Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Босниядагы серб өкмөтү референдум өткөрүүгө куштар


Миларад Додик Дейтон тынчтык келишимине шек келтирген демилгени биринчи эле жолу көтөргөн жок.
Миларад Додик Дейтон тынчтык келишимине шек келтирген демилгени биринчи эле жолу көтөргөн жок.

Босния – Герцеговинанын курамындагы Серб Республикасынын өкмөтүнүн референдум өткөрүү демилгеси эл аралык чөйрөдө сынга алынууда.

Кезинде азыр тарыхка кеткен Югославиянын курамына кирген Босния – Герцеговина учурда өз алдынча эки субъекттен: Српска же Серб Республикасынан жана Мусулман - Хорват федерациясынан турат. Ар биринин өз өкмөтү жана парламентти бар. 1995-жылы Босниядагы согуш аякташына алып келген Дейтон тынчтык келишиминде мына ушундай тартип каралган болчу. Бир өлкөнүн курамындагы аталган эки субъект мамлекеттин ушу тапта алсыз деп эсептелинген борбордук институттары аркылуу байланыштырылып турат.

Соңку айларда Боснияда өз ара атаандаш үч жамааттын ортосунда тирешүү күчөгөндүгү байкалууда. Былтыр алардын лидерлери өлкө Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча АКШ жана Евробиримдик сунуш кылган долбоорду макулдаша албай коюшкан болчу. Долбоор Босниянын борбордук өкмөтүнүн ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөгөн эле.

Ушул шейшемби күнү Српска республикасынын өкмөтү референдум боюнча жаңы мыйзам долбоорун жактырды жана парламенттен атайын сессиясында документти бекитип берүүнү суранды. Премьер- министр Миларад Додик мыйзам кабыл алынар замат эле республиканын автономиясын кеңейтүү боюнча референдум чакырарын эскертүүдө. Өкмөттүн атынан референдумага алынып чыгышы мүмкүн маселелер катары ал Босниянын НАТОго кошулуу мүдөөсүн, Дейтон тынчтык келишимин колдоо же Босниядан бөлүнүүнү атады.

Бирок босниялык серб жетекчилердин мындай кадамы жана премьер-министр Милорад Додиктин референдум планы Дейтон тынчтык келишимин бузгандык катары сынга алынууда. Мындай пикир ээлери Босния - Герцеговинанын курамындагы Српска республикасында өз алдынча референдум чакыргыдай ыйгарым укук жок экендигин айтып жатышат.

Эл аралык коомчулуктун Босниядагы жогорку өкүлү Валентин Инцконун маалымат катчысы Марио Бркич “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун балкан кызматы менен маегинде Српска республикасынын өкмөтү өзү Дейтон келишимине толук байланганын белгилөө менен буларды айтты:

-Ушул жүйөөдөн улам Српска республикасынын өкмөтү эл аралык милдеттемелерине коркунуч келтирүүнү токтотуусу абзел. Аталган маселелер боюнча референдум уюштуруу аркылуу, биздин оюбузча, алар элди чыныгы экономикалык көйгөйлөрдөн алагды кылуу үчүн манипуляция жасоодо.

Референдум маселеси октябрь айына мерчемделген шайлоо алдында бийликтин саясий амалы болушу ыктымал деген пикирлерге айрым аналитиктер да кошулат.

Ал эми Брюсселден Европарламенттин Батыш Балкан өлкөлөрү боюнча делегациясынын башчысы Эдуард Кукан “Эркин Европа /Азаттык “ радиосунун кабарчысы менен маегинде серб өкмөтүнүн кадамын “Босниянын келечеги үчүн өтө опурталдуу” деп мүнөздөдү:

- Менимче, бул саясий жактан туура эмес чечим. Эгер алар ушундай референдумга барса, Дейтон тынчтык келишими бузулат. Себеби ал келишим боюнча Босния – Герцеговина республикасынын аймактык бүтүндүгү сакталуусу керек. Бул жерде, Српска республикасында бөлүнүп кеткидей эч мүмкүнчүлүк жок.

Европарламенттин депутаты кошумчалагандай, кырдаалдан чыгуунун эң жакшы жолу - республика парламентинин референдум боюнча мыйзамды четке кагуусу. Ал эми эл аралык коомчулук буга жол бербеш үчүн Српска республикасынын өкмөтүнө бир добуштан ачык –айкын эскертүү жасоосу керек.

Босниядагы сербдердин премьер-министри Милорад Додик Српска республикасы өз келечеги өзү аныктоосу керек деген маселени алгач 2006-жылы коңшу Черногория көз карандысыздык боюнча референдум өткөргөндө жана андан кийин 2008-жылы Косово көз карандысыздыгын жарыялаганда да көтөргөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG