Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Ооганстанда шектүү согушкер ондогон жайкын тургунду өлтүрдү


Ооганстанда согушкер деп шектелген адам ондогон жайкын тургунду уурдап барып өлтүрдү. Окуя Фироз-Кох шаарында өткөн. Жергиликтүү бийлик өкүлү бул “Ислам мамлекети” террордук тобунун мурдараак өлтүрүлгөн командири үчүн өч алуу болушу мумкүн экендигин билдирди. Азырынча окуяга эч ким жоопкерчилик ала элек.

France-Presse агенттиги Гор провинциясынын губернатору Назир Хазага таянып билдиргендей, тургундар дүйшөмбүдө кечинде уурдалып өлтүрүлгөн. Алардын көбү чабандар болгон. Арасында балдар да бар. Жасаттар шаршембиде табылган.

XS
SM
MD
LG