Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

БШК Бакыт Бешимовду депутаттык мандаттан ажыратуу маселесин оболу Жогорку Кеңеш карашы керек деген чечимге келди.


Социал-демократтар фракциясынын мурдагы жетекчиси Бакыт Бешимов 1-сентябрдан бери Жогорку Кеңештин жыйындарына катышкан жок. Кийин ал АКШдан билдирүү таратып, анын өмүрүнө коркунуч туулгандыктан өлкөнү убактылуу таштап кеткендигин билдирген.

Сентябрь айы бүтүп-бүтпөй “Ак жол” фракциясынын мүчөлөрү Бакыт Бешимовдун жыйындарга катышпай аткандыгы тууралуу маселе козгошуп, Этика жана регламент комитетинин төрага орун басары Динара Молдошева, эгер депутат парламенттин пленардык жыйындарына отуз жолу катышпаса мандатын алуу маселеси коюларын айткан.

Эми социал-демократтар партиясы БШКга ырасмий кайрылып, Бакыт Бешимовдун мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, партиянын башка мүчөсүнө мандат берүүнү суранды.

БШК өз кезегинде оболу бул маселени парламент карашы керек деген чечим чыгарды. БШК мүчөсү Аманкул Молдалиевдин айтымында, ал үчүн Социал-демократтар Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошу керек. Өз кезегинде парламентте тиешелүү комитет Бакыт Бешимовдун канча жолу жыйынга катышпаганын, эмне себептен катышпаганын карап, чечимин чыгарат. Эреже боюнча ушундай иштерден кийин гана депутаттын мандатын токтотуу мүмкүн:

- Жогорку Кеңештин төрагасы демилге көтөрүп, жанагы фактыларды топтоп туруп, аларды Этика жана регламент боюнча комитетке жөнөтүш керек. Ал комитет бардык материалдарды карап, изилдеп туруп, негиздүү болсо чечим чыгарышы керек. Ошондон кийин бизге келсе, аны чечип беребиз...

Жогорку Кеңештин Этика жана регламент боюнча комитетинин төрага орун басары Динара Молдошеванын айтымында, азырынча Бакыт Бешимовдун мандатын дароо токтотуп салуу мүмкүн эмес. Анткени “пленардык жыйындарга отуз жолу катышпаса” деген талап толо элек. Бүгүнкү күнү Бакыт Бешимов жумасына 1-2 жолу болуучу ондон ашуун пленардык жыйынга катышкан эмес.
Динара Молдошева

Д.Молдошеванын айтымында, Бакыт Бешимовдун мандатын токтотуунун эң кыска жолу аны партия катарынан чыгаруу болчу. Бирок социал-демократтар мындай кадамга барышкан жок:

- Мен ойлоп атам. Баш мыйзамда башка деле таяна турган нерселер бар болчу. Эгер социал-демократиялык партия Бакыт Бешимовду партиянын катарынан алып, чыгарып салса, анда БШК сөзсүз түрдө анын мандатын алып, тизмедеги кийинки талапкерге бермек....

БШК мүчөлөрү да Б.Бешимов партиядан чыгарылса маселе дароо чечилмектигин айтышат.

Ал эми социал-демократтар Б.Бешимов партиядан чыгарылбасын, ал мурдагыдай эле алардын өкүлү бойдон каларын айтышат.

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Иса Өмүркуловдун айтымында, алардын фракциясы он бир гана адамдан турат. Анын ичинен Б.Бешимов сыяктуу эки-үч депутат иштей албай калышты. “Ошол себептүү бул жакта биздин катарыбыз ого бетер азайып, ишибиз аксоодо” дейт ал:

- Биздин партия үчүн Бакыт Бешимовдун зор салымы бар, зор эмгеги бар. Ошондуктан биз ага чоң ыраазычылык билдиребиз. Ал эч убакта биздин катарыбыздан кеткен жок. Бүгүн ал биздин партиянын мүчөсү, биздин өкүл болуп кала берет. Бизге парламентте анын иштей турган орду гана керек болуп атат.

Эми АКШга качууга аргасыз болгон Бакыт Бешимовдун ордуна Социал-демократтар фракциясын депутат Роза Отунбаева жетектемей болду. Бирок анын мандатын партия тизмесиндеги кийинки адамга берүү иш-чарасы дагы созулат өңдүү.

Айрым саясат талдоочулардын пикиринде, белдүү саясатчыны де-факто өлкөдөн кетирүүгө жетишкен күчтөргө аз убакыт болсо да анын де-факто депутат бойдон турганы пайдалуу. Анткени парламенттеги анын орду кайсы бир мезгилге чейин бош турат. Анын үстүнө Б.Бешимовдун мандатын социал-демократтардын тизмесиндеги кезектеги талапкерге өткөрүүнүн эң кыска жолу, аны партия катарынан чыгаруу болгондуктан, партия жетекчилери бул жерде кандай чечимге келе турганы да кызык болуп турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG