Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

К.Байболов: Кылмыш иши “Ата Журттун” кайрылуусунан соң козголду


"Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" кыймылдарынын мүчөлөрү "Ата Журт" партиясынын кеңсесинин алдында партиянын үгүт баракчаларын өрттөштү, Бишкек, 6-октябрь.
"Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" кыймылдарынын мүчөлөрү "Ата Журт" партиясынын кеңсесинин алдында партиянын үгүт баракчаларын өрттөштү, Бишкек, 6-октябрь.

Башкы прокуратура “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин үнү жана видеосу делген маалыматтардын таркашы боюнча кылмыш ишин козгоду. Кылмыш иши Кылмыш кодексинин 299-беренеси боюнча, аймактар аралык касташууну көкүткөн деген негизде козголду. Бул боюнча “Азаттыктын” суроолоруна Башкы прокурор Кубатбек Байболов жооп берди.

“Азаттык”: - Кубатбек мырза, мына шайлоого 3-4 күн гана калды. Шайлоо алдында Башкы прокуратура “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдики делген үн тасмага байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул жерде жанагы аудио-видео материалдар тууралуу кеп болуп атат. Түшүндүрмө берип кетсениз.
Башкы прокурор К. Байболов "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 6-октябры.

К.Байболов: - Эң алды менен айта кетерим, журналисттерге бир нече ирет Башкы прокуратуранын кызматкерлери түшүндүрмө бергенине карабастан адаттагыдай апыртуу, көбүртүү болуп кетти. Алды менен ирети менен айтып кетейин. Биринчи ferghana.ru интернет сайтында, анын алдында akipress сайтында ушул аудио материал пайда болду. К.Ташиевге окшогон адамдын шайлоочулар менен болгон жолугушуусундагы көчүрмө жаңырды. Андан соң ferghana.ru сайтында видеосу пайда болду. Мына ошол видеодогу айтылган сөздөргө байланыштуу Башкы прокуратура тараптан ошол материалдар изилденип атканда, бизге Садыр Жапаровдун колу коюлган кат келди. “К.Ташиевдин жана “Ата Журт” партиясынын бул окуяга эч кандай тиешеси жок, үн жазуу жасалма” деген кат келди. Катта ошондой эле Башкы прокуратурага ушул жагдайга түшүндүрмө берүүcү жана тескөөcү тууралуу суранычтары камтылган экен.

Анын аркасында “Ата Журт” партиясынын шашышыл баяндамасы чыкты. Анда К.Ташиевдин буга эч кандай тиешеси жок, бул кай бир атаандаштар тарабынан монтаждалган берүү болушу мүмкүн делиптир. Анан укук коргоо органдары ушул жагдайга аныктама берсин, тескесин деген суроо дагы чыкты. Мына ушуга байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан факты боюнча, кайталап айтып кетейин К.Ташиевге эмес, “Ата Журтка” эмес, факты боюнча кылмыш иши козголду. Себеп дегенде “бул адамдар биз эмеспиз, башка үнү окшош адамдар болушу мүмкүн, сүрөтү окшош болушу мүмкүн” деген аныктамасы эске алынып, фактыга байланыштуу кылмыш иши козголду. Мына ушуну окурмандар, жалпы коомчулук эсине алып коюусу өтө абзел.

Мүмкүн биз эртең изилдеп, экспертиза жүргүзгөндө бул монтаж болуп чыгышы мүмкүн, же болбосо К.Ташиевдин үнүнө окшогон же сүрөтүнө окшогон бирөө болуп чыгышы мүмкүн. Ошондуктан азырынча алабармандыкка алдырып, баланча болуптур, "Самаркандан саман учса жоо келатат" дегендей болбой мына ушуга аныктама берүү үчүн келип атам силердин студияга.

Азаттык”: - Дагы бир суроо. 7-апрелде каза болгондордун жакындары К.Ташиевге нааразы болуп митингге чыгып, “Ата Журт” партиясынын кеңсесине кирип барышыптыр, үгүт кагаздары өрттөлүптүр. Ушул окуя боюнча кылмыш иши козголдубу?

К.Байболов: - Албетте бул баш аламандык, тентектик фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Азыр шаардык прокуратура тарабынан тескөө жүргүзүлүп атат. Бирок айтып кетишибиз керек, алар жанагы жерге К.Ташиевге окшогон адамдын К.Бакиевди алып келебиз деген видеосу сайттарга чыгып кеткенден кийин келип атышат. Ичи тызылдап, жакындарын жоготуп көксөсү суубай турган адамдардын ал жерге чогулушу түшүнүктүү го деп ойлойм.

Бирок ошол жерден С.Жапаров өзү ката кетирип койгон. “Силердин балдарыңарды Убактылуу өкмөт аттырган. Ошолордон барып туруп жообун алып алгыла” деген олдоксон сөзүнөн кийин жанагыдай баш аламандык болгон. Болбосо ал жерге баргандар алды менен жөн эле турушкан экен. Мына ушул чагым элдерди көкүтүп, жанагыдай окуя болуп кетти.

Бирок дагы бир ирет кайталайм, бул тартип бузуучулук боюнча кылмыш иши козголду. Бул боюнча дагы күнөөлүү адамдар албетте жазаланат.

Азаттык”: - Эми мындай кылмыш иштердин чыгып атканы К.Ташиев шайлоодон четтетилет деген сөз эмес да? Анын шайлоого байланыштуу кол тийбестиги бар...

К.Байболов: - Ал тууралуу сөз жок. Мына бир тараптан сайттагы маалыматтар. Экинчи тараптан “Ата Журт” партиясынын айрым өкүлдөрүнүн талабы, бизге келип түшкөн ырасмий каты боюнча Кылмыш-жаза кодексинде көргөзүлгөн берененин негизинде козголуп атат кылмыш иши. Бул эми эч кандай текшерүүсүз эле чара колдонуп кетет дегенге жатпайт. Кылмыш кодексинин аныктамасына жараша бул берене боюнча иш мамлекеттин коопсуздугуна белгиленген. Ошондуктан азыр бул кылмыш иши Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлдү. Алар эми экспертиза жүргүзөт. Бул ким? Кимдин үнү? Ошол сайтка чыккан Ташиевби же жокпу? Мына ушулар аныкталгандан кийин гана чечим чыгат. Азыр К.Ташиевди же партияны шайлоодон алып салуу боюнча ой дагы, чечим дагы жок.

“Азаттык”: - Эми андай болушу үчүн соттун чечими болушу керек да...

К.Байболов: - Албетте, албетте аны сот чечет...

“Азаттык”: - Жалпы коопсуздук маселесине да кайрылсак. Буга чейин айрым партиялар добуштар уурдалат, даяр бололу дегендей айтып атышат. Коомчулукта шайлоо тынч өтөбү деген кооптонуулар бар. Коопсуздук кандай болуп атат?

К.Байболов: - Мамлекеттик органдар азыр коопсуздук чараларын толугу менен көрүп атат. Мамлекетте тынчтыкты, бейкутчулукту сактап калганга күчтөр жетиштүү. Бүткүл укук коргоо органдары, жергиликтүү органдар, элдик кошуунда тынчтыкты сактоо багытында иштеп атышат жана ага күчүбүз жетет. Өзүңүздөргө белгилүү Башкы прокуратура тарабынан, мен министр болуп турганда Ички киштер министрлиги тараптан шайлоону таза жана акыйкат өткөрүүгө багытталган өтө катуу эскертүүлөр, талаптар коюлган. Ошондуктан биздин оюбузча, Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында биринчи жолу акыйкат жана таза шайлоо өтүшү керек. Буга биздин үмүтүбүз жок.

“Азаттык”: - Шайлоо жылдырылып калышы ыктымал деген чочулоолор айтылып атпайбы. Шайлоо өз маалында өтөт деп ишенсек болобу?

К.Байболов: - Толук. Толук ишенич бар.

“Азаттык”: - Дегеним, буга чейин айрым партия жетекчилери шайлоо мөөнөтүн жылдырууга бийлик кызыкдар деп айтып чыгышкан эле...

К.Байболов: - Эми бийликти күнөөлөгөнгө маш болуп бүтпөдүкпү. Мисалы менин маалыматым боюнча деле айрым партиялар буга кызыкдар болушу мүмкүн. Ошондуктан жоопкерчиликсиз эле бири-бирибизди күнөөлөй берген болбойт. Эгерде ошондой айта турган болсок, далилдүү айтыш керек.

“Азаттык”: - Рахмат.

XS
SM
MD
LG