Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Бесландагы террордук чабуулга 5 жыл толду


Бесландагы №1 мектепте болгон торрордук кол салууга 5 жыл толду. 3-сентябрга чейин бул окуяга арналган иш-чаралар өтөт. Түндүк Осетияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Бесланда мектеп окуучулары менен алардын ата-энелери террорчулар тарабынан барымтага алынганда 344 киши набыт болуп, 500дөн ашууну жараат алган.

Бийликтин маалыматы боюнча, Бесландагы мектепти басып алган террорчулардын саны 32ге жеткен, анын 31 өлтүрүлүп, бирөө тирүү калган. Бирок барымтага алынгандар мындай көрсөткүчтү четке кагышып, террорчулардын саны 60тан ашарын ырастап келишет.

1-сентябрь, 2004-жыл. Бесландагы №1 мектепте эртең менен биринчи коңгуроо салтанаты өтүп жаткан. Куралчан террорчулар мектепти курчоого алып, окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди барымтага алышкан. Көп өтпөй бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүн Шамил Басаев алган.

Бийлик комиссия түзүп, иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок анын жыйынтыгы менен террорчулуктун курмандыктары жана алардын жакындары макул эмес.

Көп өтпөй “Беслан энелери” аттуу коомдук кыймыл пайда болгон. Анын төрайымы Элла Кесаева жакындан тарта ал кандуу окуяны башынан өткөргөн окуучулардын социалдык жактан абалы начарлап, ден-соолуктары начарлай баштаганын айтып, Кремлге жардам сурап кайрылган. Президент Дмитрий Медведев жакында Владикавказга барганда ага кат тапшыруу үчүн барып, бирок жолуга алышкан эмес. “Азаттыктын” кабарчысы Олег Кусов буларды айтат:

- Элла Кесаева жана анын жакшы санаалаштары Дмитрий Медведев Владикавказга келгенде ага кат тапшырганы барышат. Бирок аларды орусиялык армия штабынан бир киши катуу кордогон кеп айтып, артка кайтарышкан.

Бирок Кесаеванын «Азаттыкка» айткан пикиринде, каты Москвага кеткенин жана президенттин кабыл алышына үмүтү бар экенин билдирди:

- Ал Бесланда болгондо көрүстөнгө барып гүл койду. Демек ал бизге жан тартат. Ал гүл койгон биринчи президент. Башка президенттер өтүп кетчү. Путин гүл койгон эмес.

Беслан трагедиясы эскерилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00

XS
SM
MD
LG