Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Азербайжандын башкалаасы Бакуга советтик аскерлердин киргизилген күнгө жыйырма жыл толду. Бирок анда Кремлдин коммунисттик бийликти сактоо жана Азербайжандын көз карандысыздыкты көздөгөн кыймылын басуу аракетинен майнап чыккан эмес.

Азербайжанда 1990-жылдын ушул айы “кара январь” деп аталып калган. Ал жылдын 20-январында Бакуга киргизилген 26 миң жоокер көчөгө чыккан элге эскертпестен туруп ок аткан. Натыйжада бир нече күндүн ичинде 200дөн ашуун киши каза тапкан, 700дөй адам жаракат алган. Ал окуялардын артынан Москва өзгөчө абал киргизип, мындай тартип бир жылдан ашуунга мезгилге созулган. Ошол кезде башында кийин президенттике шайланган Абульфаз Эльчибей турган Элдик фронттун миңдеген мүчөлөрү жана ага жан тарткандар камакка алынган. Азыр “Эркин Европа жана Азаттык” радиосунун азери кызматын жетектеген Кенан Алиев өзү өспүрүм кезинде күбө болгон ал окуяларды мындайча эскерет:

-Январдын суук жана шамалдуу ал түнү менен эсимде жакшы эле калды. Кээ бир досторум менен чогуу шаардан аэропортту көздөй кеткен чоң жолдо демонстрацияда турганбыз. Ата –энем менен байланыша алган эмесмин. Алар мени табуу аракетинде шаарга жөнөшүптүр. Кийинчерээк биринчи жолу атамдын көз жашын көрдүм. Энем экөөсү мени издеп шаардагы моргдорго барышкан. Моргдун далистеринен аялдар менен жаш балдардын өлүктөрүн көрүшкөн. Алар азерилер, татарлар, жөөттөр, лезгиндер, орустар эле. Баары Бакунун карапайым тургундары болчу.

Азербайжанда “кара январдын” окуяларын иликтөө үчүн “20 –январь” деп аталган коомдук комиссия да түзүлгөн. Мына ушул коммиссиядагы жумушчу топтун жетекчиси Сафтар Хакматовдун айтымында, мындан жыйырма жыл мурунку окуялар толук иликтенип, талаптагыдай баа бериле элек. Көз карандысыз Азербайжандын прокуратурасы болсо учурунда козголгон кылмыш иштеринени 68 томун Орусия алигиче бербей жүргөнүн жүйөө кылып келүүдө.

-Дүйнө практикасында оор кылмыш жасагандар өлүм жазасына сыртынан эле тартылган учурлар кездешет. Бизде болсо республикалык прокуратура маалымат каражаттарына жыл сайын 20- январда бир эле нерсени кайталайт. Эч кандай аракет көргөн жок.

1990-жылы СССРдин коргоо министри кызматында турган Дмитрий Язов Бакуга аскерлердин киргизилүүсүн “ биз элдик фронттун саясий структурасын талкалоо, ал 1990-жылдын 19-мартына белгиленген шайлоодо жеңип чыкпасын алдын алуу үчүн келгенбиз”,- деп түшүндүргөн. Советтик жетекчилердин башкалары мындай одоно билдирүү жасоого барган эмес жана трагедияны айланып өтүүгө аракеттенишкен.

СССРдин президенти Михаил Горбачев Бакуга аскерлерди киргизүү жөнүндөгү чечимди колдоп, муну Азербайжан ислам фундаментализминин коркунучуна кептелгенине байланыштырган. Башка расмий өкүлдөр Азербайжан менен Армениянын Толуу Карабах боюнча чатагын жүйөө кылышкан. Бирок Бакудагы этникалык армяндарга каршы кыянатчылыктар аскерлер киргизилгенден бир апта мурда,13-январда эле тутанып, 50дөй киши мерт болгон. Ошол учурда эле Бакуда СССРдин ички иштер министрлигинин 13 миң жоокери турган. Бирок эч чара көргөн эмес.

Кийинки окуялар көргөзгөндөй, аскерлер Бакуга басып киргени менен ал кездеги советтик жетекчиликтин көздөгөнү ишке ашпады. Тескерисинче азербайжандар арасында СССР реформаланып, сакталып калат деген акыркы үмүттү өчүргөн. Жыйырма айдан соң, 1991-жылдын октябрында Азербайжан көз карандысыздыгын жарыяланган.

Бирок андан берки жараяндарга байкоо салгандар Азербайжан көз карандысыздыгын камсыздаганы менен эл эркиндикке жете албай жатканын, советтик танктардын тепсендисинде калгандардын эңсегени орундалбаганын белгилешет.

Өкмөттөр адамдын негизги эркиндиктери менен укуктарын кандай урматтаарына мониторинг жүргүзүп келе жаткан Фридом Хаус уюму Азербайжанды “эркин эмес” өлкөлөрдүн тизмесинен чыгара элек. Коррупциянын абалына мониторинг жасаган Транспаренси Интернэшнл уюму Азербайжанды “өтө коррупцияланышкан” өлкө деп эсептейт. Бейөкмөт уюмдар демократиялык институттардын, эркин басма сөздүн, көз карандысыз соттун жоктугун утур-утур айтып келе жатат. Эски континенттин адам укуктары боюнча башкы уюму - Европа кеңеши бийлик атадан балага өткөн Азербайжанда саясий айыпкерлер менен журналисттердин абакта олтурушун айыптап жүрөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG