Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Ашура күнкү кандуу чабуул Карачини коогага салды


Пакистандык шиит мусулмандар Ашура күнү Карачидеги диний майрамдын катышуучуларына жасалган кол салууга байланыштуу нааразылык акциясын өткөрүшүүдө. 28-декабрь 2009

Пакистандык шиит мусулмандар Ашура күнү Карачидеги диний майрамдын катышуучуларына жасалган кол салууга байланыштуу нааразылык акциясын өткөрүшүүдө. 28-декабрь 2009

28-декабрда Пакистандын деңиз порту- Карачинин көчөлөрүндө кыймыл токтоп, 11 миллион калктуу шаар аза күтүп жатты.

27-декбарда Ашура майрамын белгилеп жаткан шииттерге жасалган бомба чабуулу 43 кишинин өмүрүн алып, дагы 100дөн ашуун адам жарадар болгон. Жанкечтинин чабуулу талоончулук менен коштолуп, бийликтердин айтышынча, 1 миңден ашуун дүкөн жана ондогон автомобилдер өрттөлдү.

Өрт өчүрүүчүлөр Ашура майрамы учурундагы кандуу калабага кыжырданган топтор койгон өрттү өчүрүшүүдө. 28-декабрь 2009
Ашура шиит мусулмандары Мухаммед пайгамбардын шейит өлгөн небереси Имам Хусейнди эскерүү майрамы.

Карачиге Хайдарабаддан да өрт өчүрүүчүлөр чакырылды

Жанкечти бомбаны Карачинин соода борборундагы Мохаммед Жинна көчөсүндө бараткан чубалжыган шииттерге чукул келип жардырган. Коңшулаш Ооганстандагы НАТОнун аскерлерине каруу жарак тарткан автокербендер дал ушул кан жолдон өтөт.

Карачи районунун акими Мохаммад Дилавар бомба чабуулунан кийинки жагдайды мындай сыпаттады:

-Кыжырланган топ-топ эл бомба жарылгандан кийин дүкөндөргө от койду. 1 миңге жакын дүкөн өрттөлүп, миллиарддаган рупий чыгым болду. Өрт өчүргүчтөрүбүз түнү бою иштешти. Жардамга Хайдарабаддан да өрт өчүрүүчүлөр чакырылды.

Эксперттер чабуулду Пакистандын сунни көпчүлүгү менен шиит азчылыгын араздаштырууну каалаган сунни экстремисттери менен байланыштагы талиптер уюштурду деп боолгошот.
Пакистан полициясы "ал-Каида" менен байланыштагы тыйуу салынган "Лашкар-е-Яангви" экстремисттик тобунун мүчөсү деп шектелген адамдарды сотко алып баратат. Карачи. 24-август 2009


Пакистан армиясы октябрдын орто ченинде өлкө батышындагы козголоңчул күчтөргө каршы операцияны баштаганда, жергиликтүү талиптер түндүк батыштагы Пешавар шаарына, ири аскерий бөлүктөр жайгашкан Равалпиндиге жана өлкө чыгышындагы Лахор шаарында чоң чабуулдар менен жооп берген.

Эл мусулмандар кайра жаатташып урушабы деп жүрөк заада

1980- жана 1990-жылдары этникалык араздашууларды баштан өткөргөн карачиликтер “калаа кайрадан эки жаатка бөлүнүп, кырчылдашабы?” деп кыжаалат.

2007-жылдын октябрында Карачиде мурдакы премьер-министр Беназир Бхуттого каршы кол салууда 140тай адам набыт болгон.

Карачи университетинин окутуучусу Ноуширин Уаси айым Ашура күнкү карасанатайлыкты 2006-жылы апрелде жанкечтинин Карачидеги сунни уюмдарынын жетекчилерине жасаган чабуулу менен байланыштуу деп божомолдойт:

-Чабуул негизинен шаардагы кырдаалды курчутуу жана элди жааташтырып чабыштырууну көздөп жасалды. Бирок, эл чабуулдун максатын түшүнүп, кыраакылыгын көрсөтүүдө. Бардык саясый партиялар менен жамаатардын башчылары да абалды туура түшүнгөнүн байкадым. Көпчүлүктүн үрөйү учуп турган чакта бул жакшы жышаан.

Пакистандын адам укугу боюнча комиссиясынын төрагасы Икбал Хайдар 27-декабрдагы чабуул Карачинин чет жакаларында башпаанек тапкан экстремисттик күчтөрдүн лидерлери өкмөткө каршы баштаган согуштун бир бөлүгү деген пикирге кошулбайт. Анын сөзүнчө, азыркы катаал жагдай Мушарраф менен Зия ул-Хак жүргүзгөн саясаттын туундусу:

-Карачиде эзелтен согушчандар таалим-табрия алчу эсепсиз медреселер бар. Биз мурда кан төгүүлөр менен коштолгон жаатташтык согушунун күбөсү болгонбуз. Эгер акыркы эки жылда салгылашуу болбосо, бул Карчачи бардык террорчулардын түнөк жайына айланды дегенди билдирбейт. Генерал Первез Мушарраф менен генерал Зия ул-Хактын өлүмтүк саясатынын натыйжасында бүтүндөй Пакистан террорчулардын жабытына айланган.

Хайдардын айтышынча, генерал Мушарраф 9-жыл бийлик башында турганда Батыштын экстремизмге каршы согушун ооз жүзүндө колдогону менен иш жүзүндө эч нерсе жасабаган.
XS
SM
MD
LG