Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

«Ата Мекен» партиясынын аппарат башчысы Алмамбет Шыкмаматов ачкачылык акциялары жана өлкөдөгү кырдаал боюнча суроолорго жооп берди.

- Сиздин ачкачылык акциясына кошулганыңызга канча күн болду?

- Мен ачкачылык акциясына башталгандан 3-4 күндөн кийин кошулгам. Үч күн кармап, анан ден-соолукка байланыштуу дарыгерлердин кеңеши менен ачкачылыкты токтотком. Бирок “Ата Мекен” партиясынын башка өкүлдөрү келип, ачкачылык акциясына азыр үзбөй катышып келатышат. Бүгүнкү күндө биздин маалымат боюнча, 5 киши Бишкекте, анан Сопу-Коргондо, Алайда он чакты киши бар. Алардын катарына генерал Исмаил Исаковдун 82 жаштагы апасы да кошулганы белгилүү

- Алмамбет мырза, ачкачылык жарыялап отургандарга бийлик өкүлдөрү келип, баарлашып, алардын талаптарына көңүл бурдубу?

- Жок, ачкачылык кармоо акциясы - бул жарандардын өзүнүн укугун коргоо, бийликтин көңүлүн өзүлөрү көтөрүп жаткан саясий кырдаалга буруу, демократиялык акциялардын бири катары болуп эсептелет. Пикет, митингдер, же кандайдыр бир ооз эки жазуу түрүндөгү кайрылууларга бийлик кулак төшөбөй, кайдыгер мамиле жасай баштаганда жарандар өз укугун коргоп, өз ден-соолугун, керек болсо өмүрүн тобокелге салып, ачкачылык кармап четки кадамга барып жатат.

Ал эми мамлекеттин, элдин тагдырын өз мойнуна жүктөп алган бийлик институту буга көңүл бурбай, ачкачылык кармамак тургай, баягы “ мага демектен доңуз копсун” дегендей мамиле кылып атышат. Бул албетте өтө өкүнүчтүү, анткени өзүн сыйлаган, демократиялык мамлекетпиз деген, коом, эл алдында жоопкерчилигин сезген цивилизациялуу мамлекеттерде мындай акцияларга биринчи кезекте көңүл буруп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Эгер мамлекеттин жүргүзүп аткан саясаты туура болсо, ошондо да элге ачык айтып чыгат, ачкачылык кармагандардыкы туура эмес болуп, мамлекеттики туура деп. Ал эми биздин бийлик бүгүнкү күндө элге чыккандан тайманып атат. Себеби мыйзамсыз түрдө соттоп койгон генерал Исаковдун күнөөсү бар дегенге жумурай-журт ишенбей калганын бийлик билет. Муну сот чечти, соттун чечимине баарыбыз баш ийишибиз керек дегенден башка аргументи калбай калды.

- Ал эми ачкачылык жарыялап отургандардын бүгүнкү күндө ден-соолуктары кандай? Мына 19 күн болуп кетти?

- Менин маалыматым боюнча, Бишкектеги ачкачылык кармагандардын саны жалпысынан 60тан ашты. Бирок бүгүн 5 киши отурат деп атпайбызбы, алар дарыгерлердин айтуусу боюнча ачкачылык акциясынан кетүүгө мажбур болуп атат. Себеби кээ биринин кан басымы түшүп кетип атат, башы айланып, 2-3 суткадан кийин организм алсырайт экен да. Ошондуктан бири-бирин алмаштырып, ачкачылык акциясы уланып атат. Бирок ар кандай пикир айтылып атат, ошол эле бийлик тараптан, мисалы кытмырынан күлүп, ушундай ачкачылык кармаганынар менен майнап чыкпайт деген сөздөр болуп атат. Бирок бул жерде бир эле сопукоргондуктар, же генералдын туугандары келип эле коркутуп отуруп алган жок да. Ал жерге Кыргызстандын булуң-бурчунан, мамлекетте болуп аткан саясатка жаны ачышкандар келип отуруп атат, үйүндөгү жумуштарын таштап, кандайдыр бир жарандык позициясын билдирели, биз дагы ачкачылык кармап отуралы, бийлик көңүл бурбаса элдин, эл аралык коомчулуктун көңүлүн буралы деп.

- Эл аралык коомчулуктан кандай реакция болуп атат?

- Эл аралык коомчулуктан реакция түзүк эле. Себеби ЕККУ баштаган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келип жатышат. Анан бул акция “Азаттык”, “Би-Би-Си” радиолорунан, ошондой эле 5-6 оппозициялык маанайдагы гезиттер аркылуу чагылдырылып жатат. Ал эми калган маалымат булактарында бизде мындай окуя болбогондой мамиле кылып атышат. Керек болсо ушул маалыматты жаап, бүтөп атат. Бирок эл аралык маалымат булактарынан, Интернет сайттарда, керек болсо бизде эле эмес дүйнө алкагында бул маалымат жар салынып атат. Бул мамлекетке аброй алып келбейт.

- Алмамбет мырза, саясатка аралашып жүргөн инсан катары айтсаңыз, ушул ачкачылыктын аягы кандай болуп кетиши мүмкүн?

- Азыр эми арча түтөгөндөй болуп элдин нааразычылыгы күчөп атканы айдан ачык эле көрүнүп турат. Себеби кайда барба, ким менен баарлашпа күндөн күнгө радикалдуу кадамдарга барууга элдин маанайы күчөп, жакындап келатат. Себеби ачкачылык кармоо - нааразыылктын эң акыркы түрү да. Ошол сыяктуу эле жалпы журт дагы кымбатчылыкка, баалардын өсүшүнө нааразы. Мына бүгүндөн баштап уюлдук телефондон ар бир чалууга да 60 тыйын кошулганы турат...

- Рахмат маегиңизге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG