Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

З.Үсөнбаев: Айрым артисттер чет өлкөгө кетип калышты


Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониясынын директору Замирбек (Мир) Үсөнбаев филармониянын абалы тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

- Сиз көптөн бери филармонияда эмгектенип, бүгүнкү күнү аны жетектеп турасыз. Учурда филармониянын абалы кандай? Сизге чейин эле филармониянын артисттери эл аралабай калган, азыр да эл аралай албай отурушат делет. Деги эмнеден каржалып атасыздар?

З.Үсөнбаев: Эми биздин эл аралабай калганыбызга 15 жылдын жүзү болду. Анткени ошого шарт жок. Бизди каржылашы керек эле мамлекет. Мурун атайын элге чыга турганга унаасын, майын камдап, артисттердин тамак-ашына, жатагына каражат беришчү эле. Азыр андай каражат жок болуп калган. Ал эми филармония бюджеттик мекеме болгондуктан аларды каржылоого күчү жетпейт. Мына ошол себептерден улам 15 жылдай чыкпай жүрдүк. Бирок ошентсе да жана өзүңүз айткандай кээ бир коллективдер чыгып жүрдүк.

Мен мына жаңы эле жетекчи болдум. Келерим менен биз акылдашып, сезонду ачкандан кийин элге чыгалы деп акылдашканбыз. 15-октябрда сезонду ачтык. Эми айдын аягынан баштап Чүй облусун аралап, артисттерибиз концерт бере баштайт.

- Филармонияда кадрдык маселе кандай болуп атат? Жаңы кадрларды өстүрүү, аларды кармап калуу жактары? Айлык аз шартта кантип иштеп атасыздар?

З.Үсөнбаев: Эми өзүңүз айткан сыяктуу эле айланып келип эле баары акчага такалып атат. Айлык-акылары жетишпейт.

Азыр бизде жаштар да өсүп калды. Жаштардан дагы алып атабыз. Бизде коллективдер көп. Ошол сегиз коллективдин ичинде жакшы музыканттар, кыргыздын уңгулуу өнөрүн жолдогон акын, комузчу, дастанчылар бар. Мына ушуларды биз колдон келишинче колдоп, кошумча каражат таап, филармониянын кээ бир жайларын ижарага берип, ошондон тапкан акча менен колдон келишинче жардамдарды берип, колдоп атабыз. Анан эми келечекте мамлекетибизде абал жакшы болуп, тынчып, ушул маданият жагына карашса деген ойлорубуз бар. Жасай турган иштерибиз бар.

Дегеле филармония каржыланса жакшы болот эле. Анткени көп таланттарыбыз ушуга байланыштуу чет мамлекеттерге кетип калып атышат.

- Жаңы аспаптарды сатып алуу деле каражатка байланыштуу турган экен да?

З.Үсөнбаев: Мына мен келгенден бери бул жактан да аракет кылып атабыз. Көп жылдан бери К.Орозов атындагы оркестр, "Камбаркан" фольклордук тобу, Камералык оркестр ж.б. аспаптары эскирип, кыл кыяк, скрипка сыяктуу аспаптардын кылдары үзүлүп жарабай калган экен. Биз ошого швейцариялык бир уюмдар менен байланышып, долбоор түзүп, ошол жактан алалы деп атабыз. Бирок азырынча аз-аздан филармония өз акчабызга сатып алып атабыз.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG