Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

Дүйшөмбү күнү Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев менен Орусиянын Коргоо министри Анатолий Сердюков жолугушуп, аскерий алакалар тууралуу сүйлөшүштү. Кыргыз тарап Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объектилери үчүн ижара акысын көтөрүү маселесин койду.

Кыргызстанда эки атаандаш ири империянын аскерий базалары жайгашканы менен алардын ижара акысындагы айырмачылык абдан эле чоң. Маселен, Орусия буга чейин Кыргызстандын жерин пайдаланганы үчүн жылына 4,5 миллион доллар төлөп келген. Кыргызстан ижара эсебинен аскер кызматкерлерин Орусияда окутуп, айрым техникалык жардамдарды алып турган. Бүгүнкү күнү Орусия Кыргызстанга ижара акысы үчүн 6 миллион доллардай карыз.

Ал эми дагы бир ири оюнчу - АКШнын транзиттик жүк ташуучу борбору “Манас” эл аралык аэропортунда жайгашкан. Алар Кыргызстандын жерин колдонгону үчүн жылына 60 миллион доллардан төлөшөт.

Эки базанын ижара акысы ортосундагы чоң айырмачылык мурда деле айтылганы менен ырасмий Москвага анын акысын жогорулатуу маселеси коюла элек болчу. Бул жолу Москвага барган коргоо министри А.Кудайбердиев эки өлкөнүн аскерий кызматташуусу жаатындагы жаңы сунуштарды билдирди. Сүйлөшүүдө кыргыз тарап Орусияга ижира акысын бери дегенде 3-4 эсеге көтөрүү маселесин койду. Эгер бул жаатагы сүйлөшүүлөр оңунан чыгып калса, анда Орусия Кыргызстандагы аскерий объектилери үчүн жылына 20 миллион долларга чейин төлөп калуусу мүмкүн.

Баса белгилей кетчү нерсе, Кыргызстан ижара акысы үчүн мындан ары Орусиядан аскерий техникаларды алууга ниеттенүүдө. Министр А.Кудайбердиевдин айтымында, андай техникаларга танктар, ок өтпөс аскерий унаалар, ракетадан коргонуучу системалары кирмекчи.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аскерий келишим 1993-жылдан бери өзгөргөн эмес. Коргоо министри А.Кудайбердиевдин айтымында, андан бери көптөгөн нерселер өзгөрдү жана ижара акысын да кайра кароого мезгил келип жетти:

- Ижара боюнча айта кетсем. Ушул мезгилге чейин эски келишим боюнча 4,5 миллион доллар төлөнүп келген. Азыркы жаңы келишимге азырынча кол коюла элек. Сүйлөшүп атабыз. Биз тараптан ошол ижараны көтөрүү үчүн албетте сунуштар болду. Биз аны көбөйтөбүз. Билесиңер да, 1993-жылы 17 жыл мурда 4,5 миллион болуп турганда шарттар кандай эле? Азыр кандай? Азыр инфляция ж.б. болду. Ушуга байланыштуу биз өз талаптарыбызды коёбуз. 3-4 эсе көбөйткөнгө аракет кылабыз.

Орусиянын Кыргызстанда төрт аскерий объектиси бар. Алар өлкөнүн 966 гектар жерин ээлеп турат. Эми болсо Орусия тарап Ош облусунда биргелешкен аскерий машыгуу борборун курууну сунуш кылышууда. А.Кудайбердиевдин айтымында, бул сунушка дароо макул болууга болбойт, анткени бул маселе ар тараптан иликтенүүгө тийиш. Айрым серепчилер, коңшу Өзбекстан өз чек арасына жакын Орусиянын аскерий объектиси болгонун дегеле каалабай турганын айтып келишет. Андыктан бул маселеде алардын да пикирин эсепке албай коюга болбочудай.

АКШ да буга чейин өлкө түштүгүндө аскерий окутуу борборун куруп берүү ниетин билдирген. Бирок бул боюнча сүйлөшүүлөрдү АКШ азырынча токтуп койду. Баса белгилей кетүүчү нерсе, бул окутуу борборун АКШ, Кыргызстандын куралдуу күчтөрү үчүн гана куруп берерин айткан. Эми АКШнын сунушу боюнча сүйлөшүүлөр парламенттик шайлоодон кийин жаңыртылышы мүмкүн.

Чет элдик базалар жана аскерди чыңдоо...

“Күч структураларынын биримдиги” коомдук бирикмесинин жетекчиси Арстанбек Дуңгановдун пикиринде, ансыз деле Кыргызстанда чет элдик күчтөр жетиштүү. Андыктан түрдүү биргелешкен аскерий жайларды ачууда этият болуп, кошуналардын пикирлерин, улуттук кызыкчылыкты эске алган оң.

Белгилүү аскер иштери боюнча адис Токтогул Какчекеевдин айтымында, эгемендик алгандан бери бийликтегилер кыргыз армиясын талкалап, сатып бүтүштү. Андыктан авиациясы, оор куралдары, тик учактары жок армиядан көп нерсе үмүт кылыш кыйын. Ал эми экстремизм, терроризм коркунучтары армияны күчтөндүрүү керектигин эбак эле көргөзгөн:

- Аскерди ушул кезге чейин алсыратып, талкалап келишти. Маселен А.Акаевдин доорунда биздин совет доорунан калган соотолгон танктар, авиациялык техника, ракеталык техника, тик учактардын баары сатылып кеткен да. Мына бизде “Фрунзе-1” деген учкучтар окуу жайы бар болчу. Ал жерден эки тик учактар полку жоголуп кеткен. Ошондуктан бүгүнкү күнү биз алсырап калдык. 1999-жылы бизде учуп жүргөн болгону МИ-8 деген эки тик учак калган экен. Ошондо салыштырып көрсөк элүүгө жакын моджахеддер келген экен. Ал эми биз тараптан өлүм-житим 150 ашып кеткен.


Ошондой эле Т.Какчекеевдин баамында, бүгүнкү күнү армия өлкөнүн түркүгү экендиги далилденип атат. Андыктан жеңил куралдарынан башка эч нерсеси жок армияга олуттуу курал-жарак сатып алчу мезгил келди. Андыктан Орусия, АКШ сыяктуу тишине чейин куралданган өлкөлөрдөн аскерий техникаларды сатып алууну баштоо керек. Эгер АКШ ижара акысы үчүн үч-төрт жыл курал-жарак берсе, Орусия жаңы келишимдин негизинде аскерий техникаларды бере баштаса, 3-4 жыл аралыгында Кыргызстандын аскерий техникалар паркы толо түшмөк. Албетте бул жерде мурдагы президент А.Акаевдин тушундагыдай аскерий техникалардын сатылып кетишине жол бербөө, бул тармактагы коррупциянын жолун тороо маанилүү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG