Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Сребреница массалык сөөк көмүү менен белгиленди


Босниялык мусулман аялдар Сребренницадагы кандуу кыргында көз жумган туугандарынын сөөгүнүн жанында жоктоп ыйлап жатышат
Босниялык мусулман аялдар Сребренницадагы кандуу кыргында көз жумган туугандарынын сөөгүнүн жанында жоктоп ыйлап жатышат

Сребреницанын мусулмандары согуш мезгилинде кырылган дагы жүздөгөн адамдын сөөгүн жаназасын окуп, жерге беришти. 1995-жылдагы Чыгыш Босниядагы ал кандуу окуялар Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң кандуу массалык кыргын болуп калган эле.

Сребреницанын чет-жакасындагы Потокари Эскерүү саябанында аты-жөнү аныкталган 534 кишинин сөөгү жерге берилди. Жекшембидеги массалык сөөк узатууга миңдеген киши: курмандыктардын жакындары, Сребреница кыргынынан аман калгандар катышты.

Мындан алты жыл мурда курулган паркта бүгүнгө чейин баардыгы болуп 3749 сөөк аныкталып, көмүлдү. 1995-жылдын 11-июлунда ал кезде Бириккен Улуттар уюмунун коргоосунда болгон шаардан серб күчтөрү 8 миңдей босниялык мусулман эркекти атып салышкан эле. Бул окуялар 1992-1995-жылдардагы согуштун кандуу символу болуп калган.

Бүгүнгө чейин 70 чакты массалык көрүстөн казылып, андагы сөөктөр алынып чыгарылды.

Жекшембидеги эскерүү аземинде Босниядагы Эл аралык улук өкүл, австрийлык дипломат Валентин Инзко курмандыктарды унутпоого жана алардын өлүмү үчүн жоопкерлерди жазалоого чакырды.

Бул кыргын быйыл биринчи жолу бүт Европада эскерилди, бирок Босниянын өзүндө 11-июль кызыл даталардын тизмесине киргизилген эмес. Европа парламенти январ айында бул күндү эскерүү күнү деп жарыялап, европалык өлкөлөрдү бул чечимди колдоого чакырган.

Хорватия менен Черногориенин парламенттери өткөн аптада бул резолюцияны ратификациялады. Бирок Босния менен Сербия расмий таанууга бара элек. Өткөн аптада Босния парламентиндеги серб депутаттар резолюцияны өткөрбөй коюуга жетишти.

Сараеводо Босния-Герцеговинанын баш муфтийи Мустафа Эфенди Серич депутаттарды мындайча айыптады:

- Менимче, депутаттар жок дегенде Европа парламенти кабылдаган резолюцияны кабыл алышса, балдарынын алдында алган айлыгыбызды актап жатабыз деп айтканга жүздөрү жарык болмок. Бирок биз таң калган жокпуз. Мындай текебердик, геноцидди билмексенге салуучулук менен биз 14 жылдан бери жашап келатабыз.

Жүз миң кишинин каны төгүлгөн Босния согушунан кийин жумурият Мусулман-Хорват Федерациясы жана Серб Республикасы болуп эки автономдуу бөлүккө ажыратылган эле.

Сребреница кыргынын мурдагы Югославия боюнча Эл аралык Кылмыш Трибуналы геноцид деп мүнөздөгөн.

Кыргындын башкы уюштуруучусу деп саналган Босниялык сербдердин согуш мезгилиндеги жол башчысы Радован Каражич азыр трибуналдын камагында. Бирок анын кол башчысы Радко Младич кылтакка илине элек.

Босниялык президенттик кеңсенин мүчөсү Хариз Силайжич жекшембиде Босния Сербия менен мамилесин оңдоого кызыкдар экендигин, бирок Белград Младичти кармап бермейинче бул мүмкүн эмес экендигин билдирди.

Сербиянын президенти Борис Тадич буга байланыштуу анын өлкөсү Младичти табуу үчүн баарын жасап жаткандыгы айтылган билдирүү таркатты.

XS
SM
MD
LG