Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Элдик оюндар – эстутумдун бир бөлүгү


Кыргыз цирк өнөрүнүн чеберлери Германиянын Майнц шаарында. 2010-жылдын 10-октябры. ТЧ.
Кыргыз цирк өнөрүнүн чеберлери Германиянын Майнц шаарында. 2010-жылдын 10-октябры. ТЧ.

Спорттук оюндардын улам жаңы түрү боюнча алдыга суурулуп чыккан ататоолук атуулдардын кабарын угуп абдан толкунданам. Дегиңкиси, улуттук оюндан куру болгон эч бир эл жок. Ал эми элдик оюндардын тагдыры кандай?..

Каныбек Осмоналиев, Мария Кулчунова, Сатымкул Жуманазаровдордун жолун жолдогон кыргыз спортчуларынын Олимпиадалардагы жана башка эл аралык мелдештердеги ийгиликтери далай жаштарыбызды шыктандырып келет.

Таланттуу уландарыбыздын бири Каныбек Сагынбаевдин бильярд оюну боюнча төртүнчү ирет дүйнө чемпиону болушу – эч кимди кайдыгер калтырбаган эң соңку спорттук ийгиликтердин бири болду.

Жаңы көрүнүштөр жана салт

Өткөн кылымдан тартып ата-бабабыз укпаган далай жаңы спорт оюндары жөнүндө кабардар болуп калдык.

Маселен, сөрфиңг – бул оюнду “аттын кулагын менен ойногон” кыргыз баласына оңойлотуп которуу үчүн “деңиз толкунун багындырып ойноо” десек болот.

Сөрфиңг менен алектенген спортчу жеңил тактага туруп алып, деңиз толкунунун “жалында” сыйгаланып ойнойт.

Ал эми мухиттен алда канча алыс жайгашкан ала-тоолуктар үчүн ат оюндары кымбат. Ат оюндарын алар он же жүз сөрфиңгге да алмашпастыр.

Айтылуу цирк чебери Манат Эшимбеков да ат оюндарынын устаты. Анын пикиринде, цирктеги ат оюндары – кыргыздын ата-бабадан мурасталып калган өнөрлөрүнүн бири.

Бул ат оюндары жөө жарышып чуркоо (“тушоо кесмейди” эле алалычы), күрөш, чүкө ойноо (анын туу чокусу – ордо) сыяктуу оюндар менен эриш-аркак өнүккөн.


Элеттеги спорт салты

Ар бир кыргыз айылында чабендестиги, эр эңиштеги каармандыгы, тыйын эңмей сыяктуу оюндардагы эпчилдиги менен атыккандар арбын чыгаар.

Өткөндө туулуп-өскөн айылым Эчки-Башыга барып калганымда, кыштактагы байкелерим тээ 1960-80-жылдардагы элдик спорт оюндарына байланыштуу кызыктуу окуяларды эскерип отурушту.

Бир жолу күрөштөн коңшу айылдын балбаны Такибай кыштагыбыздын балбанын жеңип алыптыр.

“Ага тең келчү киши табылганга чейин коңшу айылдагылардын алдында бир жылдай “сынып” жүрдүк, акыры сырт жакта жүргөн Жеңиш деген бир агабыз келип, берки балбанды айландырып туруп жерге бир урганда, тим эле өзүбүз жыккансып кубанып, балбаныбызды көтөрө чуркадык”, деп жарпы-жазылганча күлүштү.

“Жеңиш да бир тууган агамдын досу, берки балбан деле мага таяжезде болот” деп мен да аларга кошулуп күлдүм.

Тестиер чагымдагы дагы бир окуяны жаза кетейин. Бир нече айыл биригип Он-Арча суусунун боюнда чоң салтанат өткөрүп калышты. Маараке болду беле, же тек гана малчылар тою беле, анысын аңдай турган жашка келе элек элем.

Ошондогу дагы эле көз алдымда турган элес – биздин айылдын балбаны “азыр баланчаны бир чайнап жеп жутам” деп жулунуп, анын тегерегинде “бир ачууңду бизге бер” деп котологон кишилер анын эки колун кармап турганы, ал эми аркы жакта да анын атандашынын күрөшкө чамынып турганы болду.

Мен болсом “элди тебелебей, эптеп ортого чыгып алып күрөшсө жакшы болот эле” деп санааркап жүрөм.

Көрсө, бул дагы күрөш алдындагы атам замандан калган психологиялык даярдык ыкмасы турбайбы! Бул ыкманы америкалык боксчу Майк Тайсон эле өздөштүрүп чектелген эмес тура!

Спорт – жакырчылыкка каршы дары

Дегиңкиси, айрым замандаштарыбыз “элибиз кыйналып-арып турган чакта спорттун эмне кереги бар?” деп жоромол кылганды жакшы көрүшөт.

Бир ирет айтылуу грузин спорт комментатору Котэ (Константин) Махарадзе (1926 - 2002) катышкан бир талкууда анын жердеши грузин футболунун төмөндөп кеткенинин себебин жакырчылык менен түшүндүргөндө, Котэ чыдай албай кетип, ага каяша кылды: “Латын Америкасында футбол, эмне, алардын байманасы ташып кеткенден улам эле өнүгүп жатыппы!”

Кыргыз спортчу улан-кыздары да улам жаңы ийгиликтери менен Махарадзе айткан чындыкты тастыктап келет: жан дүйнөнүн сулуулугу – спорт менен байланыштуу. Аны эч ким байлыкка сатып ала албайт.

Бир ирет кыргыз президенти А.Акаев Монголияга расмий сапар менен барганда мен да тарыхчы катары аны коштогон топко кошулуп калдым. Ошондо монголдордун “эр жигиттин үч оюну” (“Эрийн гурван наадам” - буга ат чабыш, жаа атыш жана күрөш кирет) деп аталган элдик жайкы спорт майрамына күбө болдук.

Күрөштө жеңген улам жаңы балбан жигит бүркүт бийин бийлеп ортодогу даңк мамысын айланып чыкканы мага абдан жакты.

Бүркүт бийи аркылуу алар жеңиш ээсин гана эмес, көчмөн турмуштун күн сайын жондон ныгырган оор түйшүгүн артка серпип, рухту көкөлөткөн элдик спортту да даңазалап жаткандай болду.

Балдар оюну - эне сүтүндөй эле

Бардык эле элдер, менимче, эл аралык деңгээлде кабыл алынган спорт оюндары менен чектелбестен, өздөрүнүн чөлкөмүндө гана жайылган элдик спорт оюндарын да кастарлап сакташы керек го дейм.

Анын жарасы деле жеңил. Оболу бала чактагы бешташ, чакмак таш, чүкө, ак чөлмөк, селкинчек, оромпой, дойбу, деги койчу, дастандарда, жомоктордо, ар кыл китептерде (маселен: Физкультура жана спорт: Энциклопедия. Жооптуу редактору А.Мамытов. – Бишкек, Кыргыз энциклопедиясы, 2002. – ISBN 5-89750-134-3. - 236 б., ж.б.) чагылдырылган жана азыркыга чейин чагылдырыла элек балдар оюндарын бала-чакага үйрөтүү, мектептерде көбүрөөк ойнотуу абзел (бала чагымда мугалимдер чүкө ойногонго тыйуу салып, короомо-короо кыдырып текшерип жүргөн учурлар да болду!)

Ошондой эле, ат чабыш, көк бөрү, кыз куумай, жамбы атмай, күрөш, ордо, тогуз коргоол жана башка оюндар боюнча машыгуу топторун түзүп, аларга улан-кыздарыбыздын кызыгуусун арттыруу зарыл.

Ар жылы элдик оюндардын жергиликтүү жана чөлкөмдүк мелдештерин уюштуруп, жеңүүчүлөрдү монголдорго окшоп улуттук баатыр катары даңазалап, ар кыл сыйлыктар берип турсаңыз жаш муун кызыкпай койбойт да.

...Ушундай кыялга чөмүлүп Прагадагы бир татына гүлбакчаны аралап баратсам, жанымдан жүгүрүүгө ылайыкталган спорт кийимчен чех улан-кыздары чуркап өтүштү. Курсагымды карап: “Мен да чуркашым керек эле” деп үшкүрдүм. Жаш чакта “О спорт, өгөй энем!” деп жазган чакан юмордук аңгемем аргасыздан эске түштү.
XS
SM
MD
LG