Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Дүйшөнкул Чотонов эки айга камалды


Чотоновго 27-февралда адвокаты Марат Эшперовдун катышуусунда айып коюлуп, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 25-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камалды. Учурда тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Дүйшөнкул Чотонов 26-февралда Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишине байланыштуу Улуттук коопсуздук кызматына чакырылган. Андан ары козголгон кылмыш ишке байланыштуу 48 саатка камакка алынган. Дүйшөнкул Чотоновго “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Дүйшөнкул Чотонов “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Апрель окуясынан кийин өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп иштеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG