Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:49

Берлин фильм фестивалы жыйынтыкталды


“Күмүш аюу” сыйлыгына ирандык режиссер Асгар Фархади арзыды. Берлин. 2009-жылдын 14-февралы.

“Күмүш аюу” сыйлыгына ирандык режиссер Асгар Фархади арзыды. Берлин. 2009-жылдын 14-февралы.

Жекшембиде (15-февралда) өз ишин жыйынтыктаган Берлин фильм фестивалынын (Berlinale) жеңүүчүлөрүнүн ысымдары ишембиде эле жарыяланган.

Мыкты тасма үчүн берилчү эң жогорку “Алтын аюу” сыйлыгы перулук “Кайгынын сүтү” (La Teta Asustada) тасмасына ыйгарылды.

Анда 1980-жылдары энеси зордукталган соң бойго бүтүп, жарык дүйнөгө келген айымдын тагдыры чагылдырылган. Режиссер Клаудиа Льосанын (Claudia Llosa) бул көркөм фильми – “Берлинале” фестивалына катышкан перулук туңгуч тасма экенин да айта кетели.

“Күмүш аюу” сыйлыгы болсо эки тасмага – уругвайлык “Эбегейсиз зор” (“Гигант” - Gigante) тасмасы менен немистердин “Башкалардын баары” (Alle Anderen) деген тасмага ыйгарылды.

Мыкты режиссердук иш үчүн “Күмүш аюу” сыйлыгына ирандык режиссер Асгар Фархади арзыды. Анын “Элли тууралуу” (Darbareye Elly) деген тасмасы ирандык ортоңку катмарга таандык үй-бүлөнүн көйгөйлөрү сүрөттөлгөн.

Кыска метраждуу мыкты тасмалар үчүн берилчү сыйлыктардын ичинен “Кристалл Аюу” сыйлыгы Орусиянын Бурят жергесинде тартылган “Будданын жылмаюусу” (“Улыбка Будды”) тасмасына ыйгарылды.

Режиссер Баир Дышеновдун (Bair Dyshenov) тасмасы бурят жеткинчектин ички дүйнөсү, өз кудайынан корккону, чоочун маданиятты кантип өздөштүрүп жатканы, таттууну жакшы көрөөрү тууралуу жумшак юмор менен чагылдырат.

Лхасаран Тангатов (Lkhasaran Tangatov) башкы ролду аткарган бул чакан тасмада Байкал көлүнүн жанында тепкедей болгон кыштакта жашаган Гомбо деген жеткинчек бала тууралуу баяндалат. Мектептен үйүнө кеч келген баланын көзүн үйдөгү Будданын сөлөкөтүнүн жанына катылган момпосуйлар ушунчалык кызыктырат дейсиң!

Айтор, Берлиндеги бул тасмаларды көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда.

Быйыл 59-ирет өткөрүлгөн “Берлинале” фестивалынын калыстар тобун британ киноактрисасы Тилда Суинтон (Tilda Swinton) жетектеди.

Уюштуруучулардын айтымында, жалпысынан 1238 кинозалда 383 тасма көрсөтүлдү. 136 өлкөдөн 20 миңдей конок келди. Тасмаларды жалпысынан 270 миңдей немис кино ышкыбозу көрдү.

XS
SM
MD
LG