Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:28

Кыргызстандын борбор шаары Бишкектин архитектурасы соңку жылдары бир топ эле өзгөрдү. Архитекторлор ирээтсиз салынган имараттар көбөйгөнүн айтышат. “Азаттык плюс” апта темасынын (“Менин борбор шаарым”) алкагында Бишкектин архитектурасынын абалы жана өнүгүшү тууралуу суроолор менен Архитекторлор кеңешинин төрагасы Эсенжан Бекташевге кайрылды.

“Азаттык”: Сиз архитектор катары Бишкектин азыркы турпатына канаттанасызбы?

Эсенжан Бекташев: Архитектор катары шаар менин купулума толбойт деп айта алам. Биз архитектурага чыгармачылык жагынан карайбыз. Андыктан бул таризде алып караганда, имараттардын турпаты, көрүнүшү көңүлгө толбойт. Айрыкча акыркы убакта шаардын көп жерлерин бузуп жибердик.

“Азаттык”: Анда Бишкектин кайсыл имараты сиздин купулуңузга толот?

Эсенжан Бекташев: Биздин легендарлуу архитекторлорубуз азыр арабызда тирүү. Евгений Гаврилович Писарской деген биздин архитекторубуз бар. Былтыр 90 жылдык мааракесин белгиледи. Азыр көзү көрбөй калды, бирок акыл-эси ордунда. Мына ушу кишинин Бишкек шаарына кошкон салымы зор. Мэрия аянтынын алдында турган Эл аралык университетинин имараты - классикалык типтеги, эң көрүнүктүү, сонун имарат. Кийинки доордо салынган имараттардан айтсак, биздин эң биринчи кыргыз архитекторубуз Аскар Исаевдин эмгеги – саат жебеси менен Башкы почтамт. Мен Архитектордук институтун бүтүп келгенде ушул кишинин устанканасына орношуп, ошол имаратты чийишкем. Мен ошого сыймыктанам.

“Азаттык”: Бишкектин көркүн бузган имараттар деп кайсыларды айта аласыз?

Эсенжан Бекташев: Мисалы, орус драмтеатрынын алдындагы пивокананы белгилемекмин. Театралдык аянттын алдына пивокана салып койгон кантип болсун?! Ош базарынын жанында турган “Беш-сары” имаратын да эң жаман объект деп белгилей алам.

“Азаттык”: Бишкек шаарынын борбордук бөлүгү качан реконструкцияланат?

Эсенжан Бекташев: Бул суроону мен өзүмө да берем, бирок жооп таба албай калам. Себеби Токтогул, Киев көчөлөрүн карасак, эч бир кунары жок, самандан салынган үйлөр турат. Ошолорду талкалап, алардын ордуна бийик, татынакай үйлөрдү салышыбыз керек эле. Бирок ал үйлөрдү алып салууга базар экономикасы маалында жолтоолук көп болот экен. Биз шаардын генпланын колдонуп деталдуу пландоо долбоору аркылуу иш жүргүзсөк, ойдогудай болмок. Бирок, тилекке каршы, ал колдон келбей калып атат.

“Азаттык”: Бул 2025-жылга чейин каралган шаардын курулуш планыбы? Анда негизи кандай иштер каралган?

Эсенжан Бекташев: 2025-2030-жылдарга чейин шаардын өнүгүшү каралган. Мисалы, аймагы боюнча каякты көздөй өсүшү керек, бийиктиги боюнча канча кабатка барышы керек деген суроолор камтылды. Анда шаардын кайсы бөлүгүндө өндүрүш болуп, кайсыл жер жашылдандырууга бөлүнүшү да каралган. Бул - архитекторлор, экономисттер, транспорт жаатындагы адамдардан турган чоң жамааттын бирдиктүү планы. Аны өкмөт деле 2006-жылы бекитип берген. Бирок ошол нерселердин көпчүлүгү аткарылбай калып атат. Мына, азыр бизде эң чоң көйгөйлөрдүн бири - автотыгын болуп жатат. Мына ушул маселени чечүү боюнча өкмөт да, мэрия да ошол генпланда көрсөтүлгөн транспорттук схема боюнча иштешсе, жакшы эле болот эле.

“Азаттык”: Жол маселесин жакшы козгоп өттүнүз. Бул эми шаарга четтен көп машине кирип, жолдорубуз кууштугунан болуп жатабы? Сиз маселенин чечилишин эмнеден көрөсүз?

Эсенжан Бекташев: Бизде туюк көчөлөр көп болуп, бул автотыгындын болушун шарттап жатат. Биринчи кезекте ошол көчөлөрдү ачыш керек. Транспорттук схемада шаардын бүт көчөлөрү изилденип тартылган. Ошолорду ишке ашырганга аракет кылышыбыз керек.

“Азаттык”: Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдө, ортодон дубалдарды урата коюп, бөлмөлөрдү кеңейтүү көрүнүшү күч. Мында коопсуздук жагы кандай?

Эсенжан Бекташев: Бизде архитектура, курулушту тейлеген Мамлекеттик курулуш агенттиги бар. Ошолор буйрук чыгарып, буга тыйуу салышкан. Өзгөчө панелден салынган үйлөргө тийгенге такыр болбойт. Бул аракеттер имараттарды алсыздандырып жатат. Эгер мындай үйлөрдө баары ушундай “кеңейтүүлөрдү” жасап жиберишсе, Кудай өзү сактасын, жер титирөө убагында 9 баллга эсептелген үйлөр 4-5 баллды да көтөрө албай калышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG