Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Белгия: депутаттар паранжыга тыюу салууну колдошту


Паранжы кийүүнү өз ыктыяры менен чечкен Селма Белгия парламентинин алдында, 26-апрель, 2010-жыл
Паранжы кийүүнү өз ыктыяры менен чечкен Селма Белгия парламентинин алдында, 26-апрель, 2010-жыл

Белгия коомдук жайларда паранжыга тыюу салган Европанын алгачкы өлкөсү болуп калды. Бейшембиде парламенттин төмөнкү палатасы бетти чүмбөттөп жашырган кийим кечеге тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды.

Эми аны жогорку палата колго салмакчы. Эмнести Интернешнл (Amnesty International) укук коргоо уюму долбоор дин тутуу эркиндигин бузуу болуп саналат деп сындады. Франция өкмөтү да паранжыга тыюу салган жобону даярдап жатат.

Жыйынга катышкан 138 депутаттын 136сы коомдук жайларда, анын ичинде көчөлөрдө бетти чүмкөп жүрүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун колдоп добуш беришти. Документке ылайык, велосипед же мотоцикл минип жүрбөгөн кезде каска кийүүгө, карнавал учурунан тышкары ар кандай маска тагынууга уруксат берилбейт. Бирок Белгияда жобо “паранжыга каршы мыйзам” деген атка конду.

Мыйзамды бузгандарга 15 евродон 25 еврого чейин айып салуу же болбосо 7 күнгө чейин эркинен ажыратуу каралган. Демилгечилер коопсуздук себептеринен улам, ар бир адамдын жүзү көрүнүп турууга тийиш деп ырасташат.

Долбоорду сунуш кылган “Реформа кыймылы” деген партиянын төрагасы Даниэл Бакелендин айтымында, документ кимдир бирөөлөрдү дискриминациялоону көздөбөйт:

- Анын динге эч кандай тиешеси жок. Биз, албетте, дин эркиндигин, дин тутуу эркиндигин урматтайбыз. Бирок менимче, паранжыны диний символ эмес, эң биринчи кезекте саясий ишара катары кароо керек. Ал жалпы жана эң негизги баалуулуктарга каршы келген баалуулуктарды даңазалайт.

Анын мындай аргументин 22 жаштагы Селма аттуу жаш мусулман аял четке кагат:

- Паранжыны биздин ар-намысыбызды басмырлоо аракети деп баалабаш керек. Аны көптөрү азыр өз ыктыяры менен кийип жүрүшөт. Бул – алардын өз тандоосу.

Долбоордун сынчылары Белгияда мусулмандардын саны жылпы калктын 3-4 процентиндейин гана түзөөрүн, алардын бир уучу эле паранжы кийип жүрөөрүн эске салып, мындай тыюунун кажети бар беле деген суроо салышат.

Брюссел университетинин дин жана секуляризм бөлүмүнүн кызматкери Каролин Сажессердин ырастоосунда, коомдо исламга байланыштуу чочулоо өсүп жаткан кезде саясатчылардын көбү долбоорго каршы ой айтууга батына алышкан жок.

Белгиядагы мусулмандар уюмунун вице-президенти Изабель Прай жобо дискриминация, кастыкка, а түгүл, мусулмандарга каршы зордук-зомбулукка жем ташташы мүмкүн деген көз карашта.

Эмнести Интернешнл (Amnesty International) укук коргоо уюму жобону дин тутуу эркиндигин бузуу катары сыпаттап, ал – “кооптуу үлгү” болуп бериши ыктымал деп сындады. Уюм Белгия парламентинин жогорку палатасын – Сенатты добуш берүүнүн алдында долбоорду жакшылап карап чыгууга үндөп, тыюу салуу өлкөнүн адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерине каршы келиши ыктымал деп эскертет.

Бирок байкоочулардын көбү долбоор Сенатта да өтөт деп ырасташат.

Ушундай эле долбоор Франция өкмөтү тарабынан даярдалууда. Премьер-министр Франсуа Фийон шаршембиде билдиргендей, Улуттук Ассамблея аны июль айында карай баштамакчы. Өткөн жумада Нант шаарында мусулман аялга паранжычан машина айдагандыгы үчүн айып салынып, окуянын айланасындагы талаш-тартыш азыркыга чейин тынчый элек.

XS
SM
MD
LG