Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Минск тобу Карабак жаңжалында оң жылыш болот деп үмүттөнөт


Минск тобунун теңтөрагалары Баку шаарында
Минск тобунун теңтөрагалары Баку шаарында

Франциянын, Орусиянын жана АКШнын Минск тобу боюнча тең төрагалары жакында Ереванда жана Бакы калаасында болушту. Бул визитти Карабак жаңжалы боюнча расмий келишимге жакындаткан дагы бир кадам деп мүнөздөп жатышат.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Минск тобу боюнча теңтөрагалары Армения менен Азербайжандын мамлекет башчылары менен 8-10- июль күндөрү жолугушуп, кийинки сүйлөшүүнү ушул аптада 17-июль күнү Москвада өткөрүүгө кол алып кайтышты.

Бакы калаасында сүйлөгөн сөзүндө Орусиялык теңтөрага Юрий Мерзляков Минск тобу эки президенттин ортосундагы Москва жолугушуусу ири бурулуш деп мүнөздөдү:

- Биз жыйында Негизги жоболор боюнча алымдуу жылыш болот деп жатабыз. Алтургай мен жеке өзвмдвн байкоомдон улам, мараны көздөй кеткен жолго чыкканы турабыз деп айтаар элем.

Ошол эле убакта Мерзляков Москвада эч кандай документке кол коюлбай тургандыгын эскертти.

Ереванда экенде фрациялык теңтөрага Бернар Фассиер каршылаш тараптар жаңжалды жөнгө салуунун Негизги жоболорунун дээрлик бардык 15 беренеси боюнча макулдашкандыгын билдирген. Ошол эле убакта Тоолуу Карабактын келечек макамы жана бул аймактын улуту армян тургундарына берилүүчү коопсуздук кепилдиктери боюнча суроолордун башы ачыла элек бойдон.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев апта соңунда орус сыналгысына Карабактын соңку макамы 10 эмес, 100 жылда да аныкталбаган бойдон кала бериши мүмкүн деп айтты.

Тынчтык сүйлөшүүсүнө Тоолуу Карабактын учурдагы бийликтери да катышышы керекпи деген маселеде да Армения менен Азербайжан мунасага келише элек. Алиев буга каршы оюн айтууда. Бирок Минск тобунун орусиялык баш өкүлү Мерзляков Негизги жоболор боюнча келишим жетишилгенден кийин Тоолуу Карабактан да өкүлдөр сүйлөшүүгө кошулса деген башка тең төрагалардын каалоосун ачыктады.

Тоолуу Карабактын жетекчилиги өзү аралашпаган келишимден пайда жок экендигин эскертип келатат. 8-июлда Тоолуу Карабак да, Армениянын жетекчилиги да Байланыш тилкесиндеги армян көзгө атаарларын алып кетүүгө даяр экендигин бышыкташты. Азербайжан тараптан мындай ишарат боло элек. Аталган тилкеде армян жана азери көзгө атаарлары жыл сайын ондогон аскерлерди атып өлтүрүшөт.

Ошондой эле учурда Армения көзөмөлдөгөн Азербайжандын бир нече районунан армян аскерлерин чыгарып кетүү маселеси да чечиле элек. Негизги жоболордо беш райондон аскер чыгарып, калган экөөнө эл аралык тынчтык күчтөрүн жайгаштыруу каралган.

Бирок Карабактын коргонуу министрлиги Карабак бийликтеринен эч ким бул райондордон аскер чыгарууну талап кылбагандыгын айтып, «биз алардан баш тартпайбыз» деп катуу туруп жатат.

Италиядагы соңку саммитинде Орусиянын, Франциянын жана АКШнын президенттери Армения менен Азербайжанды тезирээк элдешип, жаңжалды биротоло токтотууга чакырган билдирүү кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG