1981-жылы Нью-Йорк шаарында IBM 5150 деген олчойгон бир компютердик машинанын тушоосу кесилгенде коомчулуктун көпчүлүгү жаңы дүйнөнүн астанасын аттап жатканына кабардар деле болбосо керек. Алгачкы компютердик аспаптын монитору кичинекей болгон, клавишалары оор эле. Анын эс тутуму болгону 64 килобайт болчу. Процессору араң эле 16 бит эле. Азыркы чакта мажирөөнүн мажирөөсү деп каралчу бул компютердин баасы 3 миң долларга чыккан.

Бирок маалымат технологиясынын ыңкылабын жараткан жабдуу катары каралган өздүк компютер чейрек кылым ичинде көк сермеген секирикти жүзөгө ашырды десек болот.

Албетте, Ай-Би-Эмдин (IBM) Пи-Силерине чейин деле компютерлер чыккан, бирок бул компаниянын өздүк компютеринин чейрек кылым илгери жасалган бет ачаары компютерлерди ири компаниялар жана мамлекеттик ишканалар менен чектебестен, ар бир адам колдоно турган аспап деңгээлине жеткирчү өзгөчө бурулуш кадам болгон.

"PC World" журналынын редактору Гарри МакКракен (Harry McCracken) мырза бул тууралуу “Азаттыкка” мындай дейт:

- Ай-Би-Эмдин (IBM) алгачкы өздүк компютерлерине чейин эле анча-мынча чакан компаниялар тарабынан өздүк компютерлер чыгарылган. Бирок 1981-жылы IBM өзүнүн өнүмү тууралуу жар салганда бул өтө чоң окуя болду, анткени IBM чындап эле компютердин синонимине айланды.

МакКракендин айтымында, IBM компаниясынын өздүк компютер өндүрүү чечими узак мөөнөттүк өндүрүштүн жаңы түрү пайда болгонун жар салган окуя болуп калды.

Компаниянын эң гениалдуу амалы - өздүк компютердин платформасынын башкалар үчүн ачык болгон архитектурасы.

Маселен, бул платформага жалаң гана IBM компаниясы жасаган тетиктер жана башка компоненттер жалгаштырып чектелбестен, башка ар кандай фирмалардын табылгаларын кошууга да мүмкүн болду, дейт МакКракен:

- Алар абдан көп сырткаркы компоненттерди колдонушту. Андан соң алар “Майкрософт” (Microsoft) деп аталган салыштырмалуу чакан компанияга кайрылып, өз компютери үчүн эсептегич иш-аракет системасын орнотууну суранышты. IBM компаниясындагылар өздөрү көзмөлдөй албаган программаларды да колдонгондугу – башка компаниялар да IBM жабдуусуна ылайыкташууга мүмкүн болгон системаларды тез арада өндүрүшкө киргизген мүмкүнчүлүктү пайда кылды.

Ошентип, 1981-жылы даңгыр жолго түшкөн IBM компютердик платформасы андан кийин чыгарылган өздүк компютерлердин баары үчүн туруктуу пайдубал кызматын аркалап калды.

Азыркы тапта дүйнөдөгү өндүрүлгөн өздүк компютерлердин 90 пайыздайы Ай-Би-Эм (IBM) компаниясынын "Intel" аттуу микропроцессорун жана “Майкрософт” (Microsoft) компаниясы чыгарган Windows программасын колдонот.

Ушул тапта өздүк компютер тууралуу сөз кылганда столдогу монитору бар аспап элестетилет. Бирок жакынкы болочокто өздүк компютердин чөнтөк телефонго баткан түрү улам тездеп жайылышы күтүлүүдө.

Ошого карабастан столго коюлчу өздүк компютер тарыхта гана калат деп айтууга да мүмкүн эмес. Анткени анын да жаркын болочогу бар.

Маселен, бөлмөңүздө жайгашкан өздүк компютер аркылуу сиз болочокто алыскы шаар-кыштактарда жашаган тууган-туушкан, дос, жакындарыңыз менен интернет аркылуу баарлашып, кат жазышып чектелбестен, алардын үч тарамдуу деңгээлде чагылдырылган, тим эле жаныңызда тургандай болгон сөлөкөтүн да бөлмөңүздө көрө аласыз.

Демек, өздүк компютердин фантастика менен реалдуулук ширелишкен дүйнөсүнө биз уламдан-улам тереңдеп сүңгүп кире бермекчибиз.
XS
SM
MD
LG