Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:21

Нуржамал Аксаамайева: Берлин дубалынын кулашына күбө болгом


Берлин дубалы

Берлин дубалы

9-ноябрда Германия Берлин дубалынын кулашына мындан 20 жыл илгери Германияга туристтерди жетектеп барган Нуржамал Аксаамайева айым күбө болгон.

Азаттык: - Нуржамал айым 9-ноябрда Германия өлкөсү Берлин дубалынын кулашынын 20 жылдыгын белгилеп жатат. Сиз ошол учурда Кыргызстандык туристерди Германияга жетектеп бардыңыз беле?

Аксаамайева: - Ал мезгилде мен "Интурист" агенттигинде иштеп жатканмын, биз Кыргызстандан туристтерди коштоп ГДРге дагы барчубуз. 1989-жылдары Германияга эки жолу бардым, бир жолу жазында, экинчи жолкусу күзгө туш келди. Ноябр айында “Достук” поезди менен ар кайсы республикалардан топтолуп бардык, Анда Советтер Союзу бар кез. Он вагон, туристтик он топ болуп бардык да, 17-ноябрда 1989-жылы Берлинге келип токтодук.

Азаттык: - Ошол учурдагы эки Германияны бөлүп турган дубалдын алынышына, талкаланышына 20 жыл убакыт өтүп атат да. Ошол окуяларга күбө болуп калдыңыздарбы сиздер дагы, ноябрда бардык деп атпайсыздарбы?

Аксаамайева: - Ошол ноябрь айынын 17синде Берлинге келдик. 9-ноябрда Берлинде тополоң башталды деп угуп калдык.
Эми ошонун чекесине өзүбүз да күбө болуп, Берлинге келгенде элдин маанайын караганда баары бир бир четинен көңүлдүү, бир нерседен үмүт этип, бир нерсени күткөн кишилердей болуп жатты да.

Бир жагынан караганда улгайган кишилер болсо, алар алдыда эмне болот деп, бир нерседен коркконсуп дагы жүрдү да. Көчөдөн жоолуккан кишилерди көргөндө ушундай пикирде калдык.

Өзүбүз да тынчсызданып, “биздин саякатыбыз кандай өтөт ?” десек, бизди тосуп алган туристтик фирманын өкүлү дагы “силер коркпой эле койгула. баары жакшы эле болот” - деди.

Берлинде бир сутка жүргөндөн кийин башка шаарларга кетмекпиз. Жолго чыкканда биз кетип жаткан оң жак жол бошураак эле болчу. Биз кыйынчылык жок эле өзүбүздүн маршурт, багыт менен жүрүп жаттык. Бирок маңдайыбыздан чыккан сол жак жол километрби же канча километр экенин билбейбиз, машиналар бири-биринен тизилип, бир метрден эле жылып аткандай көрүнүшкө күбө болдук.
“Бул эмне болуп атат?” деп сурасак биз менен кошо жүргөн жанагы туристтик фирманын өкүлдөрү айтып калды.
“Булар Батыш жакка шашып аткан эл”- деп алар түшүндүрдү.

Мурда алар бири-бирине баралбай, туугандары менен катыша албай, өлүм-житим же тойго атайы уруксаат менен барчу экен да.
Биз өз көзүбүз менен көргөнүбүз кээ бир жанагы өткөргөн пункттарга эл тыгылып, бири-бирин түртүп, машиналарын жолго эле таштап эле кетип жаткандай сезилди.

Машинасына дагы кайыл болуп, тоскоолдук жок болсо дагы тияка өтөлү деп, жанталашып жатышты.

Учуру менен биз саякатыбызды улантып башка шаарларга да бардык, чоңураак дүкөндөрүнө полицейлерди коюп, көзөмөл кыла башташыптыр.

Дүкөнчүлөрүнөн сурасак “бизге ошондой буйрук түштү, туристтер болсо дагы, ар бир товардан көп алганга уруксаат жок, бирден алсаңар болот” - деди.

Азаттык: - Эми сиз ошол Германияга бир нече жолу барыптырсыз, Берлин дубалын жана анан жанагындай тоскон чек ара тилкелерин өз көзүңүз менен көргөнсүз да?

Аксаамайева: - Ошол дубал бар кезинде анда 1989-жылдан мурда барганда ошонун түбү менен метрого түшкөндө кээ бир ачык жерлеринде дубалдын түбү менен эле кетип жүрдүк. Бир эле шаарды экиге бөлүп койгонуна таңгалган учурларыбыз болгон.

Азаттык: - Ошол сиздер көргөн Берлин дубалынын бийиктиги канча экен?

Аксаамайева: - Бийиктиги, жаңылышпасам, эми 20 жылдан кийин элестесем, үч метрдин тегерегинде же үч жарым метр болушу мүмкүн. Берлинде теле мунарасы бар эмеспи, ошого алып барышты. Ошол сыналгы мунаранын 140 метр бийиктикте кафеси бар экен. Ошол кафеси жай айланат экен да, тегеренип турат. Ошондо Батыш Берлин дагы, Чыгыш Берлин дагы алакандай көрүнүп турат эле.

Ошондо да көрүнүп турду өйдө жактан Берлин дубалы.

Немистер бара-бара көнүп калдыбы?

Бизге түшүнүксүз болду да, бир шаарды эле экиге бөлүп коюп, биз биягында жүрөбүз, ары жагында башка мамлекет болуп атат да.
Ал жакка барганга уруксаат жок экен.

Биз уккан маалымат боюнча 1961-жылы курулган дубалдан ошондо эле тиги батыш жагына өткөнгө аракет кылгандар болуптур да. Ошолордун арасынан, окуганыбызга караганда, жүздөн ашык же бир жүз элүүдөй киши каза болсо, чынына келгенде кийин укканыбызга караганда миңден да ашкан киши дубалды ашып өтүүгө аракет кылышкан экен.

Ошентип, дубалды ашып өтөбүз деп аракет кылып каза болгон кишинин саны миңден ашуун дешти.

Азаттык: - Нуржамал айым, сиз учурунда аркы капиталисттик түзүлүштөгү Федералдык Германия Жумуриятына да бир нече ирет барган экенсиз? Ошол учурдагы эки өлкөнүн айырмачылыктарын байкай алдыңыз беле?

Аксаамайева: - Батыш Германияга мен биринчи жолу 1976-жылы котормочу катары делегациянын курамында баргам. Биздин багытыбыз учак менен Москвадан Франкфурт шаарына келип токтоп, андан ары Гамбург шаарына чейин автобус менен алып барышты.
Биз үчүн бул өлкөнүн айырмасы абдан чоң болду. Себеби биз кино көргөндөй эле таасирде калдык. Мурда батыш тууралуу китептерден окуп, кино тасмалардан көрсөк, аны жакындан билдик.

Ошол учурда эле ГФР берки Чыгыш Германияга караганда бир топ эле өнүккөн мамлекет экен. Бирок бизге жакпай турган терс жактары да бар экен. Биздин тарбияга ылайык эмес көрүнүштөргө да күбө болдук.

Германиядагы Берлин дубалы кулап, кошулгандан кийин дагы эки-үч жолу бардым. Эми бириккен бир өлкө болуп калышты.

Бул бириккендик алар үчүн абдан эле жакшы жагына утуш болуп берди. Себеби бир топ немис тааныштардын айтымында ар бир “медалдын эки бети бар” дегендей жакшы жана жаман жактары да бар. Бирок учурдагы Чыгыш жагындагы жаштар ошол түзүлүштө жашагысы келбейт. Себеби жаштар үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүктөр бар дешет. Билим алганга, жигердүү иштеп, эки жакка саякатка чыкканга кенен жол ачылган дешет.

Немис достор дагы айтып, “Ушул Берлин дубалы кулабаса биз сиздер менен көрүшүп, эгемендүү болгон бир нече өлкөлөр менен дипломатиялык байланыштар болот беле” деп бул окуянын маанисине терең баа беришет. Чынында эле чыгыш Германиянын өнүгүшүнө Батыш тарабы зор салым кошту.

Биздей эгемендүүлүктү жаңы алган өлкөгө караганда алардын жолу кыска, кыйынчылыктары аз болду. Туугандарынан батыштыктардан абдан чоң жардам көрүп жатышты.

Азаттык: - Берлин дубалынын кулашы менен Сиз айткандай Европа мамлекеттери менен эгемендик алган өлкөлөрдүн ортосундагы дипломатиялык, экономикалык, соода, туризм тармактарындагы байланыштын чыңдалышына өбөлгө болду да?

Аксаамайева: - Өзгөчө чыгыш жагынан келген адамдар ушундай пикирде экен. “Себеби Берлин дубалы урабаса азыркыдай көп өлкөлөр менен мамиле түзүлөт беле ким билет? Маданий-экономикалык байланыштар болот беле айтуу кыйын” - дешип өз ойлорун айтышат.

Азаттык: - Берлин дубалы кулагандан кийин Кыргызстандагы немис калкынын бир топ өкүлдөрү да Германияга кетип калышты да?

Аксаамайева: - Бир чети ал жагдай дагы себеп болду. Муну мен өтө өкүнүч менен айтам.

Мындан 20 жыл мурда Кыргызстанда жүз миңден ашуун немис калкынын атуулдары жашап келсе, бул күндөрү алардан 15-20 миңдейи эле калды. Ошол Берлин дубалы урагандан кийин буларга дагы ыңгайлуу шар түзүлүп, көбү Германияга кетип калышты. Германия жактан дагы аракет болуп, немис калкы Кыргызстанда бул жакта эле калып, достук байланыштарды чыңдап турсак, биз жардам берип турсак деген ой-пикирлер болду.

Бирок мындай иш-аракеттер, долбоорлор кечигип башталып калды көрүнөт.

Дагы бир кубанычтуу нерсе акыркы эки-үч жылда кайра Кыргызстанга келген немистер болуп жатат.

Бул жактан кеткен немис агайга жолугуп калдым. Учурунда Таласта туулуп, өсүп, Бишкекте билим алып, Кыргызстанды абдан жакшы көрөт экен. Бишкектеги айыл чарба академиясында мугалим болуп иштеген экен. Германияга кеткенден кийин биринчи ирет кайра Кыргызстанга келишим дейт.

Өзүмдүн эли-жерим деп Кыргызстанды эсептейм, тоолорду абдан сагындым деп, кетээринде буркурап ыйлады.
XS
SM
MD
LG