Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:15

Беларус оппозициясынын лидери менен маек


Александр Казулин Прагада, 18-март, 2009-ж.

Александр Казулин Прагада, 18-март, 2009-ж.

Аляксандр Казулин 2006-жылы Беларуста президент Алeксандр Лукашенко менен президенттик таймашка катышкан. Анда утулуп калгандан кийин түрмөгө түшүп, 56 күн ачарчылык жарыялап, анын аралыгында аялы Ирина рактан көз жумду.

Азаттык: - Сиз Европа Биримдигинин Беларус президенти менен жакындашуу аракетин сындап келатасыз. Сиз Брюсселдин Беларуска карата мындай саясатына каршысызбы?

Казулин: - Акыл-эси ордунда адам диалогго, кызматташттыкка, жашоону оңдоо далалаттарына каршы болбойт. Бирок акыл-эси ордундагы адам мындай максатка жетиш үчүн бүт болгонун садага чаппайт. Европа акыркы 15 жылдагы Лукашенкого карата саясатынан эч кандай майнап болбогондугун түшүнүшү керек.

Азаттык: -Учурда Европа Биримдиги Украина, Молдова, Грузия, Азербайжан, Армения менен катар Беларусту Күн Чыгыш кызматташтыгына чакырып жатат. Бул өңдөнгөн кызматташтык сизге эмнеси менен жакпайт?

Казулин: - Европанын акыркы диктатору өзгөрдүбү? Ал Прагага келип, "Европанын атуулдары, адамзаты, мени кечиргиле, мен каталарымды мойнума алам" деп айтса бир жөн эле. Бирок тескерисинче болуп жатпайбы. Беларус сыналгысы европалыктар өз катасын моюнга алышы керек деп жатат. Диалог дегенибиз менен, иш жүзүндө беларус бийликтери менен Евробиримдик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү жабык эшик артында болуп жатат. Ага демократиялык коом тартылган жок.

Азаттык: - Өткөн айда, 19-февралда Евробиримдиктин тышкы иштерин тейлеген Хавиер Солана Минскиге барып келди. Сиз анын сапарына эмне үчүн каршы болдуңуз?

Казулин: - Солана мырза Беларустагы катаң саясий репрессиялардан кийин келди. Мурда бошотулган саясий айыпкерлер кайра камакка алынды. Ыйык Валентиндин күнүндө кыздарды сабап, балдардын кабыргасын сындырышты. Мээси чайкалгандар болду. Ал эми 16-февралда Дайынсыз жоголгон адамдар жана саясий айыпкерлер менен боордоштук күнүндө демонстранттарды күч менен кууп таркатышты. Ушуларды көрүп туруп, Солана визитинен баш тартыш керек болчу.

Азаттык: -Айрым аналитиктер Европа Беларусту Орусиянын таасир чөйрөсүнөн алып чыгуунун гана аракетин көрүп жатат деп айтып жатышпайбы?

Казулин: - Бүгүн баары эле Орусияны желмогуз көрсөтүшөт. "Биз Беларусту Орусиядан сактап калышыбыз керек" дешет. Президент Лукашенко коркутуунун жолун жакшы билет. Ал Батыш менен Орусиядан кимисинен болсо да пайда көргөнгө далалаттанат. Кеп акчада гана болуп жатат. Мындай кырдаалда биз асыл-нарктарды унутпашыбыз керек. Алар биздин жашообуз, биздин тагдырыбыз менен соодалашып жатышат. Алар бизди танктын алдына ташташууда. Европалыктар ушуну унутуп жатышат. Биз азыр танктын алдында тепсендиде калдык.

Азаттык: -Сиз бир канча жолу Лукашенконун абалы начар деп айткансыз. Бирок ал 15 жылдан бери бийликте отурат. Ал дагы канча убакыт бийликте калат деп ойлойсуз?

Казулин: -Мен окумуштуу, философ катары айтаар элем, бул дүйнөдө баары тең салмакталып турат. Эгер акыйкатсыздык, карамүртөздүк көп болуп кетсе, тараза ташы каршы жакка оойт. Бүгүн Лукашенко таразаны болгон күчү менен кармап турат. Бир күнү таш каршы тарапка оорунда менде эч кандай күмөн жок.

Глобалдык экономикалык кризис беларус бийликтерин жарга такады. Биздин административдик, борбордон башкарылган система эскирип калды. Лукашенко өкмөттү колхозундай башкарып жатат. Бизде азыр СССР ыдыраардын алдындагыдай абал түзүлдү. Эч ким мындай болот деп ойлогон эмес. Эгер Европа бир чечимге келсе, тарых баарын өз ордуна коюп коет.
XS
SM
MD
LG