Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:33

21-сентябрда Карачай-Черкес жумуриятынын көрүнүктүү мусулман ишмери Исмаил Бостановдун сөөгү жерге берилди. Маркумдун сөөгү туулуп өскөн Знаменка кыштагына коюлду. Бул кол салууну Карачай-Черкес, Ингушетия жана Чеченстандын президенттери кескин айыпташты.

20-сентябрда Карачай-Черкес жана Ставропол мусулмандарынын руханий башкармасынын төрага орун басары Бостановдун унаасы аткыланган. Ок жеген Бостанов ошол жерде жан берген.

Эртең менен саат ондор ченде Бостанов 16 жаштагы уулу менен намаздан кайтып келатышкан. Арка тараптан келген унаадан белгисиз бирөө чыга калып, аларга ок акчкан.

Азырынча мунун артында ким турганы белгисиз. Тергөөчүлөр Бостановдун көзүн ваххабиддер тазалаган болушу мүмкүн деп эсептешет. Бирок маркумдун жакындары андай божомолго ишенишпейт.

- Расмий исламга да, жашыруун күрөшүп аткан исламчыл тарапка да каршы келген ишти Исмаил ажы жасай алмак эмес. Ал эми ваххабиттерге сын айтчу, бирок аларды сындабаган имам жок. Ьул үчүн өлтүрүшпөйт эле.

Орусиянын Азия жеринде жашаган мусулмандар руханий башкармасынын төрагасы Нафигулла Аширов маркум Исмаил Бостановду 20 жылдан бери таанырын, аны менен Букарда медреседе бирге окуганын эскерет:

- Түндүк Кавказда болуп аткан башаламандыкты мен жалаң эле диний ишмердүүлүк менен байланыштыра албайм. Ал жакта абдан көп карама-каршы, чийелешкен маселелер бар.

Карачай-Черкес жумуриятында мусулман дининин жетекчилерине кол салуу мурда да болгон. 2006-жыла имамдар Абдул-Керим менен Абубекир Куржиевдер киши колдуу болуп өлүшкөн. Мара-аягы кыштагынын молдосу Батчиевди да белгисиз бирөө өлтүрүп кеткен.

“Исламчыл радикалдык жашыруун күрөшүп аткан тарап ал диний ишмерлерди ФСБ менен табакташ болуп кетишти, зыйкырдык кылууда деп айыптап келатышкан” деп жазат “Коммерсант” гезити.

Түндүк Кавказда мамлекеттик кызматкерлер менен тартип сактоо органында иштегендерге кол салуу көндүм адатка айланган. Маселен, ошол эле 20-сентябрь күнү Ингушетияда террорчулукка каршы күрөшкө катышкан эки офицерди көчөдө унаада бара жаткан жеринен кимдир бирөөлөр атып кетишкен.

“The Times” жазганга караганда бул жылы Түндүк Кавказда киши колдуу болуп көз жумгандардын саны 500гө жеткен. Бул былтыркы жылдык ушул убагына салыштырганда абдак көп.

“Кремль үчүн бул көрүнүш экономикалык кризиске караганда кабыргасын кайыштырган маселеге айланган. Кавказада тез аранын ичинде пайда болгон киши өлтүрүүлөр «бул «өлүм эскадрону» артында орусиялык тандалма бөлүктөргө таянып иш жүргүзгөн жергиликтүү милиция турат деген ой жыйынтыгын берет” деп жазат Марк Франкетти. Ошол элемаалда буга себепчи кара кийип калган жесирлердин кайрадан өч алуу үчүн аттанышынан деп да мүнөздөйт.
XS
SM
MD
LG