Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

АРМЕНИЯ: "КАРАБАХ КЛАНЫ" КАЙДА АЛЫП БАРАТ?


Армения борбору - Ереванда өзгөчө абал сакталууда. Мындай тартип ишемби күнү орун алган тополоңдон кийин киргизилген эле. Анда оппозиция өткөрүп жаткан демонстрациянын катышуучулары менен полициянын кагылышуусунан, расмий маалыматка караганда, сегиз адам өлүп, 131 киши жарадар болду. Бийликтер бул окуяга байланыштуу оппозициянын 30 активисти камалганын ырасташты. Кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президент Роберт Кочерян эл аралык коомчулуктун оппозиция менен сүйлөшүү жөнүндөгү чакырыктарын четке кагып, өзгөчө абал ал киргизилген мөөнөткө толук сакталарын билдирди. Өлкөдөгү азыркы кризисти алып келген жакындагы талаштуу президенттик шайлоо "Карабах кланы" деген маселе көңүл борборуна чыгышын да шарттады.

Армениянын постсоветтик биринчи президенти Левон Тер-Петросян кезинде Тоолуу–Карабахтын бир катар расмий адамдарын өкмөттүк кызматтарга өзүп алып келген. Маселен, учурунда Тоолуу–Карабахтын коргоо комитетинин төрагасы болуп иштеген, азыр кызмат мөөнөтү аяктап бара жаткан президент Роберт Кочерянды 1998-жылы премьер-министрликке көргөзгөн болчу. Ал эми 19-февралдагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланган премьер-министр Серж Саркисянды 1993-жылы Толуу-Карабахтагы аскерий кызматынан Ереванга коргоо министри кылып которгон эле.

Жакындагы ошол президенттик шайлоодо уттуруп, бирок мунусун тааныбай жаткан Левон Тер–Петросян жана анын жактоочулары эми кызмат мөөнөтү аяктоо алдында турган жана шайланган президенттер Кочерян менен Саркисяндын тобун "Карабах кланы" деп атап, аларды өлкөнүн байлыгын тоногону, экономиканы алсыратканы жана демократияны муунтуп жатканы үчүн айыптоодо. Эмнеси болсо да жакындагы президенттик шайлоо коомдо түпкүлүктүү армяндар менен Тоолуу-Карабахтан келгендер ортосунда терең ажырым бар экенин ачыктады.

Ереванда чыгуучу "Аравот" гезитинин башкы редактору Арам Абрамиян теги боюнча Тоолуу-Карабахтан. Анын айтымында, Кочерян менен Саркисяндын адамдары өкмөттүк кызматтар менен бизнес элитада үстөмдүк кылат:

-Айтсак, олигархтардан жыйырма, отуздай үй-бүлө бар. Алар - бийлик түзүп берген шарттан пайдаланып, байып кеткен адамдар. Салык, бажы төлөмдөрүн төлөбөөгө же монополияга мүмкүнчүлүгү бар. Бири бензинди, экинчиси кант базарын көзөмөлдөйт. Бул адамдар ушул эсептен улам байыган. Албетте алар бийликтин калканчы алдында турат. Бирок алардын баары эле карабахтык эмес. Алар каяктан экенинин анчалык мааниси жок. Башкысы - алар бийликке кызмат кылганы.

Тоолуу–Карабахтын айынан эки коңшу: Армения менен Азербайджан 1988-94-жылдары согушканы белгилүү. Андан бери Тоолуу-Карабах армяндардын көзмөлүндө турганы менен анын укуктук статусу чечиле элек. Мындан улам Армениянын Азербайжан жана Түркия менен чек арасы жабык. Айрым аналитиктердин пикиринде, Тоолуу-Карабах чатагынын биротоло чечилбей, чек аралардын жабык турушу армениялык монополист олигархтар үчүн пайдалуу. Еревандык журналист Арам Абрамиян жагдайды төмөнкүчө түшүндүрөт:

-Бул, албетте, ушул маселелер чечилбей жатканынын бир себеби. Анткени Европа жана Азия менен чек ара ачык болгон шартта, товардын агымы кеңейет жана аны көзөмөлдөө кыйыныраак болуп калат. Азыр болсо жалгыз Грузия аркылуу жана андан да азыраак агым менен Иран аркылуу келүүдө. Андыктан бул агымды көзөмөлдөө жеңил.

Ал эми еревандык аналитик Степан Григоряндын пикиринде, жакындагы шайлоодо расмий маалымат боюнча 21,5% алды делген Левон Тер-Петросянды чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү колдошунун негизги бир жүйөөсү ушунда болчу:

-Ушундай экономика, жогорку кызматтагылар товар ташуу менен алектенген экономика, алар өлкөнүн өзүндө өнөр-жай иштешине кызыкдар болбошуна алып келет. Өнөр-жай азыр оор абалда. Ушул себептен улам орто жана чакан бизнес шайлоодо толугу Левон Тер-Петросянды колдогон.

Шайлоо демекчи, Азербайжан Тоолуу-Карабахтын чек арасында болгон соңку атышуу үчүн Арменияны айыптап, муну эл аралык коомчулукту жана өлкө жарандарын ички саясий тирештен алагды кылуу аракети катары мүнөздөдү. Армян тарап болсо атышуу тутанып кеткидей жагдай жаратканы үчүн жоопкерчиликти Азербайжанга жүктөдү.

Азырынча ырасталган маалыматтарга караганда, чек арада эки өлкө жоокерлеринин шаршембиде эртең менен токтогон атышуусунан эки азери аскери каза тапкан, армян тараптан жаракат алгандар бар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG