Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Тоолуу Карабак: Соңку сүйлөшүүлөр кимге утуш алып келди?


2-ноябрда Москвада Орусия президенти Дмитрий Медведев, Армения президенти Серж Саркисян жана Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев жикчил аймак Тоолуу Карабактын болочогу тууралуу талкуу кылды.

Чынында, Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгө салуу долбоору иштелип чыккан жана ал бар. “Мадрид принциптери” деген аталыштагы долбоор 2007-жылы АКШ, Орусия жана Франция төрагалык кылган “Минск тобу” тарабынан Армения жана Азербайжандын тышкы иштер министрлерине сунушталган болчу.

Бул принциптерге ылайык, Армения Азербайжандын аймагынан анын ичинде Келбасар аймагы жана Лачин стратегиялык коридорунан бир нече баскычта өз куралдуу күчтөрүн чыгарууга, мурда басылып алынган аймактарды куралсыздандырууга тийиш. Сунушта эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн өкүлдөрүн жаңжал аймактарына киргизүү жана башка тынчтыкты камсыз кылуу максаттарын көздөгөн иш чаралар да камтылган.

“Российская газета” басылмасы Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме кылып, араздашып келген эки өлкө жогоруда сөз болгон принциптердин эки же үчөөнөн башка дээрлиги боюнча макулдашууга жетишкен жана жаңжалды жөнгө салууга толук мүмкүнчүлүк бар деп жазып чыкты. Бирок тараптар Лачин өткөөл аймагы боюнча орток пикирге келе албай жаткандыгы алардын жарашуусуна тоскоол болууда деп Лавров кошумчалаган.

Экинчи көйгөйлүү маселе - бул Тоолуу Карабактын келечек макамы. Азербайжандын президенти Илхам Алиев үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында экинчи мөөнөттүк кызматына расмий киришүү маалында, Азербайжан эч качан өз аймагынын бир бөлүгүнөн баш тартууга макул болбойт деп кайталап айткан эле. Массалык маалымат булактары “Карабак эч качан көз карандысыз болбойт”, “Азербайжан эч убакта Карабакты күнкорсуз деп тааныбайт. 5 жыл, 10, 20 жылдан кийин да мындай кадамга барбайт”, - деп Алиевге шилтеме кылып жазып чыгышты.

Алиевдин армян кесиптеши Серж Саркисян болсо, өз кезегинде, Тоолуу Карабак аймагын кыдырып келген соң армениялык коомдук сыналгы канал аркылуу Тоолуу Карабак жаңжалы чечилиши толук мүмкүн деп билдирген. Армян президентинин айтымында, ал үчүн Азербайжан Тоолуу Карабак аймагынын калкынын өз тагдырын өзү чечүү укугун таанышы керек жана ошондой эле Тоолуу Карабак аймагы Армения менен чектешип туруусу, эл аралык уюмдар бул аймактын калкынын коопсуздугу үчүн кепилдик жаратышы зарыл.

Ал эми Ереван шаарынын тургуну, АКШ боюнча серепчи Ричард Гирагосян мырза орус президенти Дмитрий Медведевдин бул жолку Түштүк Кавказ аймагындагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо жаатындагы демилгеси Түркиянын буга чейинки ушул багыттагы аракеттерине жооп кайтарууга окшоп турат. Бирок мындан да маанилүүсү, - дейт Гирагосян, - бул расмий Москванын бул жаатта Вашингтон менен бирге иштешүүгө дилгирлигинде дейт:

- Орусиянын акыркы аракеттери ЕККУнун “Минск тобу” көздөгөн Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүү аркылуу бир чечимге келүүгө ынтызардыгын көрсөтүп турат. Ошондой эле, Армян жана Азербайжан президенттеринин жолугушуусу Орус президентинин демилгеси менен Москвада өткөнүнө карабастан, АКШ жана Орусия “Минск тобу” сунуштаган жараянды жүзөгө ашырып, аймактагы узак мөөнөттөн бери чечилбей келе жаткан жаңжалды чечүү үчүн жол табууга чогуу аракеттенип жатканынан кабар берет.

2-ноябрда Москванын чет жакасында Орусия президенти Дмитрий Медведев, Армения президенти Серж Саркисян жана Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев Тоолуу Карабак жаңжалын тынч жол менен чечүү тууралуу декларацияга кол коюшту. Ал эми «Азаттыктын» Кавказ аймагы боюнча адиси Лиз Фуллер айымдын айтымында, бул келишимди армяндар үчүн жеңиш десе болот. Буга ал төмөнкү жүйөөлөрдү келтирүүдө:

- Биринчиден, Азербайжан президенти Илхам Алиев согуш ачпоого убадасын берип, өзүн Грузин президентине салыштырмалуу жоопкерчиликтүү саясатчы катары көрсөттү. Экинчиден, президенттер ЕККУнун “Минск тобунун” тынчтык аракеттериндеги ортомчулугу өздөрү үчүн башка мүмкүнчүлүктөрдөн ылайыгыраак экендигин тааныды. Эгерде Түркия ортомчулук кыла турган болгондо, анда бул Армения үчүн жакшы нукка бурулбайт эле. Үчүнчүсү, декларацияда жаңжалды эл аралык кепилдик шартында тынчтык жолу менен чечүү жолдорун иликтөө зарылчылыгы белгиленди.

Тоолуу Карабак аймагы Азербайжандын негизинен армяндар отурукташкан аймагы. Аталган аймак 1990-жылдардын башында 30 миң адамдын өлүмүнө жана миллиондогон тургундардын өз жайынан качып бозгунга кетишине себеп болгон согуштук жаңжалдан кийин иш жүзүндө расмий Бакуга баш ийбей калган.

XS
SM
MD
LG