Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Акыркы мезгилде тажик атуулдарынын Пакистандын аймагында мыйзамсыз жүргөн окуялары көп катталууда. Тажикстандын Пакистандагы элчиси Зубайдулло Зубайдов Пакистанда мыйзамсыз жүргөн тажиктердин көбү бул өлкөгө диний окуу жайларда билим алууга барышканын айтат. Борбор Азиядагы диний кырдаал тууралуу теология илиминин доктору Бакыт Мурзубраимов "Азаттык" менен ой бөлүшөт.

“Азаттык”: Бакыт мырза, адистердин айтымында, акыркы убактарда Тажикстанда көбөйүп жаткан радикал диний агымдардын мүчөлөрү чет өлкөлөрдө дал ушундай жабык окуу жайларда тарбияланып чыгышкан. Ал эми Кыргызстанда абал кандай деп ойлойсуз?

Бакыт Мурзубраимов: Борбор Азия өлкөлөрүндө мына ушундай учурлар кездешет. Бул жерде башкы көйгөй - Пакистанга, же башка өлкөлөргө барып, диний багытта билим ала турган балдарды мыйзамдуу түрдө көзөмөлгө албагандыктан ушундай натыйжа берип жатат.

Пакистан динге абдан берилген өлкө. Калктын көпчүлүгү ислам динин кармангандыктан ар кандай идеологиялар бар. Пакистандын мыйзамдарына баш ийип, билим берген окуу жайлар бар.

Ошондой эле айрым медреселер, же жеке бир адам ачкан хүжра системасында билим берген окуу жайлар да бар. Тажикстандан, Кыргызстандан Пакистанга барып диний багытта билим алгандардын көпчүлүгүн көзөмөлдөө мүмкүн болбой калууда. Ошонун айынан ар кимиси ар кандай идеологияны алып, аны Кыргызстанга, же Борбор Азияга таратууда.

Сабатсыз балдар идеологияны туура эмес түшүнүп алып, ошону башкаларга таңуулап жатышат.
Эгерде Борбор Азия өлкөлөрүндөгү диний маанайдагы сабактарды көзөмөлгө алып, аны диний окуу жайларга киргизген болсо, ошондо балдар Пакистан жана башка өлкөлөргө барбай калмак. А биз дагы эле ушул нерсени талашып-тартышып жатабыз. Ошон үчүн ар ким өзү каалаган идеологияны үйрөнүп жатат.

Эми бул бир гана Пакистанда эмес, ошол эле Кыргызстанды алсак, дин комиссияларынан өтүп коюп эле, хүжра системасында билим берген жерлерден балдар ар кандай деңгээлде тарбия алып чыгууда.

Мамлекеттин идеологиясына туура келгендер бар, келбегендери да бар. Ошолор сөзсүз түрдө келечекте проблема жаратышат. Тажикстан менен Кыргызстандын бул жааттагы көйгөйлөрү окшош эле.

Биз билгендей "Таблик" деген Пакистан, Индиядан кишилерди динге үгүттөгөн жамааттар бар. Булардын кээ бирлери туура иш кылганы менен, айрымдарын мындай деп айтууга ооз барбайт. Же ал жактан жок, же бул жактан жок сабатсыз балдар идеологияны туура эмес түшүнүп алып, ошону өзүнүн жеке көз-карашы менен аралаштырып, анан башкаларга таркатканга аракет кылып жатышат. Өзү да толук билбейт, элге да так жооп бере албайт.

Ошентип элди идеологиялык жактан бузушу мүмкүн. Ошолорго кошулган кишилерден сөзсүз түрдө мамлекеттин мыйзамдарына каршы ар кандай көз-караштар пайда болушу мүмкүн. Бул мыйзам ченемдүү нерсе.
Мамлекет сөзсүз көзөмөлдөш керек. Мамлекет өз атуулдарына кайдыгер болбошу зарыл.


Бир гана жолу - буларды мыйзам түрүндө көзөмөлгө алыш керек. Билимин жогорулатып, же мыйзамдуу түрдө мамлекеттин көзөмөлүндө билим бериш керек. Ошондо булар башка өлкөлөргө барбай калышат.

“Он бала он башка идеологияны үйрөнүп келүүдө”

“Азаттык”: Сиз буларды көзөмөлгө алуу керек дейсиз. Ал кантип ишке ашырылат?

Бакыт Мурзубраимов: Мамлекет сөзсүз көзөмөлдөш керек. Мамлекет өз атуулдарына кайдыгер болбошу зарыл. Болбосо, бири христиан сектасына, башкасы исламдын кайсы бир идеологиясына кетип калышы мүмкүн. Ал боло турган нерсе да. Эч ким мунун алдын тосо албайт.
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү диний маанайдагы сабактарды көзөмөлгө алганда, балдар Пакистан жана башка өлкөлөргө барбай калмак.


Эгерде мыйзамдуу түрдө мектепте окутса, бала ошол билимден канааттануу алса, анда башка жакка баруу зарылчылыгы чыкпай калат. Анан ар ким кызыктырса эле кете берип, ошол жакка барып билим алгандан кийин он бала кетсе, ону он башка идеологияда келет. Анан бири-бирине каршы чыгышып, пикир келишпестиктер пайда болот. Муну ээн-эркин таштап коюу туура эмес.

Бир идеология+башка идеология=?

“Азаттык”: Пакистанда ушундай жабык окуу жайда билим алып, Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн диний агымдар жөнүндө маалыматыңыз барбы?

Бакыт Мурзубраимов: Мындай агымдардын бирөө Кыргызстанда бар. Ошону толук ушундай агымга кошобузбу же жокпу, муну так айта албайм. Менин жеке пикиримче, Пакистандын өзүндө 19-кылымдын башында пайда болгон "Ахмадия" агымы бар. Ошол агым өз ара экиге бөлүнгөн. Ошонун бири Кыргызстанга келип иш жүргүзүүдө.

Анын идеологиясы Борбор Азиядагы мусулман жамаатынын идеологиясына туура келе бербейт. Кыргызстанда ушул агым ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканын угуп жүрөбүз. Керек болсо гезиттерден Муфтий менен акыя айтышкандары чыгып калат.

"Ахмадия" агымынын мүчөлөрүнүн кол алдында окуп калган кыргыз же тажик балдар өз өлкөсүнө кайтып келгенде, сөзсүз өзүнүн көз караштарын башкаларга таңуулап, кайчылаш пикирлерин айтып, ортодо пикир келишпестиктер жана жаңжал чыгат.

Көбөйгөн диний агымдар жана багытын жоготкондор

“Азаттык”: Сиз айтып жаткан "Ахмадия" агымы кандай идеологияны карманат?

Бакыт Мурзубраимов: Булар деле өздөрүн мусулманбыз дешет. Бирок ислам дининин ичиндеги айрым деталдуу нерселерге келгенде бул агым менен айырма чыгат.

Бул агымдын башында Ахмед деген киши турган. Ошол киши өзүн "пайгарманмын, Кудай менен сүйлөшкөн кишимин, Буддамын" деп айткан. Мындай идеология исламда кабыл алынбайт. "Кудай менен сүйлөшкөнмүн" деген кишинин артынан ээрчип, мусулманбыз дегендер да пайда болду. Бул биздин идеологияга туура келбейт. Бирок ошого ишенгендер Кыргызстанга келип, "биз исламды таратып жатабыз" деп айтышууда.
Кайчылаш пикирлерден улам ортодо жаңжал чыгат.


Ушул нерселерден анан жаңжалдар чыгып, билинбей отуруп, көп өтпөй байкала баштайт. Ошон үчүн Кыргызстан мусулмандары кайсы идеологияны карманган болсок, өзүбүздүн атуулдарыбызды ошол идеология боюнча гана тарбиялашыбыз керек. Эгер башка идеологияга бере турган болсок, ал сөзсүз өлкөнүн келчегине балта чабат.

Араб өлкөлөрү, же Түркиянын идеологияларынын айрымдары Кыргызстандагы мусулмандардын идеологиясына туура келгендиктен, ошолорду таразалаш керек: кайсы өлкөгө жибериш керек, кайсы өлкөгө балдарды жибербеш керек деп. Ошого жараша иш алып барбаса, өтө кооптуу жагдай ортого чыгат.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG