Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

Жекшембиде Бакуда Гүлдөр майрамы маалында полиция 50дөн ашуун жаш активистти кармап кетип, бир нече сааттан кийин бошотту. Алар бул күнү майрамды токтото туруп, 30-апрелде Бакудагы мунай академиясында 13 кишинин өмүрүн алган кайгылуу окуянын курмандыктарын эскерүүгө үндөп көчөгө чыгышкан.

Тирүү болгондо Азербайжандын азыркы президентинин атасы, экс-президент, маркум Гейдар Алиев 10-май күнү 86га чыкмак экен. Азербайжан бийликтери анын туулган күнүн жыл сайын ушинтип Гүлдөр майрамы менен кошо белгилеп, көчөлөр гүлгө толуп, кечинде асманга чачырама ок атылып, оюн-зоок уюштурулат.

Быйыл жаштар уюмдары менен студенттик топтордун өкүлдөрү интернет аркылуу бул иш-чараны алдын-ала талкуулап, 30-майда Бакудагы мунай академиясында 13 кишинин өмүрүн алып, дагы он чакты адам жараат алган кандуу окуядан улам бийликтегилер бул майрамды токтото турса болмок, антпесе нааразылык билдирип көчөгө чыгабыз деп макулдашып алышкан.

Азербайжандык жаштардын интернеттеги форум, талкууларын уюштурган атайын порталдын түзүүчүлөрдүн бири Эмил Милли жекшембидеги окуя тууралу буларды айтып берди.

- Биз ар бирибиз экиден гүл кармап алып, Гүл майрамынын негизги жөрөлгөлөрү өтүп жаткан Бакудагы башкы парктын алдында тынч чогулуп турганбыз. Биздин салт боюнча, киши өлгөн жерге эки гүл алып барыш керек. Ушунча киши өлүп атса, бир күн аза күтүү жарыялап койбой тескерисинче Гүлдөр майрамын өткөргөнү көңүлүңдү оорутпай койбойт экен. Бетке чапкандай эле болуп атабыз, ушу кантип болсун.

Парктын жанында чогулган жаш жигиттер менен кыздарды полиция чуулдаган машинелери менен келип, күчкө салып алып кете баштаганда, жаштар чыдабай “Гүл майрамына жок дейбиз!” – деп кыйкырып киришти.

Эмил Миллинин айтымында, күчкө салып алып кеткен жаштарды полиция кызматкерлери бир нече саат кармап, суракка алып каттоого алган соң бошотушту, алар эмне мыйзамдын негизинде кармалганы чечмеленген жок. Алар менен кошо четте карап турган АКШнын Улуттук демократиялык институнун эки өкүлү ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, кийинчерээк кое берилди.

Бакулук жаштар буга чейин 1-май күнү да кандуу окуя болгон мунай академиясынын алдына чогулуп, бийликтегилерден аза күтүү күнүн жарыялоого үндөшкөн. АКШнын Бакудагы элчилигинин мааалымат катчысы Терри Дэвидсон полиция ай-буйга келбей, күчкө салып машинелерге салуу маалында жаштар арасында жараат алгандар болгонун өкүнүү менен билдирди. Ушул күнү туулган күнү белгиленген маркум Гейдар Алиевдин: “Ар бир адам башка бирөөнүн ой-пикирин сыйласа, андан пайда гана табат” деген сөздөрү эстен чыгып кеткени кайгылуу, - деп айтылат АКШ элчилиги тараткан билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG