Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:06

Түркия менен Армения дипломатиялык алака түзүүгө жол ачкан келишимге кол коюшканы жатат. Документ кылымга созулган кастыкка чекит коет деген үмүт бар.

Армения Осмон империясы учурунда 1 миллиондон ашуун армяндын өлтүрүлүшүн геноцид деп атап жүрөт. Анкара болсо айыптоону четке кагууда. Бүгүн кол коюла турган протоколдордун бирине ылайык, Биринчи дүйнөлүк согуш маалында орун алган окуяларды иликтеген коммиссия түзүлмөкчү.

Кол коюу аземи Швейцариянын Цюрих шаарындагы университетте өтмөкчү. Документке ылайык, ага кол коюлгандан кийин 2 айдын ичинде Армения менен Түркияны бөлгөн чегара ачылууга тийиш. Швейцариянын арачылыгы менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр 6 аптага созулду.

“Азаттыктын” Армян редакциясынын директору Храй Тамразян Цюрихтен буларды билдирди:

- Бул тарыхый документке университеттин тарых факултетинде Армения жана Түркиянын тышкы иштер министрлери кол коюшмакчы. Бул окуяга маалымат каражаттары абдан кызыгышууда. Түрк телеканалдарынын башка маалымат каражаттарынын бир топ кабарчылары жүрүшөт.

Кол коюу салтанатына АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров, Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер өңдүү чет өлкөлүк жогорку даражалуу расмий адамдар катышмакчы.

Түрк тышкы мекемесинин жетекчиси Ахмет Давутуулу жана Армениянын башкы дипломаты Эдвард Налбандян келишимге кол койгондон кийин аны эки өлкөнүн парламенттери жактырууга тийиш.

Бирок Түркиянын жакын шериги Азербайжан менен Армения ортосундагы жылдарга созулган Тоолуу карабак талашы жарашуу аракеттерине көлөкө түшүрүп келатат.

1993-жылы Түркия Азербайжанга колдоо көргөзүү иретинде Армения менен дипломатиялык мамилелерин үзүп, чек арасын жаап салган. Ал кезде Азербайжан Тоолуу Карабак анклавын көзөмөлдөө үчүн армян жикчилери менен согушуп жаткан. Армян күчтөрү азерилердин аскерлерин сүрүп чыгып, ал урушта 30 миңдей киши каза тапкан.

Азербайжан менен Армениянын анклав боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрү жыйынтыксыз аяктады.

Айрым байкоочулар бүгүнкү келишимде Тоолуу Карабак боюнча позиция так белгиленген эмес деп сындашууда.

Түркиянын негизги оппозициялык Элдик Республикалык партиянын төрага орун басары Онур Оймен Ройтерске буларды айтты:

- Женевада макулдашылган протоколдо Тоолуу Карабак жөнүндө айтылбаганына таң калабыз. Армяндардын оккупацияланган аймактардан чегинүү керектиги жөнүндө бир да сөз жок. Андыктан, Түркия мамилелерин жакшыртып, чек араны ачса, Армения басып алган жерлерден кетет деген эч кандай кепилдик жок.

Армения - Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин алдында Түркия менен дипломатиялык алака түзүүгө каршы чыккандар митинг өткөрүштү. 1-октябрь, 2009-жыл
Эки өлкө тарыхый окуялардан улам талашып келатышат. Армения Осмон империясы Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда 1 миллиондой армяндын өлтүрүлүшүн геноцид деп атап жүрөт. Бул пикирге Батыштын айрым тарыхчылары кошулушат. Ереванда жума күнү 10 миңдей киши келишимдин кол коюлушуна каршылыгын билдирип демонстрация өткөрүштү.

Түркия болсо анын дарегине айтылган айыптоолорду чекте кагып, армяндар башка улуттардын өкүлдөрүндөй эле Осмон империясынын соңку күндөрүндө өкүм сүргөн баш аламандык маалында өлгөн деп ырастоодо.

Бүгүн кол коюла турган протоколдордун бири тараптарды ошол окуяларды иликтөө үчүн тарыхчылардан куралган коммиссия түзүүгө үндөйт.

Түркия менен Армениянын мамилелери жөнгө салынса, Кавказ регионундагы жалпы кырдаал жакшырып, Европага энергия ташуучу транзит аймак катары анын ролу жогоруламакчы.

Бул кадам ошондой эле Анкаранын Европа биримдигине кошулуу мүмкүнчүлүгүн арттырып, Армениянын экономикасын өнүктүрүү үчүн жакшы шарт түзүлмөкчү.

"Азаттыктын" архивинен: Армения: Элеттиктер чек аранын ачылышына зар

Армениянын Маргара кыштагынын тургундары чектеш Түркиядагы коңшулары менен соода жүргүзө албайт, жада калса чек аранын бери жагындагы өз үлүшүндөгү жер тилкесине да оңдоп каттай алышпайт. Алар Анкара менен Еревандын мамилеси жакшырат деп үмүттөнүшөт. ZMa.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG