Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Шыкмаматовду колдогондор УКМК алдына чогулуп жатат


Алмамбет Шыкмаматовдун УКМК алдына чогулган жактоочулары
Алмамбет Шыкмаматовдун УКМК алдына чогулган жактоочулары

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовду колдогондор Улуттук коопсуздук комитетинин алдында чогулууда. "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, депутат сурактан чыга элек.

Башкы прокуратура "атамекенчи" депутат Алмамбет Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн "жасалма тендер өткөрүүгө аралашкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген негизде 17-февралда кылмыш ишин козгогон. Ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тергеп жатат.

Шыкмаматов 22-февралга суракка чакырылып, бирок адвокаты бош эместигине байланыштуу бүгүнкүгө которулган.

Буга байланыштуу жарандык активисттер УКМК алдында митинг өткөрүшүп, мамлекеттик маалымат каржаттары аркылуу оппозицияны бир беткей каралоону, саясий оппоненттерди куугунтуктоону жана сөз эркиндигин кысууну токтотууну талап кылмакчы. "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары УКМК сурактан кийин Шыкмаматовду камап коюшу ыктымал деп кооптонууда. (NT)

XS
SM
MD
LG