Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:54

Референдумдун жыйынтыгы жарыяланды. Ага ылайык Кыргызстанда жаңы Конституция кабыл алынып, Роза Отунбаева 2011-жылдын аягына чейин өлкөнүн президенти деп аталды. Роза Отунбаева антын берип, президенттик кызматка расмий киришти. Качкындар иштери боюнча БУУнун өкүлү Кыргызстанга келди.

Референдум өттү. Жаңы Конституция кабыл алынды

Борбордук шайлоо комиссиясы 27-июнда өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгын 2-июлда расмий түрдө жарыялады. Ага ылайык референдумга катышкандардын 90.55% макул деп, 8.7% жок деп добуш беришти. Ошону менен референдум болуп өттү деп эсептелди жана ага ылайык Кыргызстанда жаңы Конституция кабыл алынды, Роза Отунбаева 2011-жылдын аягына чейин өлкөнүн президенти деп аталды. Ошол эле мезгилде Роза Отунбаева кабыл алынган Конституциянын негизинде күзүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүп, өкмөт куралганга чейин премьер-министрдин да милдетин аткара берет.

Роза Отунбаеванын президенттик кызматка расмий түрдө киришүүсү менен Убактылуу өкмөттүн калган мүчөлөрү кызматтан кетиш керекпи деген юридикалык суроо пайда болууда.

Жогорку Соттун мурунку төрагасы Курманбек Осмонов бул маселеге карата мындай жообун берди:


- Мурдагы Конституция, мыйзамдар боюнча жаңы шайланган президент алдында кандай өкмөт болбосун өз ыйгарым укуктарын тапшырыш керек. Бул кырдаалда да ошол мыйзамдарга таянсак ошондой болуш керек эле. Парламент шайланып келгенге чейин убактылуу мыйзам чыгаруу ассамблеясын түзөбүз деп атышпайбы. Ошол ассамблеяны түзүп, ал аркылуу өкмөттү бекитип турса болот.

Ал эми Конституциялык кеңешменин катчысы Данияр Нарынбаев мындай пикирин айтты:

- Менин оюмча, биринчиден президент 2007-жылкы Конституцияда каралган ыйгарым укуктарга ээ болду. Ошонун негизинде өкмөт курамын, экономика, социалдык маселелер менен алектенген өкмөттүн курамын түзгөнгө толук мүмкүнчүлүк алды. Андан сырткары президенттин ыйгарым-укуктарына дагы ээ. Ошону менен кызматка киришип, иштей баштаса болот. Бирок бир маселе калды. Бул мыйзам чыгаруу жыйындын ыйгарым укуктарын ким аткарат, кандай шартта аткарат деген маселе. Бул маселе калып атат деп ойлойм.

Чындыгында, азыркы мезгилде карама-каршылыктуу кырдаал түзүлүп турат. Бир жагынан алганда президент кызматка киришкенден кийин премьер-министр баш болгон өкмөт кызматтан кетүүгө тийиш. Бирок Роза Отунбаева премьер-министрдин ролун да аткарууда. Ошондуктан өкмөттүн жетекчиси кызматтан кетпегенден кийин калган мүчөлөрдүн кызматтан кетүүсүнө байланыштуу маселе чаташып турат.

Убактылуу өкмөттүн шайлоого барууну көздөгөн мүчөлөрү кызматынан кетерин билдирген. Мындай билдирүүлөрдү буга чейин Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков жасаганы маалым.



Парламенттик башкаруу бизге болбойбу?

Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү менен партия жетекчилеринин жолугушуусунда парламенттик шайлоо мурда белгиленген мөөнөттө - октябрь айында өтөрү айтылды. Демек октябрь айынан кийин 27-июнда референдумда кабыл алынган Конституция толук кубатына кирет. Анткени бул Конституцияга ылайык, парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен партия өкмөттү түзүп, өлкөнүн саясий системасында негизги ролду ойноого өтөт.

Кыргызстандын парламенттик башкаруу системасына өтүүсүнө кошуна өлкөлөр кубанып кеткен жери жок. Алар бул ойлорун ачык айта элек. Бирок орус президенти Дмитирй Медведев парламенттик бийлик системанын ийгиликтүү болушунан күмөнү бар экенин ачык айтты.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев кошуналардын чочулоо себебин мындайча чечмелейт:

- Дмитрий Медведев эле эмес, КМШнын көпчүлүк президенттери Кыргызстанда парламенттик система болбосо экен деп тилеп жатышпайбы. Алар үчүн бул бир жаман адаттын жайылышы болуп жатат да. Кээ бир эксперттер айтып жатышат, “Кыргызстан бул парламенттик башкаруу менен өнүгө албайт, Кыргызстан ага жетише элек” деп. Бул эми өзүнчө расизмге барабар иделогия болуп саналат. Демек кээ бир элдер парламенттик системада жашаса болот экен. Ал эми кыргыздар ага өсүп жетише элек имиш. Бул биздин элди кемсинткендик болуп саналат.

Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасын киргизүүнүн негизги демилгечилеринин бири Өмүрбек Текебаев ар ким өзүнүн жолун тандаш керек деген пикирде:

- Дмитрий Медведевдин түшүнүгүндө, күчтүү бийлик – бул президенттик гана бийлик болушу мүмкүн экен. Эми мен жашырбай эле айтайын, Медведев мырза мурун эле убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн бирине жаңы даярдалып жаткан Баш мыйзамыңардын долбоорун оңдосоңор деп айткан болчу. Ушул оюн ал Торонтодо да кайталады. Кыргызстандагы референдумдун жыйынтыгын угуп жактырбагандай мамиле жасаптыр. Албетте бул кээ бир саясий лидерлерге жакпашы мүмкүн. Бирок бул убактылуу. Ар бир эл өзүнүн тагдырын, кандай жашоо эрежесин өзү аныкташы керек.

Парламенттик башкаруу системасы Кыргызстан үчүн туура болооруна күмөнсүнгөн жана ага каршы болгон саясий партиялар да жок эмес. Маселен, “Эл арманы” партиясынын лидери Мирослав Ниязов жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров ушундай пикирлерин ачык билдирип келатат. Ал эми Исмаил Исаков АКШнын бийлик системасынын үлгүсүндөгү президент өкмөттү түздөн-түз башкарган, ошол эле мезгилде парламентке күчтүү ыйгарым-укуктарды берген Конституциянын долбоорун Конституциялык кеңешмеге кезинде сунуштаган.

Бирок Кыргызстан азыркы мезгилдин илебине жараша парламенттик башкаруу системасына барууну чечти. Бул система Кыргызстан кыртышында кандай түшүм берет аны мезгил көрсөтөт.

Арыздангандар арбын, чындыгы канчалык?

Узап бараткан жумада Кыргызстанга Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча башкы комиссары Антонио Гуттереш жана АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Эрик Шварц болуп кетти. Алар калаба орун алган түштүк жергесинде да болушту. Чет өлкөлүк коноктор ынтымакты, тынчтыкты сактоого өзгөчө көңүл бурушууда.

Ошол эле мезгилде түштүктө кагылышууларга чагымчы болгон кишилерди кармоо, элдин колунан курал-жарактарды алуу операциялары тууралуу терс пикирлер чет өлкөлүк маалымат каражаттарында кеңири айтыла баштады.

Ош жана Жалал-Абаддагы кагылышуулар токтотулуп, кырдаал көзөмөлгө алынгандан кийин тартип коргоо органдары элдин колунан куралдарды алуу жана кылмышкерлерди кармоо максатында тазалоо иштерин жүргүзө башташкан.

Алгачкы тазалоолордун бири Кара-Суу районундагы Нариман айылында жүргүзүлгөн. Анткени ал жерде Кара-Суу райондук милициясынын башчысы Адыл Султанов жана айдоочусу мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

2-июлда Ош шаарында дагы бир тазалоо иштери жүргүзүлүп, анын учурунда 14-июнда жоголгон эки МАИ кызматкеринин сөөгү
табылды. Бул тууралуу Оштун коменданты Курсан Асанов билдирди:

- Бүгүнкү күнү эртең менен тазалоо ишин жүргүздүк. Ошондо, Ош шаарында 14-июнь күнү саат 17-июнь күнү МАИ кызматкери же менин кол алдымда иштеген балдар жоголуп кеткен. Ошолордун жоголушуна тиешеси бар деп шектелген адамдарды алты адамды кармадык. Натыйжада эки МАИ кызматкеринин сөөгү табылды.

Тазалоо иштери жүрүп жаткан учурда, андан башка убактырда да өзбек улутундагы адамдар жабыркап калып жатканын Ош шаарынын тургуну Дилмурат билдирет:

- Ошондой, биздин балдар шаар ортосуна барышса кармап, чагым уюштуруп коюп жатышыптыр. Ошентип айтышып жатышат. Мен өзүм кеңири эле жүрдүм. Менин унаамда атайын өткөрмө бар үчүнбү, мага эч ким тийген жок.

Эл аралык маалымат каражаттары да мына ушундай маанидеги маалыматтарды жазууда.

Комендант Асанов мындай айыптоолорду төгүндөп, буларга токтолду:

- Айыптоолор толук негизсиз. Мисалы, келсин, көрүшсүн. Азыр биз бардык жерде алдын-алуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Оперативдик иштерди жүргүзүп жатабыз. Оперативдик маалымат так болсо, анда атайын операция жүргүзөбүз. Профилактикалык иштерди жүргүзгөндө биз улутуна карап бөлбөйбүз. Кварталдык комитеттин төрагалары, элдик кошуундарды катыштырабыз. Мисалы, Ош шаарынын бардык жеринде, өзбек улутунун өкүлдөрү жашаган жерде дагы, кыргыздар жашаган жерде дагы жүргүзөбүз. Андай операциянын максаты элдин колунда болгон куралдарды алуу.

Ал эми “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдырасулова тартип коргоо органдары менен айрым жарандар ортосунда каршылашуу байкалып жатканын белгиледи:

- Нариманда Кара-Суу районунун милиция башчысы өлтүрүлдү. Анын айдоочусу өлтүрүлдү. Мына МАИнин эки кызматкери өлтүрүлгөнү айтылууда. Ал жигиттерди тууган-уруктары абдан издеп жүрүшкөн. Эгерде МАИнин эки кызматкери өлтүрүлгөнү анык болсо, ошону менен түштүктөгү окуяда милиция кызматкерлеринен он адам өлгөн болуп жатат. Албетте мен милиция кызматкерлеринин абалын түшүнөм. Алар өздөрүнүн жанында жүргөн шериктери өлгөнүнө кейип, бирок ызасын катардагы адамдардан чыгарып коюп жатат. Ошонун өзү туура эмес. Милиция кызматкерлери канчалык болгондо дагы укук коргоо органдары. Ошон үчүн алар оор басырыктуулук менен мамиле кылганы жакшы.

Ал ошондой эле кармалган жарандардын денелери көгала болгон фактылар бар экенин кошумчалады.

Милиция кызматкерлерине мыйзам, укук жагынан маалымат берүү үчүн жакын арада атайын курстарды өтүүнү пландаштырып жатканын Азиза Абдрасулова белгиледи.

Кыргызстан акыйкатчысы Турсунбек Акун жарандарды кыйноолорго байланыштуу маалыматтарды текшерүү үчүн атайын өкүлүн Ошко жөнөтүп жатканын билдирди:

- Мониторинг кылуу үчүн балдарды жибердим. Акыйкатчынын өкүлдөрү байкоо салып жатат. Нарындагы өкүлүбүз болгон Бакыт Ырысбеков жетекчилик кылган топ барды. Алар абактарды кыдырып, текшерип жатышат. Жыйынтыгын бир-эки күндө коомчулукка айтабыз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG