Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:06

Марттын башында Беларус бийлиги Евробиримдик менен эми жанданып келаткан мамилелерине суу септи: президент Александр Лукашенко Евробиримдиктин мартабалуу аткаминерлери менен узактан макулдашылган жолугушуудан баш тартты.

Жакында эле расмий Минск Биримдиктин “Чыгыш өнөктөштүк” долбооруна кирүү үчүн бир катар реформаларды жүргүзүүгө макулдук берген. Бирок президент Лукашенконун акыркы аракеттери Беларус Брюссел менен мамиле түзүүгө азырынча даяр эместигин айгинелегенсийт.

11-мартта Беларус президенти Александр Лукашенко Евробиримдиктин тышкы байланыш боюнча атайын өкүлү Беннита-Феррера Валднер менен маанилүү жолугушуудан күтүүсүз баш тартып, Арменияга шашылыш жөнөп кетиши - Биримдиктин аткаминерлерин таң калдырды.

Минскиге эки күндүк сапарга даярданып жаткан Валднер айым президент Лукашенконун мындай чечимин 24 саат калганда укту. Евробиримдиктин элчилери да президенттин чечиминен кабардар эмес болчу.

Лукашенконун акыркы аракеттери Беларусту Орусиянын таасиринен алып чыгууга аракет жасаган Брюсселди ыңгайсыз абалда калтырды. Себеби бир апта ичинде Евробиримдик мурдагы Советтер союзунун курамына кирген 6 өлкөнү, анын ичинде Беларусту “Чыгыш өнөктөштүк” долбооруна чакырары күтүлгөн.

“Чыгыш өнөктөштүк” долбоору - Армения, Азербайжан, Грузия, Молдова, Украина жана Беларуска биримдикке мүчө 27 өлкө менен эркин соода жүргүзүүгө, ошондой эле Евробиримдикке визасыз каттоо мүмкүнчүлүгү берилмек.

Беларусту долбоорго кошуу демилгеси мурдагы экс-советтик 6 өлкөдөгү Орусиянын таасирин азайтып, Евробиримдикке жакындатуу Брюссел үчүн өтө маанилүү.

Өткөн жылга чейин расмий Минск Брюсселдин бир катар сунуштарын, анын ичинде Европалык Коңшулук саясаты өңдүү долбоорго кошулууга ынабай келген. 2008-жылы Орусия менен Грузия ортосундагы кыска мөөнөттүү согуштан кийин Кремлдин Тбилисиге жасаган кысымынан чоочулаган Минск Евробиримдиктин сунуштарына жооп кайтарууга мажур болгон. Брюссел менен мамилелерди жакшыртуу үчүн расмий Минск саясий туткундарды абактан бошотуп, оппозиция жана эркин басма сөз каражаттарына киргизилген айрым чектөөлөрдү алып таштады.

Беларус бийлигинин мындай аракеттерине баа берген Евробиримдиктин аткаминерлери расмий Минск менен саясий диалогду жандандырып, Биримдиктин тышкы саясат боюнча координатору Хавиер Солана февралда Минскте иш сапары менен болду.

Сапары маалында Солана мырза эгер Лукашенко Евробиримдиктин колдоосун алгысы келсе, айрым шарттарга макул болушу керектигин кыйыткан. Солана Евробиримдиктин жыйынында сүйлөп, Беларус лидери Лукашенко Кремлдин күн санап өсүп аткан кысымына тынчсызданып жатканын, мындан сырткары Эл аралык валюта кору Беларуска берген насыяга ыраазылыгын билдиргенин айтты.

Бирок ошону менен бирге Лукашенко “Грузиянын жикчил аймактары Түштүк Осетия менен Абхазияны көз карандысыз деп тааныбайм” деп убада берүүдөн баш таркан. Анын айтымында, мындай чечимди Беларус парламенти “демократиялык” жол менен май айында кабыл алышы керек.

Брюсселдеги дипломаттар буга чейин Минскке көңүл бөлбөй коюу - эч кандай натыйжа бербегенин мойнуна алышат. Андыктан “Чыгыш өнөктөштүк” долбооруна Беларус кирмейин, маңызын жоготот дешет.
XS
SM
MD
LG