Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Ошто кыргыз-өзбек өкмөттүк делегациялары жолугушат


Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө пункту.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө пункту.

Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиеванын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, бүгүн Ош шаарына Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы келет. Аны Өзбекстандын вице-премьер-министри Адхам Икрамов жетектейт. Сапар эки мамлекеттин коңшулук, достук алакасын чыңдоого багытталган.

Кыргызстан өзбек делегациясынын сапарына байланыштуу Ош шаарында айыл чарба азыктарынын жармаңкесин уюштурат. Мындан тышкары бир катар маданий иш-чаралар белгиленген. Соңунда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу, байланышты бекемдөө боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Октябрдын башында 130 адамдан турган кыргызстандык делегация Анжиян шаарына барып, өз ара алаканы чыңдоо, чек ара маселесин чечүү боюнча сүйлөшүп, маданий саамалыктарга катышып келген. Бул акыркы 10 жылдан бери Өзбекстанга болгон алгачкы достук сапар болуп калды. (NT)

XS
SM
MD
LG