Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:35

Азыр Кыргызстанда бардык жогорку окуу жайлар абитуренттерди кабыл алып аткан чак. Ошол көптөгөн жогорку окуу жайлардын материалдык, интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрү кандай абалда? Кыргызстандагы окуу жайлар эл аралык аренада татыктуу атаандаш боло алчу кадрларды даярдап атабы? Кыргыз билим берүү академиясынын Инновациялык билим берүү техникалары жана программалары секторунун башкы адиси Асылбек Жоодонбеков кабарчыбыз Илим Жанузаковдун ушул багыттагы суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: - Асылбек мырза, сиз мына жакында эле Кыргызстандан билим берүү адиси катары АКШдагы “Айова” университетине барып тажрыйба алмашып келдиңиз. Мына азыр ушул тапта өлкөдө бардык жогорку окуу жайлар абитуриенттерди кабыл алып атат.Ушуга байланыштуу, дегеле Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын абалы салыштырмалуу кандай абалда? Алардын материалдык жактан жабдылышы, билим берүү сапаты кандай? Ошол жогорку окуу жайлар рынокко кандай кадрларды даярдап чыгарып атышат?

Асылбек Жоодонбеков: - Мына бүгүнкү күнү Кыгызстандагы 7-апрелдеги саясий өзгөрүүлөрдөн кийин экономикалык жактан болобу, билим берүүдө болобу же башка тармактарда болобу кыйла өзгөрүүлөрдүн алдында турабыз.

Эгерде, конкреттүү жогоку окуу жайларындагы билим берүү системасын алсак, башка тармактарда болгон сыяктуу эле биздин абалыбыз абдан аянычтуу.

Кыргызстанда СССР учурунда эле жогорку жайлар калыптанып, өзүнүн доорун учурунда сүргөн болсо, тилекке каршы ошол эле окуу жайлар бүгүнкү күнү өзгөрүүсүз сакталып турат. Аталыштары, айрым формалары өзгөргөнү менен ошол эле СССРдин окуу системасы сакталып турат.

Баардык университеттер деп айтпайын, бирок 75-80 пайызга жакын жогорку окуу жайлар эски система менен келатат.

Окуу жайлардын материалдык-техникалык базасына келсек, аныбыз абдан жупуну. Мына азыр жаңы кабыл алынып аткан баш мыйзам долбоорунда өлкө социалдык болот деп атабыз. Мамлекеттик окуу жайларда бюджеттик орундарды жылына беш миңге чейин берип атабыз. Мамлекетибиздин бюджеттен берген орундары, ага корогон каражат студенттерге же материалдык көмөк болуп жарытпайт, же аларга сапаттуу билим алууга шарт түзбөйт. Бюджетке эле оордук келип атат. Ал акчалардын кайтарымы болбой атат. Ошол бюджеттен окуган студенттердин дээрлик көбү өз багытында иштебей атат. Демек бүгүнкү күндө абал оор.

“Азаттык”:
- Айтыңызчы! Ошол сиз айтып аткан эл аралык билим берүү системасына өтүүнүн каршылаштары деле жүрбөйбү! “Мурдагы СССР учурундагы билим берүү системасы мыкты болчу. Ошону сактап эле, өнүктүрүш керек” дегендер бар. Ушундай пикирдеги адамдарга эмне дейт элеңиз? Эл аралык билим берүү системасынын артыкчылыктары тууралуу эмнелерди айтат элеңиз?

А.Жоодонбеков: - Эми, биздин билим берүү системабызга келгенде, башка тармактарда болгон сыяктуу эле, айрым билим берүү системасынын өкүлдөрү, өзгөчө улуу муундун өкүлдөрү абдан дилгирлик менен советтик билим берүү системасын жактап келишет.

Биз баарыбыз эле советтик билим берүү системасынан билим алганбыз. Бирок бүгүнкү күнү Кыргызстандын көз каранды эместигинин шартында, рыноктук экономикалык алкакта ал билим берүү системасы тарых бойдон гана калыш керек. Себеби жанагы “советтик билим берүү системасы мыкты” деп төш каккандар АКШнын, айрым Азия өлкөлөрүнүн, батыш мамлекеттеринин жетишкендиктерин көргүсү келбегендер же аларды таптакыр билбегендер.

Мына мен жакында эле барып келген АКШнын билим берүү системасын алалы. Аларда кабыл алуудан баштап, бүткөнгө чейин эч бир коррупциянын элементин байкабайсыз. Ал эми студенттердин билим алуусу учурунда көчүрүп жазуу, шпаргалка колдонуу, плагиат деген нерселер жокко эсе. Материалдык-техникалык базасы өтө жогору. Мисалы, мен барган “Айова” университетинде студенттердин саны 30 миңге жакын. Ал деген АКШдагы жупуну, катардагы окуу жайлардын бири. Алардын жылдык бюджети эки жарым, үч миллиард долларга чейин барат. А биздин университеттердин бюджети канча?

Биздин окуу жайлар билим берүү аспектисинде да, материалдык-техникалык чыңдоо жагынан алганда да эч бир дүйнөлүк талапка жооп бербейт. Кыргызстанда азыр 200 миңден ашык студент окуп, аларга миллиарддаган сомдор короп атса да ал каражаттар өзүн актабай атат. Биринчиден, студенттер өздөрү да, мамлекет абдан көп акча коротот. Экинчиден, алар окуусун бүтсө да кадр, адис катары талапка жооп бербей атат.

“Азаттык”: - Асылбек мырза эми акыркы суроо! Сиз айткан эски советтерден калган система демекчи, ошого байланыштуу да талаш-тартыштуу маселелер кездешет. Маселен, эл аралык система боюнча биринчи төрт жылдык билим алуудан кийин студентке бакалавр даражасы берилет. Андан кийин магистрлик даража, докторлук даража болуп өсөт эмеспи. Ал эми биздеги көптөгөн окуу жайлар дале мурдагы беш жылдык жогорку билим, кийин кандидаттык, докторлук илимий даражаларды берип келатышат. Ошол илимий даражаларды эл аралык билим берүү системасы боюнча иштегендер кабыл албай койгон учурлар көп. Илимий даражалды да эл аралык системага келтүрүү боюнча эмнелерди айта аласыз?

А.Жоодонбеков: - Жашы элүүдөн өтүп, алтымышка келип калган агай-эжейлер менен сүйлөшүп калган учурда, алар эски системаны коргоп калышат. “Биздин советтер союзунан мурастап калган билим берүү системабызды, андагы берилчү илимий даражаларды ошол бойдон сактап калышыбыз керек. Бул биздин табылгабыз”,- деп айтып калышат.

Эми биз бүгүнкү күнү ааламдашуу процесстери жүрүп аткан доордо жашап атабыз. Биз азыр заманбап шартта, дүйнөлүк, эл аралык деңгээлде иштешибиз үчүн, алардын койгон талаптарына жараша иштешибиз керек.

Мына бизде эки илимдер академиясы бар. Бирок алардын жасаган практикалык ишмердүүлүктөрү тууралуу эмне айтса болот. Көзгө илинер иштери жок. Керек болсо алардын интернет баракчасы такыр жаңыланбайт. Мындай болуп аткандан кийин башкаларын айтпай деле койсок болот. Ошондуктан бүгүнкү күнү кемчиликти кемчиликтей, артыкчылыкты артыкчылыктай кабылдап, өнүгүүгө бет алышыбыз керек.

“Азаттык”: - Асылбек мырза, анда маегиңизге чоң рахмат!

А.Жоодонбеков: - Сиздерге да чоң рахмат! Ийгилик болсун!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG