Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

Румын диаспорасы Траян Бэсескуну сүрөп кетти


Президент Траян Бэсеску(ортодо) кабарчыларга интервью берүүдө. Бухарест. 7-декабрь 2009

Президент Траян Бэсеску(ортодо) кабарчыларга интервью берүүдө. Бухарест. 7-декабрь 2009

Румынияны дагы беш жылга президент Траян Бэсеску жетектейт. Жекшемби күнкү кайра шайлоодо Бэсеску 50,3 процент добуш алды.

Жекшемби күнү бир нече саат бою румындар эки жаатка бөлүнүп, өз тарапкерлеринин жеңишин майрамдап жатышты. Экзит пол же добуш берүүдөн кийинки сурамжылоолор социал-демократ Мирчу Жоане 2 же 3 процент артыкчылык менен жеңгенин көрсөткөн. Ошон үчүн Жоане: “Бул Румыниядагы демократия үчүн керемет түн. Бул ушул жеңиш үчүн иштедик. Бул өтө кубанычтуу мезгил экенин түшүндүрүү кыйын. Мен баарыңарга, добуш берүүгө келген миллиондогон румындарга алкыш айткым келет,”- деп элди ага ишеним көрсөткөнү үчүн кайра-кайра алкап жатты жекшемби күнү.
Молдова. Румын жарандары Кишиневдогу Румыниянын элчилигинде добуш беришүүдө. 6-декбарь 2009


Экзит-полдун жыйынтыгына карабай Бэсеску да өзүн жеңүүчү деп жарыялаган эле:

-Бул шайлоодогу жеңиш үчүн румын элине ырахмат. Беш миллион румын өз эркин ачык билдирип, Румынияны модернизациялоону колдошту.

Дүйшөмбү күнү бешимден кийин Борборшайлооком Бэсеску атаандашы Жоанеден 70 миң добуш артык алып, кайра президент шайланганын билдирди.

2004-жылкы шайлоодо да социал-демократтар “жеңиш биздики” деп алдын ала айтып ийип, жаңылышкан болчу.
Румын фермерлери добуш беришүүдө. Грация. 6-декбарь 2009
Социал-демократтардын жетекчилиги жараксыз бюллетендер көп табылганын айтып, добуштарды кайра саноону талап кылмак болушууда.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочуларынын маалымдашынча, Румынияда шайлоо жалпы стандартка ылайык өткөн.

Санак румын диаспорасынын басымдуу бөлүгү Траян Бэсескуну колдогонун көрсөттү. Бэсеску үчүн чет өлкөдө жашаган 115 миң румын добуш берген. Жоане мындан төрт эсе аз добуш алды. Румын паспорту бар 12 миң молдовандын 94 проценти да Бэсескуну колдоду.

Бэсеску дүйшөмбү күнү кабарчылар менен болгон кездешүүдө чет элде иштеген румындарга чоң ырахматын айтты:

-Мен өзгөчө өлкөдөн тышкары жактардагы румыниялактарга ырахмат айткым келет. Мен Испания, Италия, Франция, Германия, Улуу Британия, Ирландиядагы румындарга, ошондой эле Молдова Республикасындагы румындарга ырахмат айтамкчымын. Түндүк Америкадагы руманиялыктардын аракети үчүн өтө ыраазымын.

Шайлоо өнөктүгү учурунда көпчүлүк менчик телестанциялар Бэсескуну каралап, коомдук телеканал көбүн эсе Жоаненин тарабын алып жатканын ЕККУ да тастыктады. Ага карабай, шайлоочулар Бэсескунун Румынияны модернизациялоо жана реформалоо планын жактырып, аны колдошту дешет серепчилер.

Бэсеску сөзүнүн өтөсүнө чыкса, эки палаталуу парламентти референдум аркылуу жоет жана азыркы 471 депутаттын ордуна 300 гана депутат калтырылат. Бэсескунун экономикада таасири күчтүү жана, өзү айткандай, Мирчу Жоанены жең ичинен колдогон жемсөө олигархтар менен медиамагнаттарды тартипке салам деген сөзү ага чоң алып берди.

Азыр президент эң алды октябрда парламент ала салдырган өкмөттүн ордуна жаңы өкмөттү түзүүсү керек. Ал эми жаңы өкмөт кризиске каршы күрөшүүтуруу үчүн Эл аралык валюта корунун 2 миллиард долларлык кредиттин кечиктирбей алууга тийиш.
XS
SM
MD
LG