Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Баш катчы Пан Ги Мун Египетке келди


Баш катчы Пан Ги Мун Каирдеги маалымат жыйынында.
Баш катчы Пан Ги Мун Каирдеги маалымат жыйынында.

Египетке бүгүн Улуттар Уюмунун баш катчысы келди. Пан Ги Мун Газадагы уруштарды токтотуу жолдорун талкуулайт,андан тышкары Израилде жана Палестинада, региондогу бир катар өлкөлөрдө болот.

Каирдеги маалымат жыйынында Пан Ги Мун Улуттар Уюмунун баш катчысы катары биринчи кезекте урушту токтотуу жана гуманитардык жардамдарды жеткирүү ишин жолго койгону колунан келгендин баарын жасарына ишендирди.

“Карапайым калк арасынан канча адам опот кетип,миңдегени жарадар болгонун ойлогондо өтө жаман абалда калам. Газага сөзсүз барышым керек деп айтканым ошондон улам”,- деп айтты баш катчы.

Пан Ги Мун президент Хосни Мубарак менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.Андан соң Палестин автономиясында, Израилде, Иорданияда, Сирияда,Түркияда,Ливанда жана Кувейтте болот. Бардык жерде ал Газадагы абалды жөнгө салуу жолдорун талкуулайт.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши өткөн жумада тараптарды уруштарды токтотууга чакырып, атайын резолюция кабыл алган эле. Бирок аны Израил да, “Хамас” да четке кагышкан.

Мындан бир күн мурда Газада эл аралык Кызыл Чырым комитетинин президенти Якоб Келленбергер болуп кетти. Көзү менен көргөндөрүн ал өтө жаман деп баалады. Улуттар Уюмунун балдар укуктары боюнча комитети операциядан набыт болгондордун 40 проценттен ашыгы жалаң аялдар менен жаш балдар экенин такташты. Эл аралык эксперттер Израилдин аракеттери палестиналык жаш муундарга өтө оор салакасын тийгизерин эскертишүүдө.

Улуттар Уюмунун гуманитардык жардамдар боюнча региондогу өкүлү Жон Гин Газада коопсуз жай калбаганын, кырдаал улам начарлап баратканын белгилеп, уруштарды токтотууга чакырды. “Келишимге келүү үчүн адегенде ок атылбаш керек, ошондон соң гана аракеттенип, алга жыла алабыз. Болбосо өлүм да,жапа тарткандар да, бүлгүн да улана берет”,- деп айтты Гин.

Газадагы медиктердин эсебинде уруштар башталгандан бери палестиналыктардан 975 адам өлдү,жарадар болгондор төрт жарым миңден ашты.

Уруштар ушу тапта Газа шаарынын чеке-бакасында жүрүп жатат.Израил армиясынын айрым бөлүктөрү шаарга киргенге умтулууда.

Шаршембинин таңында Израилдин түндүгү Ливан тараптан үч ирет ракетадан аткыланды. Полициянын өкүлү жарадар же набыт болгондор жок экенин,адистер ракеталар жарылган жерлерди текшерип жатышканын кабарлады.

Соңку маалыматтарда Египет “хамасчылар” менен сүйлөшүүлөрдө айрым бир натыйжаларга жетишкени, аларга ок атышуунун шарттарын койгону Израилдин коргоо министринин жардамчысы эртең Каирге келгени жатканы айтылат.

XS
SM
MD
LG