Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Араб мамлекеттери Эл аралык кылмыш сотунун чечимин четке кагабы?


Судан президенти аль-Башир Дохадагы Араб мамлекеттери лигасынын саммитине катышып отурат
Судан президенти аль-Башир Дохадагы Араб мамлекеттери лигасынын саммитине катышып отурат

30-мартта Катарда араб мамлекеттери лигасынын кезектеги жогорку деңгээлдеги жолугушуусу башталды. Анын ачылышына Эл аралык кылмыш соту тарабынан Дарфурдагы аскерий кылмыштары үчүн издөө жарыялаган Судандын президенти Омар Хасан аль-Башир да катышты.

Саммиттин катышуучулары Судан президентине тилектештик билдирип, анын согуштук аракеттерин колдоп жатышканы айтылууда.

Омар аль-Баширге Эл аралык кылмыш соту Дарфурдагы аскерий кылмыштарды тымызын уюштурган деген айып тагып, аны кармоого чечим чыгарган. Бирок ал «кармалам» деп кам жебей эле араб өлкөлөрүн кыдырып, учурда Катарда башталган араб мамлекеттери лигасынын кезектеги жыйынына келди.

Башир алгач Египетте, Эритреяда, Ливияда болуп, 29-март күнү саммитке катышуу үчүн Дохага келди. Дарфурдагы дипломаттардын айтымында, Сауд Арабиясы кезектеги чоң жыйынды атайын Судан президентине колдоо көрсөтүү үчүн чогултту жана 22 араб мамлекети мындай чакырыккты колдоп кетиши ажеп эмес.
Эл аралык кылмыш сотунун чечимин ачык жана кескин четке каккан талаптар коюлат деп ойлойм. (аль-Башир)



Аймагында АКШнын аскердик базасы турган Катар мамлекети кысым чоң болуп жатканын кыйытып, Баширди кабыл алууга аргасыз болгонун билдирди.

Серепчилер божомол кылышкандай эле Судан президенти Дохадагы жыйында жалындуу сөздөрүн сүйлөп, араб мамлекеттерин Эл аралык кылмыш сотунун аны кармоо тууралуу чечимине каршы турууга, анын Судандагы бир катар эл аралык уюмдардын иштөөсүнө тыюу салуу тууралуу чечимин колдоп берүүгө чакырды.

«Сиздердин колдооңуздар кудайдын жардамы менен уланып, Эл аралык кылмыш сотунун чечимин ачык жана кескин четке каккан талаптар коюлат деп ойлойм»,- деди Омар аль-Башир.

Катардагы араб мамлекеттери лигасынын XXI саммитине Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун да катышууда. Ал буга чейин Судан президентин бир канча жолу катуу сынга алып, өлкөдө абал оор экенин айтып келген. Эми өзү айыптап келген Омар аль-Башир менен бир үстөлдө жолугушкан Пан Ги Мун Судандагы абал абдан оор экенин эскертип, өлкөдөгү бир катар эл аралык уюмдардын жабылышы керектиги тууралуу чечимди сынга алды.

«Суданда коопсуздук жаатындагы абал абдан опурталдуу бойдон калууда. Мен - бийликтердин башкы эл аралык уюмдарды өлкөдөн чыгаруу жана үч бейөкмөт уюмдун ишин токтотуу тууралуу чечимине тап-такыр каршылыгымды билдирип келатам»,- деди БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун.

Маалымат каражаттары жазышкандай, араб мамлекеттери чочулагандыктан деле Судан президентин колдоп чыгышы толук ыктымал.
Суданда коопсуздук жаатындагы абал абдан опурталдуу бойдон калууда. (Пан Ги Мун)
Анткени, Иракта Саддам Хуссейндин режими кулагандан кийин Эл аралык кылмыш соту ага карата катаал өкүм чыгарып, эмки кезек дагы бир араб мамлекетинин жетекчисине келип турган чагы. Андыктан, көбү репрессиялык иш-аракеттери үчүн сынга кабылып келаткан араб лидерлери аль-Баширди колдоп чыгышары айтылат.

Ошентсе да Жакынкы Чыгыштагы укук коргоочулардын биримдиги араб өлкөлөрүн Омар аль-Баширди колдобоого чакырып, анын Дарфурдагы кылмыштарын ашкерелеген документтерди алып чыгышууда.

Эскерте кетсек 2003-жылы Дарфурдагы кандуу капсалаңда 400 миң чамалуу адам набыт болуп, 2,7 миллиондой судандыктар бозгунга айланышкан.

XS
SM
MD
LG