Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

Балтика деңизин куткаруу маселеси саммиттин күн тартибинде


Саммитте Балтиканы коргоо боюнча конкреттүү милдеттемелер кабыл алынат деп күтүлүүдө.

Саммитте Балтиканы коргоо боюнча конкреттүү милдеттемелер кабыл алынат деп күтүлүүдө.

Балтика деңизинин айланасындагы өлкөлөрдүн лидерлери бүгүн Хельсинкиге чогулду. Деңизди жана анын экологиясын коргоо саммиттин күн тартибиндеги башкы маселе.

Балтика Европанын эле эмес, дүйнөнүн эң булганган деңиздеринин бири деп эсептелинет. Соңку ондогон жылдардан бери ага өндүрүштөн чыккан улуу таштандылар куюлуп, танкерлер тартып бара жаткан чийки мунай төгүлүп, курал-жарактар түшүп кеткен учурлардын бир нечеси катталган. Деңиз ошондой эле агынды суулардын азабын да тартып келет.

Саммиттин конок ээси - Финляндия Балтика деңизинин экологиясын мышык ыйлаарлык деп санагандыктан, аны коргоо маселеси боюнча атайы саммит өткөрүү демилгесин былтыр эле көтөргөн. Финланд борборуна шаршембиде конок ээсинен башка деңиздин айланасындагы сегиз өлкөнүн лидери: Швециядан падыша, Литва менен Латвиядан президенттер, Орусия, Эстония, Даниядан премьер- министрлер, Польша менен Германиядан өкмөт мүчөлөрү жетектеген өкүлдөр чогулду.

Финланд президенти Тарья Халонен айым саммиттин ачылышындагы сөзүндө, дүйнөнүн бай жана экологиянын маанисин жакшы түшүнгөн өлкөлөрү эң булганыч деңиздин айланасында өмүр сүрүп жатканын белгилөө менен “бул трагедия эмеспи?”, - деп суроо койду. Ага катар деңизди коргоо багытында тезинен бир нерсе жасалуусу керектигине токтолду. Ушундай эле ойду швед падышасы Карл XVI Густав да айтты:

-Балтика деңизи өтө начар абалда. Биз бул тууралуу гезиттерден дээрлик апта сайын окуй алабыз. Мунайдын куюлуп кетиши, жээктеги көзөмөлсүз иштер, булгоо - мисалдардын саналуусу гана.

Эксперттердин айтымында, Балтика деңизиндеги абалдын 90 миллиондой адамдын жашоосуна таасири бар. Ал экологиялык өзгөрүүлөрдү тез кабыл алуусунун бир жүйөөсү деңиз менен Атлантика океанынын ортосундагы байланыш кууш экендигинде. Ушундан улам булганбаган туздуу жана жаңы суу деңизге аз гана көлөмдө келип турат.

Иликтөөчүлөр булганыч өндүрүш менен курчалганы аз келгенсип, балык дагы ашыкча уулангандыктан деңиздеги жашоо дээрлик токтоп калган деп эсептешет. Маселен көк тюллендердин саны өткөн кылымдын 80- жылдары эле 3 миңге түшүп калган болчу, ал эми бир кылым мурда 100 миңге жетүүчү экен.

Эл аралык Гринпис уюмунун көз карашында, деңиздин суусу ушунчалык уулуу болгондуктан, боюнда бар аялдар андан кармалган балыкты жебеши керек.

1990-жылдары совет армиясы химиялык жана радиоактивдүү таштандыларды деңизге төгүп жиберген деген да маалыматтар болгон. Азыр болсо Орусия Балтика деңизи аркылуу мунай менен газды транзитөө пландарын кеңейтүүдө. Орус өкмөт башчысы Владимир Путин саммиттин башка катышуучулары менен Москванын экологияны коргоо пландарын жана Балтика деңизинин түбү аркылуу төшөлөрү белгиленген Түндүк агым газ куурунун курулушуна байланышкан маселелерди талкуулаган жатат. Бул курулушка азырынча аймактагы өлкөлөрдөн Финляндия уруксат бере элек.

Балтика деңизинин айланасындагы өлкөлөр мындан 35 жыл илгери эле деңизди коргоо үчүн – Хельсинки комиссиясы деген уюм түзүшкөн. Ал эми үч жыл мурда деңиздин экологиясын калыбына келтирүү боюнча 2021-жылга чейин эсептелген аракет планы жактырылган. Эми бүгүнкү саммитте катышуучулардын ар бири конкреттүү милдеттемелерди кабыл алат деп күтүлүүдө.

Уюштуруучулардын айтымында, буга чейин эле жеке жана мамлекеттик секторлордон 140тай убада берилген. Маселен компаниялар менен корпорациялар акыр-чикир аралашкан сууларды көзөмөлдөө боюнча долбоорлорду каржыламак, айыл-чарбасындагы өндүрүшчүлөр жер-семирткичтерди пайдаланууну азайтмак, жогорку окуу жайлар менен мектептер деңиздеги экосистеманын мааниси боюнча элдин билимин кеңейтмек. Бирок сынчылар жакшы ниет башка маселе экенин, конкреттүү чараларга келгенде иш аксап жатканын белгилешүүдө.

Бүгүн саммитке саясий лидерлерден тышкары ишкер чөйрөнүн, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да катышып жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG