Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү геосаясий жарыштар менен коштолууда. Өлкөнүн экономикасы аксоо жолуна түштү. Орус аскердик базалары бириктириле турган болду.

Шайлоонун "шаңдуу" оюндары башталуу алдында

Кыргызстанда 10-октябрга белгиленген шайлоого карата үгүт өнөктүгү кызуу жүрүүдө. Партиялардын лидерлери региондорду кыдырып, өз программаларын, максаттарын элге жеткирүүгө аракеттенүүдө. Шайлоочулардын көңүлүн алуу үчүн айрым партиялар 7% насыядан тартып, мурунку президенттер “уурдап” кеткен алтындарды кайтарып алып келүүгө чейин убадаларды берүүдө.

Үгүт өнөктүгү соңуна карай баратканга жараша кырчылдашкан кармашуулардын каңшаары угулуп, ага даярдыктар көрүлө баштады.
7-апрелдеги ыңкылаптын каармандары болгон “Ата мекен”, КСДП партиялары бийликти колдон алдырбоо үчүн болгон аракеттерин жумшап, күрөштүн күч колдонуу вариантына да кам көрүүдө.

Маселен, шейшемби күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда элдик кошуундар жыйын курду. Алар бир уюмга биригип, шайлоо учурунда коопсуздукту камсыздоону максат кылып коюшканын ачыкташты. Жарандардын чоң толкундоолору учурунда өзүн жоготуп коюучу милиция кызматы да мындай кошуундардын ишин оң баалады. “Каркыра” кошуунунун өкүлү Эмил
Кыштобаев бириккен элдик кошуундардын максаты тууралуу буларды билдирди:

- Шайлоодо да бир күчтөр пайдаланып, шайлоону болтурбай, мамлекетте башаламандыкты уюштурат деген ар кандай кептер көп. Ошондуктан биз бир партиянын кызыкчылыгын эмес, жалпы шайлоону таза өткөрүп, Кыргызстандын кызыкчылыгын ойлоп жатабыз. Кошуундар бир да курал албайт, болгону милицияга жардам берет. Биз бир да кошуундун колунан курал көргөн жокпуз. Адамдын ички жан дүйнөсүнөн, патриоттук сезиминен жогору курал жок.

Бириккен элдик кошуунду Данияр Тербишалиев жетектей турган болду. Ал Социал-демократиялык партиянын тизмесинде онунчу катарда баратат. Бул жыйынга Социал-демократиялык партиянын лидерлеринин бири болгон, азыркы кезде Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов, ички иштер министри Зарылбек Рысалиев да катышты.

Оппозициялык “Ата журт” партиясы үгүт өнөктүгүнө жасалган тоскоолдуктар жана партия лидерлеринин дарегине карата коркутуулар болуп жатканын ачыктады. Ошону менен саясий күрөштүн температурасы бара-бара кызуу көтөрүлө баштагандыгы айкын болууда.

Ички курч таймашка сырткы күчтөрдүн таасири олуттуу тийе турган болууда

Кыргызстандагы жараяндарга олуттуу таасир этүү мүмкүнчүлүгү бар Орусия ойкуштап, бир нече партиялар менен байланыш түздү. Эң соңунда президент Дмитрий Медведев “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Куловду кабыл алып, Москва кимди жакын тутуп жатканын ачыктады. Ага чейин Дмитрий Медведев Кыргызстанда орной турган парламенттик башкаруу системасы кыйроого алып келерин эскерткен эле.

Феликс Кулов азыркы мезгилде Орусиядан келген шамалга жараша президенттик башкаруу Кыргызстанга ылайыктуу деп чыкты. 2007-жылы болсо Кулов Россияга конфедерация болуу демилгесин көтөрүп чыккан жана парламенттик башкаруу системасы Кыргызстанга ылайыктуу болоорун билдирип келген.

Орусия менен жакындашуу саясатын КСДП, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ак шумкар”, “Содружество”, кайсы бир деңгээлде “Ата мекен” партиясы да колдоп келет. Бирок “Ата мекендин” Москва менен жакындашуу багытындагы аракеттери ийгилик алып келгени байкла элек. Бирок акыркы күндөрү Өмүрбек Текебаевдин казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушканы кабарланды. Казак президенти буга чейин кыргыз саясатчыларын кабыл алган эмес. Кыязы Нурсултан Назарбаев да Кыргызстандагы оюнга аралашып, назары кимде экенинен кабар берди окшойт.

Саясат таануучу Элмира Ногойбаева кыргызстандык партиялар Москвага ыктоону күчөтүү менен улуттук кызыкчылыкты унутуп коюуда деп белгилейт. Бул өңүттөн алганда “Ар намыс” партиясы Кремлге эң жакын партия дейт Ногойбаева:

- Эң жакыны “Ар намыс”. Биринчиден, Кулов Россия жана Белорус түзгөн бирикмелерге кошулууну айтып жүргөн. Андан сырткары, Куловдун бардык сөзү, аракети Россияга жакындоого байланышкан. Атамбаевге караганда Куловдун Кремлдеги бейформал деңгээлдеги байланыштары күчтүрөөк окшойт.

Кремль Феликс Куловду кабыл алган учурда президент Роза Отунбаева Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынына катышып, анын алкагында батыш лидерлери менен бир катар олуттуу жолугушууларды өткөрдү. Ал жолугушуулар АКШнын президенти Барак Обама менен жыйынтыкталды.

Мына ушул жолугушуулардын өзү эле Кыргызстан үчүн эки ири мамлекеттин күрөшү күчүндө экенинен кабар берет. Ири мамлекеттердин Кыргызстан үчүн таймашы буга чейин жакшылыктарга караганда, кесепеттерди көбүрөк алып келгени белгиленип келатат. Ошондуктан парламенттик шайлоонун убагында күчөгөн бул күрөш кандай жыйынтык алып келерин айтуу кыйын.

Орусиянын базалары бириктирилет

Бул арада Орусия аскердик делегациясы Бишкекке келип, Кыргызстандагы орус аскердик базаларын бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүп кетти. Эки тарап сүйлөшүүлөр соңунан кийин өткөргөн маалымат жыйынында базаларды бириктирүү боюнча келишимди даярдашканын кабарлашты. Бул тууралуу орус делегациясынын башчысы генерал Валерий Герасимов буларды белгиледи:


- Эки өлкөнүн министрликтеринин жумушчу тобу азыр биргелешип кызматташуу боюнча келишимди даярдап бүттүк. Негизинен айрым талаштуу маселелер жөнгө салынды жана эки министрликтин ортосундагы кызматташуу жана аскерий-техникалык жардам боюнча келишимге кол коюлат деген ишенич бар. Эгер биргелешкен база ачылса Орусиянын бул жакта жайгашкан аскерий базалары ошол биргелешкен базанын ичине кирет.

Кыргызстанда Орусиянын төрт обьектиси бар экени айтылып келат. Алар Канттагы аба күчтөрү, Ысык-Көлдөгү торпедо сыноочу жай, Майлуу-Суудагы сейсмикалык станция жана Чалдыбардагы байланыш түйүнү. Кыргыз тарап бул обьекттерди бир базага бириктирип, алардан алынчу ижара акысын үч-төрт эсеге көбөйтүүнү жана акыны акчалай эмес, курал-жарак түрүндө алууну көздөөдө. Бирок бул сүйлөшүүдө ал маселе чечилген эмес.

Кыргызстан коргоо министринин орун басары Асылбек Ормокоев сүйлөшүүлөр деңгээли ага жете электигин билдирди:

- Азырынча каралган жок. Ал келечекте каралат. Азыр төрт база тууралуу карадык, ошол боюнча токтодук. Толук макулдашуу тууралуу айтсак, биз бул министрлик менен макулдашууну алабыз. Анан кийин март айларында караштырабыз.

Бул маселелер 25-сентябрга белгиленген Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюковдун Бишкекке сапары учурунда талкууланыш керек эле. Бирок Сердюков орус президенти Дмитрий Медведевдин 26-сентябрда Кытайга баштала турган сапарына байланыштуу Кыргызстанга келе албай турганын билдирген.

Канттагы аскердик аба базасы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун күчтөрү катары эсептелип келет. Дал ошол себептен Кыргызстан ЖККУнун мүчөсү катары жалпы коопсуздукка салым деп, Канттагы аскердик базага коммуналдык кызматты, анын ичинде электр энергиясын бекер берип келатат.

Азыркы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Канттагы база жалпы ЖККУнун эмес, Орусиянын базасы деп таанылса, ага жараша Кыргызстан берип жаткан бекер кызматтар да токтотулабы деген суроо да калкып чыгат.

Маалым болгондой Кошмо Штаттар Манастагы база үчүн ижара акысына эле 60 млн. доллар төлөп келет.

АКШ менен Орусия теңтайлаша умтулуп келаткан дагы бир маселе-бул түштүк региондо аскердик база ачуу. Кошмо Штаттар машыгуу борбору деп аталган андай обьекти үчүн Курманбек Бакиевдин учурунда 5.5 млн. доллар бөлүүгө даярдыгын билдирип, Баткен аймагында айрым иштер баштала турган болуп калган. Бирок апрель окуялары бардык карталарды бузуп кетти.

Ошол эле учурда Орусия дагы Кыргызстан түштүгүндө аскерий база ачууну көздөп келатат. Бул аракет Ташкендин каршылыгына туш болгону белгилүү. Бирок түштүктөгү кандуу окуялардан кийин кыргыз элитасында Орусиянын базасы керек деген ой көбүрөк үстөмдүк кылып бараткандай.

Кыязы бул маселелер эми Кыргызстандагы парламенттик шайлоодон кийин кызуу талкууга түшүп, анан чечилчүдөй.

Эси кеткен экономика

Геосаясий умтулуулардын мына ушундай тегирменинде калган Кыргызстандын экономикалык абалы да өтө оор болуп турат. Апрель, июнь окуялары экономиканы ого бетер каржалтып, бюджеттин таңсыктыгы кескин көбөйүп кетти. Каржы министринин орун басары Самат Кылжыев быйылкы жылдын бюджетинин киреше, чыгашасы тууралуу мындай маалыматын берди:

- Бюджет маселеси мындай болуп жатат: киреше жагы 54 млрд. сом, чыгаша жагы 76 млрд. сом, натыйжада бюджеттин таңсыктыгы 21.6 млрд. сом болууда. Чыгашаны жабуу үчүн Каржы министрлиги жана башка органдар тышкы булактарды табуу боюнча иш жүргүзүп жатат.

Улуттук банктын маалыматтарына таянып туруп, жалпы көрсөткүчтөргө карай турган болсок, өткөн сегиз айда инфляция 9% ашкан,
баалар 7% ашуунга көтөрүлгөн. Бирок талдоочулар, азык-түлүктүн айрым түрлөрү дээрлик 40-50% көтөрүлгөнүн белгилеп келишет.

Өлкөнүн тышкы соодасы өнөкөт болуп калган тескери сальдодон оңоло албай келатат. Сегиз айдын ичинде, сырткы сооданын жалпы көлөмү 2 млрд. 468 млн. доллар болсо, анын ичинен экспорт 940 млн. доллар, импорт 1млрд 520 млн. доллар, натыйжада тескери сальдо 587 млн. доллардан ашкан.

Экономикадагы оор маселелерди чечүүгө азыркы техникалык өкмөттө убакыт да, мүмкүнчүлүк да жок.

Ошондуктан бул маселелердин баары 10-октябрдан кийин келе турган өкмөттүн мойнуна жүктөлгөн оор жүк болмокчу.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG