Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Э.Данелян: Батыш Арменияга караганда Кыргызстанга кызыгат


Армян журналисти Эмил Данелян

Армян журналисти Эмил Данелян

Ирандагы президенттик шайлоо, демонстрация-кагылышуулардан улам АКШ баш болгон Батыш мамлекеттери ырасмий Тегеранды сынга алып, ага каршы санкциялар кабыл алуу сунушу да айтылды. Ал эми Иранга коңшулаш Арменияда да быйыл президенттик шайлоо өтүп, коомдогу тирешүү, көчө акциялары күчөп отуруп, 8 кишинин өмүрү кыйылган. Анда эмне үчүн АКШ жана Батыш мамлекеттери азыркыдай чуу чыгарып, ырасмий Ереванды жарга такаган жок? – деп суроо коет шаршембиде жарыяланган макаласында белгилүү армян журналисти. “Эки шайлоо жана Батыштын кош стандарт саясаты” деп аталган макаланын автору Эмил Данелянга бир нече суроо узаттык.

- Эмил, сиз макалаңызда Иран менен Армениядагы окуяларды салыштырып, калкынын саны жагынан алганда Арменияда Ирандан кем эмес кайгылуу окуялар болгонун, бийликтегилер шайлоодон кийинки көчө акцияларын токтотуш үчүн ырайымсыз иштерге барганын жазыптырсыз. Анан эмне үчүн сиз айткандай, Батыш Армениядагы окуяларга анчейин назар салган жок?

- Менимче, анын себеби оңой эле. Иран Ислам республикасынын бийликтеринен айырмаланып, Армения өкмөтү Батыш үчүн бул региондо чоң деле бир баш оору жарата элек. Армениянын өзөктүк курал программасы жок, калкы аз, кичинекей өлкө, мунай, же газ өңдүү жаратылыш ресурстары жок. Же Батыштын бир долбоорлоруна бут тоскон жери жок. Тескерисинче, Армения абдан Орусиячыл өлкө катары белгилүү, Москва менен тыгыз аскердик кызматташтык түзүлгөн. Ошол эле маалда армян өкмөтү АКШ, Европа Биримдиги менен да бир кылка мамилелер орнотууга жетишти. Тоолуу Карабак боюнча, же башка коопсуздук маселелери боюнча Армения таптакыр эле Москвачыл болуп кетпей, Батышты да өзүнө каршы койгон жок.

- Сиз айткан чырлуу шайлоодо утуп, Армениянын жаңы президенти Серж Саркисян бийликке келди. Анын жүргүзгөн саясаты балким, Батышка жагаттыр?

- Армян бийликтеринин саясаты комплиментардык саясат деп аталат. Бардык тараптарды жайгарып, эбин таап иш жүргүзүү. Серж Саркисян мурдагы жетекчилерге караганда ийкемдүүрөк чыкты, азыр Тоолуу Карабак маселесинде, Түркия менен байланыш түзүү жаатында бир топ аракет көрүп, Азербайжан же Түркияга караганда көбүрөөк чегинүүлөргө даяр экенин көргөзүүдө. Саркисяндын мындай саясаты, албетте, Батышка, Вашингтонго жагат.

- А балким, Армения өкмөтү тышкы маселелерде гана эмес, ички иштерде да ийкемдүү саясат жүргүзүп жаткандыр. Жакында маселен, Фридом Хаус жарыялаган отчетто Азербайжан авторитардык мамлекет аталат, Армения ал тизмеге кирген эмес.

- Армениянын бийликтери бул коңшулаш Азербайжан, же Өзбекстан, Беларуска караганда бир топ айла-амалдуу. Бизде мисалы, кээ бир көз карандысыз маалымат каражаттары бар, кээде оппозициячыл саясатчыны теледен көрүп калышыбыз мүмкүн, кандайдыр жарандык эркиндиктер урматталат. А бирок шайлоого келгенде, бийликти сактап калууга келгенде, андай учур шайлоо алдында, же андан кийин болот эмеспи, анда армян бийликтери болгон күч-кубатын бийликти сактап калууга жумшап, башка авторитардык режимдер колдонгон ыкмалардын баарын колдонот. Керек болсо соңку президенттик шайлоо көрсөткөндөй, кан төгүп, өз элине каршы курал колдонуудан да качпайт.

- Кыргызстан көп жагынан Арменияга окшошуп кетет, Орусияга ыктаган тышкы саясаты, Борбор Азиядагы калкы аз чакан өлкө. Бизде да жакында президенттик шайлоо өтөт. Анда да мыйзамсыз иштер болсо, Батыш Армениядагыдай көрмөксөнгө салабы? Кандай деп ойлойсуз?

- Ооба. Эки өлкө окшошуп кетет, бирок Кыргызстандагы Америкалык базанын мааниси жогору. Ооганстандагы согуш, терроризм, чөлкөмдөгү коопсуздук маселелери баарынан өйдө турат. Ошондуктан Кыргызстанга Арменияга караганда көбүрөөк көңүл бурулат деп ойлойм.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG