Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Берлин дубалы урап, Кыргызстанга эгемендик келгенден бери 100 миңден ашуун немис жарандары Германияга көчүп кетишкен.

Көчпөй калгандардын алдында эне тилин, улуттук каада-салттарын унутуп, башка калктарга сиңип кетүү коркунучу турат.

Немистер Кыргызстанга Орусиядан 19-кылымдын аяк чендеринде көчүп келишкен. 130 жылдан бери Алатоону мекендеп келаткан мээнеткеч калктын кыйласы Берлин дубалы урап, батыш менен чыгыш Германия кошулган соң тарыхый Мекенине кайтышып, ушу тапта 120 миңге жакын немистердин 12-13 миңдейи гана калды. Алар негизинен Чүй боорунда, Көл кылаасында жашашат. Катары калың жамааттын антип туулуп өскөн жеринен көчүп кетүүгө мажбур болуусу көбүнесе улуттук тилди, каада-салтты унутуп калбоонун айынан чыгууда.

- Туура, иштин баары тилден чыгууда, бул талашсыз нерсе. Өмүр бою орус тилинде окуп келдик. Айрымдар, мисалы биз Казакстанда жашадык. Ал жерде биз орус, казак тилин көбүрөк окудук. Немис тилине андай камкордук көрүлбөдү. Азыр бизге аябай эле кыйын болууда. Бирөөлөр Германияга көчүп кетишти, ал жерге барышса өз эне тилин билишпейт,- деп айтты Владимир Краузе.

Бала кезинде үйүндө немисче сүйлөшүп, эне тилин азыноолок билип калган аксакал эми деле сөзмөр киши болсо унутулган кыйла сөздөрдү эсине түшүрмөк.

- Германияда болуп ал жерде үч ай жашап келдим. Ал жердеги немистер менен сүйлөшүп, бала кездеги көп сөздөр эске түштү. Албетте, биз эркин сүйлөй албайбыз. Бул жердеги немистердин көбү өз тилинде сүйлөгөндөрдү түшүнүшөт. Бирок сүйлөөгө келгенде кыйналып калышат,- дейт В.Краузе.

Башка тилде билим алган кыргызстандык немистердин көбү эне тилинде сүйлөй алышпайт. Москва районундагы Аксуу айылында жашаган Марина Долбня улутташтарына эне тилин үйрөтүү, каада-салттарды сактоо максатында биртоп иштер жасалып жатканын ырастады. Анын айтуусунда, Москва районундагы бир да мектепте немис тили окутулбайт.

- Тил жоголуп баратат. Бул биз үчүн проблема болууда. Ошол үчүн биз болгон аракетти жасап жатабыз. Тил үйрөнүүчүлөр клубу ачылган. Балдардын жайкы аянтчасы бар. Ал жерде да балдар тил үйрөнүшөт. Туура, тил проблемасы курч бойдон калууда.

Марина Долбнянын маалымдашынча, кыргызстандык немистердин тең жарымынан көбү өз эне тилин билишпейт. Анын бир себеби немистердин башка улут өкүлдөрүнө үйлөнүп, турмушка чыгуусу арбып, башка улуттарга сиңишип кетүүсүнө байланышкан. Улуттук ажырымдардын жоюлушу ыкчам жүрүүдө.

Немис жаштардын “Zukunht” кыймылы мына ушул кенемтени толтуруу максатында Германиянын Штутгарт шаарындагы “Колдоо” коому менен байланыш түзүп, ал жерден каалоочуларды Кыргызстанга немис тилин үйрөтүү үчүн чакырууда.

- 6 жыл ичинде бизге Германиядан каалоочулар келип тил үйрөтүшөт. Биз да калыптанган каада-салттарды сактоого аракеттенебиз,- дейт жаштар кыймылынын жетекчиси Елена Дудченко.

Кыргызстандагы немис жамаатынын жетекчиси Валерий Дилдин айтуусунда, тилге байланышкан дагы бир олуттуу проблема чыкты. Ал - немистердин башка улуттар менен аралашып кетүүсү.

- Немис маданиятын сактоо оболу үй-бүлө, андан соң жамаат, биздин коом аркылуу жүргөн.

Мына ушул экилтикти жоготпой, улуттук өз алдынчалыкты сактоо милдети немис жамааты үчүн өзгөчө мааниге ээ болууда. В.Диль кыргызстандык немис жаштарына эне тил, каада-салттарын үйрөтүш үчүн Кыргызстанга немец технологиясындагы германиялык ири ишкананын филиалын ачып, экономикалык кызыкчылык аркылуу улуттук тил, каада-салтты сактоонун аргасы изделип жатканын маалымдады.
XS
SM
MD
LG