Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Берлин дубалынын кулаганына 20 жыл


31-октябрдан тарта Германияда Берлин дубалынын кулашынын 20 жылдыгына байланыштуу салтанаттар башталды. Буга байланыштуу Берлинге мурдагы СССР, АКШ жана ФРГнын лидерлери – Михаил Горбачев, Жорж Буш (атасы) жана Гелмут Кол келишти.

Германиянын учурдагы президенти Хорст Кёлер Кансыз согуштун акырына чыгып жана өлкөнүн биригишинде ойногон ролдору үчүн бул саясатчыларга ыраазычылыгын билдирди.

Берлин дубалы 1961-жылы тургузулган жана глобалдык карама-каршы туруудагы эң белгилүү символ болгон. Дубал 1989-жылы, ноябрда Германия бириккен учурда кулаган.

Узундугу 155 чакырымга жеткен дубал ГДР жана ФРГ өлкөлөрүн бөлүп турган. Башкача айтканда, капиталисттер менен коммунистердин чеги ошол жерден өткөн. Анын 43 чакырымы Берлин шаарынын ичи менен өтчү. Дубалдын бийиктиги 3 метр 60 сантиметр келген. 302 жерге сакчылар жайгаштырылып, ал жердерле чекти кайтаргандар турушчу. Ошол дубалдын алынып салынышы - чоң державалар болуп эсептелген АКШ менен СССРдин тил табышына жараша болгон.

Бул тарыхый учурду жүзөгө ашырууда Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш, Советтер Союзунун башчысы Михаил Горбачев жана Батыш Германиянын лидери Гелмут Кол салымдарын кошкон. Ошол кезден тарта дегеле Европада коммунизм чырагы өчүп, демократиялык түзүлүшкө өтүү өрнөгү башталган.

Салтанатка сый конок катары чакырылган мурдагы үч лидер ал кезде элдин мүдөөсү да ошондой болгонун белгилешет. АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш буларды айтты:

- Биз белгилейли деп чогулган тарыхый окуя Бонн, Москва же Вашингтондун кийлигишүүсүнөн улам пайда болгон эмес. Кантсе да андай кыймыл атуулдардын кудай энчисине баскан укугунан ажырашы алардын акыл-эси, жүрөк мүдөөсүн өйүткөн. Алардын кыймылын жараткан. Дубал аларды жакындарынан ажыратып, экономикага кесепетинен тийгизген. Бирок алардын адам катары эркиндикти каалоосу - алардын үмүтү болуп алга карай үндөгөн.

1989-жылы 9-ноябрда көчөгө эл кылкылдап толуп чыкканда, Чыгыш Германиянын лидери Эрих Хонеккер ошол жылдын башында дубал дагы 100 жылга турат деген кебине карабай, “эми Батыш Германияга жол ачык” деп жар салууга аргасыз болгон.

Михаил Горбачев буларга токтолду:

- Азыр биз талкууга алып аткан тажрыйба, анын натыйжасынан улам кубанып аткан тажрыйба - бири-бирибизге ишенип, бирге иштөө керектигин билдирип турат деп айта алабыз.

Чыгыш Германияда өскөн Германиянын азыркы канцлери Ангела Меркел жана Германиянын президенти Хорст Кёлер салтанатка келген дүйнөлүк лидерлерди жылуу тосуп алышууда.

Белгилей кетчү маалымат: Би-Би-Синин (12-август 2007) жазганына караганда, ГДРдин Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин архивинен табылган документте ГДР бийлиги дубалды аттап, качкандарды, жада калса балдарды да атып салууга буйрук берген.

Ал эми орусиялык булактардын таркаткан маалыматтарына ылайык, дубалды аттай качуу аракети жасагандардын 192си ок жеп, дубал түбүн бойлото казылган каналга чөгүп өлүшкөн. Жарадар болгондордун саны 200гө жеткен.

Тасмада: Берлин дубалынын кулаганына 20 жыл

Берлин дубалы ураганына жыйырма жыл толду. Бул окуяны утурлай Бишкектин көчөлөрүндө "Сиз бул тууралуу кабардарсызбы?" деген суроо узаттык. MiT.

Берлин дубалынын кулаганына 20 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

XS
SM
MD
LG