Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:00

Арслан Капай уулу: Сребренница кыргыны - Европанын бетине чүркөө


Сребренницадагы кыргында көз жумгандардын тизмеси миңдеп саналат

Сребренницадагы кыргында көз жумгандардын тизмеси миңдеп саналат

1995-жылдын июль айында Босниянын Сребреница шаарчасында сербдердин колунан 8 миңдей мусулман эркек каза тапканы белгилүү. 30-мартта Сербия парламенти ошол кыргынды айыптаган резолюцияны жактырды. Резолюцияда кыргындын алдын алуу үчүн жетиштүү чара көрүлбөгөндүгү белгиленип, курман болгондордун жакындарына көңүл айтылат. Кабарчыбыз Босния парламентинин бул кадамы тууралуу тарыхчы, журналист Арслан Капай уулунун пикирин сураган.

- Ошол 95-жылкы Сребреницадагы окуя Европанын жаңы тарыхында эң кейиштүү окуялардын бири катары белгилүү. Сербия парламенти ошол кыргынды айыптап, атайын резолюция кабыл алып отурганы Сербия жалпы Европанын цивилизациялуу өлкөлөрүнүн өнүгүү жолуна түшүү далалатынан кабар берет. Бул биринчи.

Экинчиден, Сребреницадагы окуя жалаң эле серб элинин эмес, Сербиядагы калктардын гана эмес, бүтүн Европанын бетине чүркөө болгон окуя катары белгилүү. Себеби ошол кыргынды болтурбай коюуга Батыш мамлекеттеринин учурунда тийиштүү чара көрбөй койгондугунун кесепетинен болгон деп айтылып келген. Мына ушундан улам кыргынды айыптаган чечим кабыл алынып отурушу, албетте, тарыхый мыйзам ченемдүү көрүнүш.

- Айрымдар ушул резоолюциянын азыр кабыл алынышын бул жөн гана Еврошаркетке кирүүнүн аракети деп атышат, эмне үчүн буга чейин кабыл алынган эмес деп. Сиз буга кандай көз караштасыз?

Арслан Капай уулу, 2010-жыл, март
- Ооба, албетте? бул туура. Бирок биз мындай дагы өңүттө алышыбыз керек. Югославия биримдигине кирген өлкөлөрдөгү өнүгүүнүн деңгээли бир кылка эмес. Буга чейин ага шарт да келген эмес эле. Албетте, бул бир четинен Европа биримдигине кирүүгө болгон умтулуу, бул парламенттик чечимдин өзү Сербиянын Европанын негизги демократияны тутунган өрнөктүү жолуна түшүүгө болгон далалаты деп бааласак болот.

- Сиз 1916-жылкы окуянын чоо жайын жакшы иликтеген адам катары белгилүүсүз. Ошондо орус падышачылыгы дагы кыргыздарды кыргынга алган деген маалымат бар эмеспи. Азыркы расмий Москва Серб өкмөтү сыяктуу кыргыздардан ошол окуя боюнча кечирим сурашы керек деп ойлойбосузбу?

- Мен ошентип ойлойм. Келечекте кыргыз интеллегенциясы 16-жылдагы окуянын геноцид деп таанылышына карата кадам таштайт деп ойлойм. Албетте, азыр антүүгө кыргыз интеллегенциясынын, кыргыз саясатчыларынын дарамети, интеллектуалдык көрөңгөсү чакталуу болуп атат. Бирок бул геноцид. Себеби 1916-жылы ал жерде кыргыздарды, орустар өздөрү айтат го, тукум курут кылуу саясаты жүргүзүлгөн. Ошол учурда, айтып калышат, кайсы бир деңгээлде күнөө кыргыздар тараптан да кеткен деп. Бирок ал башка маселе. Кыргыздар орус падышачылыгынын жүргүзгөн саясатына каршы көтөрүлгөн. Ал эми ага жооп кылган орус падышачылыгынын саясаты бул геноцид деп бааланууга тийиш.
XS
SM
MD
LG