Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Австрияда кесел кыйналбасы үчүн баары жасалат


Медицина илимдеринин доктору, профессор Жанек Белеков
Медицина илимдеринин доктору, профессор Жанек Белеков

Медицина илимдеринин доктору Жанек Белеков ушу тапта Австриянын борбору Венада бир айлык кесиптик сапарда жүрөт.

Профессор Белеков- Бишкектеги Ахунбаев атындагы клиникалык оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы. Дарыгер өз сапары, австриялык ооруканалардын медициналык техника менен жабдылышы жана Кыргызстандагы дарыгерлерди даярдоо боюнча кабарчыбыз Амирбек Азам уулуна интервью берди.

“Азаттык”: - Жанек мырза! Австриянын борбору Венадагы чоң госпиталдардын биринде бир айлык сапарда жүргөн экенсиз. Бу сапарыңыздын максаты кандай? Кепти ушунан баштасаңыз.

Ж. Белеков: - Венанын Кайзер Франц атындагы мен адистешүү өтүп жаткан ооруканасынын хирургиялык бөлүмүн профессор Жозеф Карнер жетектейт. Бөлүмдө алдыңкы технологияны, анын ичинде лапароскопиялык технологияны колдонушуп, адамдын ички органдарында бүгүн мүмкүн болгон бардык хирургиялык операциялар жасалат. Менин сапарымдын максаты мына ушул европалык үлгүдө жасалчу операцияларды көрүү. Ошон үчүн ар күнү операцияларга катышам.

“Азаттык”: - Кыргызстандык дарыгерлердин европалык деңгээлде хирургиялык операцияларды жасоо колдон келет, ал үчүн тийиштүү медициналык жабдуулар, дары дармек керек деген сыяктуу сөздөрдү укканмын. Мына ушундай шартта сиздей илимдин доктору, профессор үчүн тажрыйба алмашуунун пайдасы барбы?

Ж. Белеков: - Бул өтө жакшы суроо. Биз кыргызстандын шартында оорукчанга европалык деңгээлде медициналык жардам көрсөтө алабызбы? Бизде, тилекке каршы, Венадагыдай алдыңкы технология менен медициналык жабдуулардын түрлөрү көп эмес. Кээ бирлери жок. Хирургия, грекчеден которгондо колдун аракети, чеберчилиги деп которулат. Анткен менен, бүгүн алдыңкы технологиясыз жогорку деңгээлде сапаттуу операция жасоо мүмкүн эмес. Мисалы, ичеги-карындын рак илдетин азыркы деңгээлде операциялоо үчүн лапароскопиялык аспаптар керек. Андай операцияда лапароскопиялык аспаптарды пайдалануу үчүн жаңы технологияны үйрөнүү зарыл.

“Азаттык”: - Ошол эле маалда доктурлар арасындагы жоопкерсиздик жөнүндө көп айтылып жүрөт. Мисалы, төрөт учурунда жана төрөткө чейин зарыл медицианалык эрежелер сакталбай наристелер көз жумуп калганы жөнүндө биздин “Азаттыкта” да кеп болгон. Бул эмнеден болууда деп ойлойсуз?

Ж. Белеков: - Ырас, акыркы жылдары Кыргызстанда энелердин өлүмү кездешет. Анын көп себептеринин биринчиси: социалдык-экономикалык фактор. Себеби, боюнда бар аялдар сөзсүз көзөмөл астында болууга тийиш. Кээде аялдарда убактысы жетпей же акчасы болбой калып, төрөтканага ооруусу өтүшүп кеткен учурда келип түшөт. Эгер кош бойлуу аялдар өз маалында контролдон өтсө, бөйрөк ооруларын жана анемияны тереңдетпей дарыласа болот. Арийне, төрөтканаларды да алдыңкы технологиялык жабдуулар менен камсыз кылуу зарыл. Биздин дарыгерлердин билими талапка ылайыктуу.

“Азаттык”: - Жанек мырза! Статистикалык маалыматтарга караганда, кыргызстандыктар арасында наитуура тамактануудан, булганч суудан, тазалыкты сактабаганга байланыштуу чыккан оорулар көбөйүп баратыптыр. Буга катар эле ден соолук үчүн ар бир адам өзү жооптуу экенин кээ бир дарыгерлер айтып жүрүшөт. Бул маселеге сиздин пикириңиз кандай?

Ж. Белеков: - Бул өтө туура суроо болду. Адамдын ден соолугу 95 процентке доктурга эмес, өзүнө байланыштуу экенин бир илимий журналдан окуганмын. Себеби, арак-шарапты, майлуу тамактарды ашыкча көп жебей ден соолукту чың кармоо, мүнөздөп тамактануу, спорт менен машыгуу, жакшы маанайда жүрүү, адамдын өзүн сыпаа алып жүрүүсү- мунун баары ден соолукка өтө олуттуу таасир этет. Биз өткөөл доорду баштан кечирип жаткан өлкөдө жашайбыз. Анүчүн адамдарда стресске кабылган жагдайлар көп. Европада мындай проблема жок. Ошондуктан, аларда он эки ичегинин жарасы, кан куюлуп кетүү сыяктуу дарттар абдан сейрек кездешет. Бизде бул кадам сайын жолукчу илдет. Дээрлик ар бир нөөмөттө карындын жарасы ириңдеп кеткен(перфоративдик жара), карынга кан жүрүп кеткен кеселдерге операцияга жасоого туура келет. Мунун баары стресстен. Эгер адам гигиенаны, тазалыкты бекем сактап, , стресстик абалда өзүн калбаат кармай алса, туура тамактанса, ичеши-карындын дарты азыраак болот. Атүгүл ичеги-карын ооруларынын бир себеби натуура тамактануу экени жөнүндө теория да бар.

“Азаттык”: - Урматтуу профессор! Австрия сыяктуу өнүккөн жана бай өлкөнү Кыргызстан менен салыштырып, эки жакка мүнөздүү илдеттер жөнүндө да айта кетсеңиз...

Ж. Белеков: - Австрияда бөйрөктүн ташы, жоон ичегинин онкологиялык илдети, бөйрөккө байланыштуу жана башка жугуштуу ооруулар абдан сейрек жолугат. Кыргызстанда бөйрөктүн эхинококкозу жана бөйрөктүн альвеококкозу сыяктуу эндемикалык оорулардын очогу саналат. Себеби, кылымдар бою кыргыздар мал чарбачылыгы менен алектенген. Совет заманында эхинококкозго каршы профилактикалык иш чаралар үзбөй жүргүзүлүп турган. Эт туш келди жайда сатылган эмес. Азыр жолбун иттерди атуу, этти касапканларда текшерүүгө жетерлик маани берилбейт. Ошон үчүн эл ичинде жаныбарлар менен айбанттардан жуккан оорулар көбөйүүдө. Биз да эндемикалык ооруларды көп операция кылабыз. Европада бул жок.

“Азаттык”: - Жанек мырза. Бишкекте медициналык академияда окуган бир таанышым пара берип зачет алган студенттер бар экенин айткан эле. Медициналык кесип коммерциялык негизге коюлганы окуунун сапаты начарлап кеткени жөнүндө да эшиткеним бар. Башка окуу жайда болсо да медициналык университетте мындай паракорлук болбош керек го...

Ж. Белеков: - Бул биздин жашоонун шойкумдуу чындыгы жана проблемасы. Бизде эч нерсе билбесе да окууну бүтүп, диплом алган дарыгерлер бар. Дарыгерлик кесиби боюнча жүргөн жана иштеп жүргөн да адамдарды билем. Бул өтө коркунучтуу. Мен окууну бүткөн жылдары Фрунзедеги медициналык институт советтер союзундагы беш мыкты медициналык институттун бири саналчу. Биз муну менен сыймыктанчубуз. Ырас, азыр да талантуу, акылдуу, мээнеткеч студенттер бар. Бирок, студенттердин көбүнүн билими тайкы. Аларды медицина тармагына койо берүү опурталдуу иш. Ал үчүн абийири жок педагогдор жооптуу.

“Азаттык”: - Прагадагы бир тааныш дарыгердин өлкө ичинде жасалган операциялар жөнүндө маалыматты маалымат банкына кирип алса болот деп айтканын уккан элем. Австрияда да мен уккандан ошондой болсо керек?

Ж. Белеков: - Австрияда хирургияда баары ачык-айкын. Кайсы ооруканада кандай операция жасалганын дарыгерлер билишет. Венада Европадагы эң чоң клиникалардын бири(AKH) жайгашкан. Өлкө дарыгерлери, ар бир пациент, госпиталда кандай операциялар жасалып жатканын, алардын натыйжасы: кеселдердин айыгуусу, өлүмү жана проблемаларды тууралуу маалыматтан кабардар. Анткени, андай маалыматтар толук Интернетте ачык жайгаштырылган. Ар бир дарыгердин өзүнүн сайты бар. Ал сайтта кандай хирургиялык операцияларды жасаганы, кайдан стажировка өткөнү, кайсы проблемалар менен алектенгени толук жазылган. Ким кааласа, ага дарыгер койгон диагноз менен дарыгердин сайтына кирип тааныша алат. А биз шаардын ооруканаларында эмне болуп жатканын билбейбиз. Себеби, бизде андай салт жок. Ошон үчүн, баздардагыдай эл тиги доктур жакшы операция жасайт экен деп, имиш-имиш сөздөр менен жашайт.

“Азаттык”: - Жанек мырза. Соңку суроом: Австриядагы азыркы иш сапарыңыз буга чейинки сапарларыңыздан эмнеси менен айрымаланат? Сиз бул жолу мурдай байкабаган кандай жаңылыкка күбө болдуңуз? Ушу жөнүндө да айтып берсеңиз.

Ж. Белеков: Мен буга чейин тыш өлкөнүн госпиталдарынын иши менен таанышуу үчүн барсам, бул ирет дарыялоо процессине баштан аяк катышып жатам. Операция учурунда чогуу болом, австриялык хирургдардын түрдүү кырдаалда кандай иштегенин, татаал абалдан кандай чыкканын байкап көрүүдөмүн. Австриялыктарда клиникадагы бардык операциялар үчүн жетекчи, а мен жүргөн клиникада анын башчысы, профессор Карнер жооп берет. Оору кыйналып, жабыркап калбасы үчүн баары жасалат. Операцияга Карнер өзү келип зарыл болгондо жардамдашат. Аларда дагы операция кайталынып жасалган учурлар, оорунун абалы начарлап кеткен учурлар болот. Эч кандай операция жасабаган хирургда гана эч кандай проблема болбойт. Алар ар бир операцияны, анын оң жана терс жактарын кенен-кесир талкуулашат. Аларда башкы дарыгер “айтканым айткандай, дегеним дегендей” деп, катардагы доктурларга кысым көрсөтпөйт. Хирургиялык бөлүмдө иштеген бардык хирургдар түрдүү операцияларды жасашат. Кокус кандайдыр бир катаал жагдай болсо, бар жоопкерчиликти бөлүм башчы же профессор Карнер өзүнө алат экен. Ал тынмы жок иштеп, бардык жоопкерчиликти өзүнө алат экен.

“Азаттык”: - Жанек мырза, ырахмат магиңизге.

XS
SM
MD
LG