Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

Түштүктө Орусиянын антитеррордук борбору түзүлөт


Ош областында болгон соңку антитеррордук операцияда үч жоокесеп жок кылынган.
Ош областында болгон соңку антитеррордук операцияда үч жоокесеп жок кылынган.

Түштүктө Кыргыз-Орус антитеррордук борбор түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө, деп билдирди президент Курманбек Бакиев “Нью-Йорк таймс” гезитине берген интервьюсунда. Анын айтымында, өлкөнүн түштүк аймагында террор менен күрөшүү үчүн эки мамлекеттин биргелешкен аскердик машыгуу борбору түзүлүшү мүмкүн.

Орусиянын вице-премьери Игорь Сечин башында турган делегация жакында Кыргызстанга шашылыш келип кеткен, анын жүрүшүндө алар президент К.Бакиев менен өлкө түштүгүндө орус аскер базасын ачуу тууралу сүйлөшүү жүргүзүптүр деген маалымат тараган. Эгер андай база ачылса ал Баткенде же Ош областында жайгашуусу ыктымал деп болжонуп жаткан.

15-июлда президент Курманбек Бакиев “Нью-Йорк таймс” гезитине берген интервьюсунда өлкөнүн түштүгүндө Орусиянын базасы эмес, эл аралык терроризм менен күрөшүү үчүн антитеррордук борбор түзүлүшү ыктымалдыгын ачыктады. Учурда анын жайгашуу аймагы талкууланып жатат.

- Бул база эмес, бул антитеррордук борбор. Анда эл аралык терроризм менен күрөшүү боюнча машыгуулар болушу мүмкүн. Террорчулук түштүктө ар дайым болуп кетиши мүмкүн. Биздин жана орус аскер кызматкерлеринин биргелешкен машыгуу чаралары жүргүзүлөт. Ушундай эле болот, - деди К.Бакиев.

Мурда Орусиянын базасы ачылышы ыктымал деген маалымат болгондо андай базанын ачылышына коңшу Өзбекстан массалык маалымат каражаттары аркылуу кескин каршылыгын билдирген. Бирок аны Казакстан колдогон.

Баткендеги айрым жергиликтүү тургундар болсо андай база ачыла турган болсо ансыз да курч болуп турган чек ара маселесине терс таасирин тийгизерин айтып чыгышкан. Жергиликтүү тургун Эсен аксакал базанын ачылышына Баткен аймагынын шарты да туура келбестигин эскерткен:

-Эгер авиабаза болсо, биздин аэропорттор кичинелик кылат. Бизде күн да ысык. Анын чоң самолеттор учуп консо, Баткен эмне болот? Жаныбызда Өзбекстан менен Тажикистан. Самолеттор чон ылдамдык менен өтсө чек арага да таасир болушу мүмкүн. Ада чыр да чыгып кетиши ыктымал.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо, эгер база ачылса аймактын коопсуздугу үчүн пайдалуу гана болоорун белгилешип, бирок бул маселе боюнча мамлекет тарабынан ырасмий билдирүү боло электе эле аны пайдалуу же пайдасыз деп айтуу эртелик кылаарын билдирген.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде бул маселенин Орусия вице-премьери Игорь Сечин келгенде ачыкталбай эми гана президент тарабынан маалым болуп жатышы - бул Өзбекстандын көз карашын билүү аракетинде жасалган саясий оюн болду. Бирок азыр түштүктө база ачып жиберүүгө Орусиянын шарты жок. Ошондуктан борбор ачуу жагын ойлоп жатышат. Орустар азыр мындай жол менен Орто Азиядагы позициясын бекемдөө максатын көздөөдө.

- Бирок борбор түзүлсө, анда Өзбекстандын Кыргызстанга, Тажикстанга болгон кысымдары бошоңдоп калат, алардын колу кыска болот. Суу маселеси, баарына орустар аралашып кетет. Ошондуктан Өзбекстан муну ойлоп, Орусиянын базасына каршы болуп жаткан. Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Ыкчам аракеттенчү күчтөрүн түзүү боюнча келишимге да кол койгон жок. Эгер бул меселе чечилсе, балким орустар борбор түзмөк эмес. Өзбекстандын позициясын өзгөрбөгөндүгүн байкаган Орусия азыр Орто Азияда бийлигин бекемдөөнүн аракетин көрүп жатат..Эгер сууну эле орустар колго алса, Өзбекстан менен Казакстан Орусиянын көзүн карап калат, - дейт талдоочу Марс Сариев.

Бирок базага караганда борбордун түзүлө башташы Өзбекстанды азырынча анча чочутпай турат, - деп пикирин улайт талдоочу - . Эгер Өзбекстан өтө катуу кашылык көрсөтсө, анда Орусия базасын ача коймок. Бирок мындан ары Өзбекстан менен Кыргызстандын маилеси начарлай баштайт.

Марс Сариевдин ою боюнча, акыркы мезгилде Өзбекстандын Кыргызстанга болгон мамилеси жумшара баштагандай болгон. Эми мындай жагдай түзүлгөн соң Өзбекстандын Кыргызстанга болгон мамилеси кайра сууп калат. Ошого жараша алар чек араларын мурункудан да бекемдеп жаба баштайт. Бул болсо жергиликтүү тургундарды эле кыйнап коерун белгилейт, саясат таануучу.

Ал эми дагы бир саясат таануучу Токтогул Какчекеев Орусия делегациясынын тез арада ыкчам келип кеткендиги -Кыргызстандын түштүгүндөгү маселелер аларды кооптондуруп жаткандыгынан кабар берерин айтат. Анын айтымында, алардын түштүккө борбор ачалы деген аракети бугүнкү күндө керектүү иш. Анткени күнүмдүк турмуштун алкагында жашап келаткан кыргыз мамлекети өзүнүн келечегин азыр даана көралбай турат.

- Жыл сайын түштүктө атыш, адам өлүмү, диний топтор коркунуч туудуруп, бийлик менен кармашканына күбө болуп келебиз. Муну борбор деп айткан менен ал Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Ыкчам аракеттенчү күчтөрүнүн базаларынын бири болот. Орусия Кыргызстанды өзүнө тилектеш жакын өлкө катары эсептегендиктен эрте чара көрүп, ушул иштерди бүтүрүп жатат.

Ал эми азыр Европа мамлекеттеринин биринде саясий качкын катары жүргөн Эдил Байсалов мындай база же борбор болобу – анын ачылышына каршы экенин «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирген эле:

- Бизге эч кандай база же борбордун кереги жок. Биз өзүбүздүн армияны күчтөндүрүшүбүз керек. Россия бизге дос, союздаш өлкө катары курал менен жардам бериш керек. Башка тышкы базаларды орнотуш биздин суверендүүлүгүбүздү бекемдебейт. Кайрадан өзүбүздүн коопсуздугубузга шек келтирет.

Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Сечин баштаган делегация Бишкекке 7-июлда келген. Ак үйдө президент Курманбек Бакиев менен болгон жолугушуу жабык эшик артында өтүп, делегация ошол эле кунү шашылыш кайтып кетишкен.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG