Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

Facebook: Балкандыктардын чабышы


Младич, Караджич жана Милошевичти Сербияда көптөр дале баатыр дешет

Младич, Караджич жана Милошевичти Сербияда көптөр дале баатыр дешет

Сербиялыктардын тобу Facebookта этникалык жек көрүүчүлүктү жактаган баракча ачты. 1995-жылкы Сребреницадагы геноцидди колдогондордун тобуна миңден ашуун адам кошулду. Балкандагы конфликттин арты эми интернет согушуна айлангандай.

«Азаттыктын» комментатору Ненад Пейич 16 жыл мурдагы окуяны эскерет: «Ал окуя бүгүнкүдөй эсимде. 1992-жылдын 31-апрели эле. Сарайеводон тажап, Беглрадка тууганымдыкына кетип калгам. Ал, албетте, мени көрүп сүйүндү. Бирок мен айтып берген окуяларга анча ишенбегендей карады. Менден көрө ал «азыр Босния-Герцеговинада баары тынч деген» Сербиянын мамлекеттик сыналгысына көбүрөөк ишенип тургансыды».

Эми арадан 16 жыл өткөндөн кийин ал өзүнүн атынан жасалган баардык кылмыш иштери тууралуу билет. Бирок Сербияда, Балкандын бир топ аймактарында көптөр алардын атынан кандай кылмыштар жасалганы тууралуу азырга чейин кабары жок.

Интернет согушу

Жаштар арасында популярдуу Facebook сайтында жакында сербиялык бир топ улуттук жек көрүүчүлүктү жактап, 1995-жылдагы согушту колдогон, босниялык серб аскерий жетекчиси Ратко Младичти мактаган баракчаны ачты. «Мусулмандар шишкебеп кылып жегенге жана күкүрт кислотасында кайнаганга гана татыктуу» деп эсептеген ал топтун баракчасында азыр миңден ашуун мүчөсү бар.

Анын артынан эле ошол эле сайтта улуттар аралык кастыкты күчөткөн бул өңдүү баракчанын тезинен жабылышын талап кылган башка баракча ачылды. Алардын чакырыгына кошулгандардын саны сегиз миңден ашты.

«Бул кылмышка каршы күрөшүүгө биздин укук жетиштүү эмес», - дейт «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча атайын прокурор Радойе Гвозденович. Анын жетекчилигиндеги топ былтыр этникалык жек көрүүчүлүккө каршы интернетте күрөшүү боюнча планды сунуш кылган болчу. Бирок ага Юстиция министрлиги уруксат бербей койгон.

«Facebook согушу», чынында, маселенин бир гана учу. Сербдердин өздөрүнө каршы жасалган сайттар да көп. Сербия, Хорватия жана Босниядагы стадиондор улуттарды каралаган сөздөргө толуп кетти. Адаттагыдай эле, бийликтер эч кандай аракет көрүшпөйт.

Бүгүнкү Балкан

Азыр Титонун тушундагы Югославия жок. Ал учурда улуттарды жек көрүүчүлүктү бийлик катуу жазалачу. Мамлекеттик маалымат каналдары болсо утуру элдер ынтымагы, биригүү жөнүндө сүйлөчү. Бирок ошол бейкут жашоону бир паста кыйратып, Балкандын кыйсыпырын чыгарганга Слободан Милошевич, хорватиялык лидер Франко Туджман жана башкаларга көп деле убакыт талап кылынбады. Мына ушул учурда өч алуу жөнүндө сүйлөбөгөн адам калган жок. Буга чейин «мыңк» деп койгонго жарабагандар да эми бакылдап кыйкыра башташты. Ошентип, жек көрүүчүлүк региондогу башкы идеологияга айланды. Толеранттуулукка чакыргандар болсо «эл душманы» аталып, же оозун жаап калышты, же башка мамлекеттерге качып кетүүгө аргасыз болушту.
Балканда тынчтык орной элек, атышуулар гана токтогондой...

Балкандагы өлкөлөрдүн ичинде бир гана Хорватия этникалык араздашууну ооздуктоо жаатында дурус жетишкендиктерди жарата алды окшойт. Ал, биринчиден, конфликттеги өз күнөөсүн мойнуна алып, кыргынга тиешеси бар хорваттарды соттоп, түрмөгө отургузду. Хорватиядагы маалымат каражаттары болсо согушка тиешеси бар деп айыпталган баардык тараптар жөнүндө программаларды чыгарып турушат.

Ошол эле учурда «Азаттыктын» комментатору Ненад Пейич мурдагы Югославиянын ичинде Сербия гана конфликтке күнөөлүү деп айткан туура болбос, - деп кошумчалайт. Баардык этникалык топтор согуштан канчалык жоготууга учураганын жана ага күнөөсү жоктугун айтканды жакшы көрүшөт. Бирок уруштун өзөгү баары бир Сербиядан башталганы анык, деп кошумчалайт комментатор.

Мурдагы Югославиядагы согуштарда кеминде 120 миң адам кырылган, дайынсыз жоголду дегендердин саны 70 миңдин тегерегинде. Эларалык Кылмыш Трибуналы ал үчүн 161 адамды жоопко тартты, дагы 23 кишинин иши Гаагада каралып жатат.

«Азыр эларалык коомчулук Балканда жайчылыкка жетишүүгө дурус эле аракет жумшап, биригүү байкалгандай туюлат, - дейт Ненад Пейич. – Бирок бул тынчтыкка жетишкендик эмес, жөн гана атышуулар токтогон гана учурдай».
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG