Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Баня Луканын Босниянын биримдигине каршы оюну


Босния-Герцеговина. Тынчтык жана зомбулукка каршы дүйнөлүк жүрүштүн катышуучулары. 4-ноябрь, 2009
Босния-Герцеговина. Тынчтык жана зомбулукка каршы дүйнөлүк жүрүштүн катышуучулары. 4-ноябрь, 2009

Босниянын курамындагы Республика Србска автономиялык укугун кеңейтүүгө жана өлкө турмушундагы эларалык өкүлчүлүктүн вазийпасын токтотууга умтулушууда.

Бул максатта Баня Луканын өкүлдөрү Вашингтондо АКШ Конгрессинин таасирлүү мүчөлөрү менен жолугушту. Алар конгрессмендерди Босниянын борбордук өкмөтүнүн ролун реформа аркылуу бекемдөөнүн зарылдыгы жок деп ишендирүүгө аракет кылышты. 5-ноябрда Баня Луканын таламын Россия колдоду.

Үстүдөгү аптада Республика Србска эларалык коомчулукка Босния-Герцеговинанын ишине кийлигишүүнү токтоткула деген сигнал жөнөттү. Бейшемби күнү Баня Луканын өкүлдөрү АКШ Конгрессинин мүчөлөрүн Босния өзүн өзү башкара аларына ишендирип жүргөндө Москвадан колдоо алды.

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Сараеводо босниялык коллегасы Свен Алкалаж менен кездешкенден кийин босниялыктардын өзүн өзү башкарчу мезгил келгенин билдирди:

Босниялык сербтердин премьер-министри Милорад Дудик (солдо) Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен. Сараево. 5-ноябрь 2009
-Босниянын (октябрда) БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайлануусу босниялыктар - тышкы көзөмөлдөн бошонуу үчүн - өз тагдырын өз колуна алуусу зарыл экенин актуалдуу кылды. Россия Тынчтык келишимин аткаруу боюнча кеңештин жигердүү катшуучусу катары Мартабалуу өкүлдүн аппаратын тезинен Евробиримдиктин атайын чабарманынын миссиясына өзгөртүүгө чакырат.


Лавров Мартабалуу өкүлчүлүк азыр Босниянын мамлекеттүүлүгүнө жолтоо гана болууда деп кошумчалады.

Босния согушуна чекит койгон 1995-жылкы Дейтон келишимине ылайык, келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн өлкөгө БУУнун башкатчысынын Мартабалуу өкүлү дайындалган. Боснияда тынчтык, демократия түптөлүп, улуттук өкмөт кемелине толуп, саясый кырдаалды өзү башкаргандай болгондо өкүлдүн кеңсеси жабылууга тийиш эле.

2007-жылы февралда Тынчтык келишимин аткаруу боюнча Кеңеш Мартабалуу өкүлдүн вазийпасын 18 айга узарткан. Бирок бир
Босния-Герцеговина. 1992-95-жылдардагы согуш кылмыштарынын картасы.
жылдан соң Босния-Герцеговинада маанилүү саясый реформа жүргүзүү зарыл деп, өкүлдүн мандатын кайра узартып койгон.

Босния Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгү тургандан пайдаланып, борбордук өкмөттүн бийлигин кеңейтип алууну каалайт. Азыр өлкө Мусулман-Хорват федерациясы жана Республика Србскадан тургандыктан, үчилтиктин конституцияны реформалоо жана мамлекеттин мүлк ээлиги боюнча мунаса табуусу өтө татаал болууда.

Коңшулаш Сербияга ыктаган босниялык серптер Сараеводогу борбордук өкмөттүн бийлигин күчөшүнө каршы. Алардын премьер-министри Милорад Додик дембе-дем Мартабалуу өкүлчүлүктү жабууга чакырып, Серб республикасын Босниядан бөлүү боюнча референдум өткөрөм деп коркутуп келет. АКШ болсо Босниянын жетекчилигин өз ара мунасага барып, конституцияны реформалоосу зарыл деген өңүттө турат.

XS
SM
MD
LG