Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

1989-жылкы ыңкылаптар америкалык журналисттин көзү менен


Майкл Мейер 1989-жылкы ыңкылаптардын кесипкөй байкоочуларынын бири.

Майкл Мейер 1989-жылкы ыңкылаптардын кесипкөй байкоочуларынын бири.

9-ноябрда Берлин дубалы кулаганына туура жыйырма жыл толду. Ошол окуяга өз көзү менен күбө болгон америкалык журналист Майкл Мейер төмөндө 1989-жылкы ыңкылаптардын айрым тагдыр чечээр учурларын эскерет.

Майкл Мейер Айтылуу “Newsweek” журналынын бюро башчысы катары 1989-жылы Борбордук жана Чыгыш Европадагы ыңкылаптар толкунунун кесипкөй байкоочусу болгон.

Ал “Дүйнөнү өзгөрткөн жыл – Берлин дубалынын артындагы айтылбаган аңгеме” атуу жакында жарыяланган китебинде жыйырма жыл мурдагы окуяларга терең жана ар тараптуу баасын берди.

“Азаттык”: Чыгыш жана Борбордук Европадагы ыңкылаптар жөнүндө сөз кылганда, тарыхчылар Польшада ал кездеги режим “Солидарность” кыймылынын айланасына бириккен жана чиркөө колдогон оппозициянын кысымы, Чехияда Вацлав Гавел сындуу инсандардын жетекчилиги менен тез эле уюша алган элдин басымы астында кыйрады, Венгрияда өзгөрүү Коммунисттик партиянын өз ичинен келди деген көз-карашка ыкташат. Сиздин пикириңизде коммунизм революциялык же эволюциялык жол менен куладыбы?

Майкл Мейер: Өзгөчө бизде, америкалыктар арасында эл Чыгыш Европада өзүнөн-өзү көтөрүлдү, өзгөрүүлөр төмөндөн башталды деген бир миф бар. Бирок көп жерлерде бул үстүртөн да келди да. Алсак Венгрияда өзгөрүү Коммунисттик партиянын алкагында, өзгөчө анын жаш мүчөлөрү арасында жаралды. Демократияны баары талкуулашты. Алар колдонгон сөз айкашы терең демокаратия, саясий эркиндиктер менен экономиканы мамлекет көзөмөлдөөсүнүн ортосундагы тең салмактуулук эле. Ал эми тандоо жасоо талап кылынган учурундун ар биринде алар жеке эркиндик үчүн кадам шилтешти. Өзгөрүү абада турду. Мисалы Польшада баары, анын ичинде Компартиянын адамдарынын өзү да “Солидарность” кыймылынын мүчөлөрү болчу. “Солидарность” оппозициячыл уюм да, профсоюз кыймылы да болбой калган. Ал коомдун саясий ишенимине, катмарына карабай баарын камтыган бирикмеге айланган. Жубайлары да партия мүчөсү деп эсептелген Компартия төбөлдөрү арасында да “Солидарность” айткандардын дээрлик баарына макул болушкандар бар эле. Атүгүл шайлоону “Солидарность” эмес, генерал Войцех Ярузельскинин өзү сунуш кылган. Ал оппозиция менен тегерек үстөлдө сүйлөшүүнү сунуш кылгандардын бири. Себеби Москвадан мурдагыдай көрсөтмө келбей калды, иш жүрбөй калды, баарын эми өз колго алуу керек деген сезим пайда болду.

“Азаттык”: Жыйырма жыл илгери Чыгыш Европаны каптаган толкундун туу чокусу - Берлин дубалынын кулашын Чыгыш Германиянын ошол кездеги парттөбөлдөрүнүн бири Гүнтер Шабовскинин олуттуу жаңылыштыгы алып келгендей туюлат. Ал 9-ноябрдагы пресс-конференцияда колундагы кагазда жазылгандагыдан чаташып, Батышты көздөй өкмөт көзөмөлдөгөн, бирок эркин катоо келерки күндөн тарта дегендин ордуна дароо күчкө кирет деп айтып алган. Ошондо кылкылдаган эл дубалды көздөй бет алган эле. Сиз ошол кезде Чыгыш Берлинде экенсиз. Андан соң эмне болду?

Майкл Мейер: Шабовски үйүнө, башкалары көңүлдөштөрүнө кетишти. Жетекчиликтин айрымдары операга барышты. Ошентип, режимдин өмүрү жардын кырында турган кезде эч ким үйүндө болгон жок. Чыгыш Берлиндин Бернхолмер көчөсүндө ошондо кандайдыр бир көрсөтмөсүз калган чек ара сакчысы дарбазаларды ачып жиберген. Мен “Чарли” деген көзөмөл бекетте чек арачылардын капитанын карап турдум. Ал дагы парттөбөл Шабовскидей эле ийнин куушуруп койду. “Жакшы болот, ачкыла”, - деди. Ошентип, тарых жазылды.

“Азаттык”: Берлин дубалынын кулашы Чыгыш жана Борбордук Европанын көпчүлүгү үчүн ыңкылаптардын тынч аякташына алып келди. Бирок баары эле сыдыргыга салгандай тегиз кеткен жок. Будапешт, Берлин, Прага майрамдап жаткан кезде, Бухаресте кан төгүлдү. Сиз эмнелерди эстей аласыз?

Майкл Мейер: Жыйырма жылдан соң биз кээде бул окуялардын өзгөчө учурларын унутуп калабыз. Биз арты эмнеге айланып кетерин билген жокпуз да. Сиз айткан өлкөлөрдө полицияга каршы чыгуу өзгөчө эрдикти талап кылган. Мен майдан тилкесинде жүргөн жокмун, “Newsweek” журналы тарабынан корголгон да элем, бирок абдан эле коркком. Сиз Праганын, Дрездендин, Лейпцигдин, өзгөчө 9-октябрда Лейпцигдин көчөлөрүнө чыкканыңызда, өмүрүңүз өз колуңузда эле. Румынияда болсо мен Жаңы жылдын жуп алдында көрүстөндө туруп, бир адамды көргөнүмдү унута албайм. Ал жаш деле эмес, элүүнүн тегерегиндеги киши экен. Жааган кар анын анын ачылган табытына түшүп, көзүнүн кабагына топтолуп калган. Муну көргөндө жүрөгүм ооруган. Ошондон тарта бул тууралуу сөз кылганда түйшөлөм. Жибек ыңкылаптар - Американын, Европанын, дүйнөнүн сүйүктүү ыңкылаптары. Сиз айткандай Прагада көчөдө майрамдашты, Вацлав Гавел, артисттер бийлеп жатышты, эч кандай зордук–зомбулук болгон жок. Бирок Румынияда такыр башкача кетти. Бул Югославиядагы террордун алды эле.

“Азаттык”: Чыгыш жана Борбордук Европа үчүн ошол чечүүчү , 1988-89-жылдары сиз аймакты көп кыдырдыңыз. “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун аймакка тараткан берүүлөрү ошол мезгил үчүн канчалык маанилүү болгон?

Майкл Мейер: Абдан, абдан чоң болду. Силер жоопкерчилик менен тактыктын үнү болдуңар. Ар бир булуң-бурчка жетип жаттыңар. Силерди олуттуу себептен улам өчүрүп турушкан. Биз “Newsweek” журналы 1989-жылдын жайында ал кездеги румын лидери Чаушеску менен эки саатка созулган интервью уюштурганбыз. “Азаттык жана Эркин Европа” радиосу ал интервьюнун стенограммасын ободон окуган. Мен ошол жылдын декабрында Румынияга ыңкылап учурунда кайтып, токтогон мейманканамдан сыртка чыгып бара жатканымда ошол мейманкананын коопсуздук кызматынын башчысы “сиз “Newsweek” журналында абдан жакшы макала жазган экенсиз”, -деп айтты. Ал расмий түрдө “мамлекеттик сыр” деп эсептелүүчү. Ал эми мейманканадагы сакчынын билгендиги бир чети - “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун берүүлөрүнүн Румынияга да тараганы. Ал жерде айланада эмне жүрүп жатканы жөнүндө көпчүлүк биле берчи эмес. Силер алдыга тез жылуу үчүн чындыкты айткансыңар. Чындык болсо ошол учурда таңкыстык эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG