Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Франция-Британия: бонус акыйкатсыздыгы


Британ премьер-министри Гордон Браун
Британ премьер-министри Гордон Браун

Британ премьер-министри Гордон Браун менен Франциянын президенти Николя Саркози банкирлердин бонустарына бир ирет болсо да салык киргизүүнү сунушташты. Эки лидер мындай пикирин Wall Street Journalга жарыяланган макаласында билдиришти.

Саркози да, Браун дагы дүйнөлүк алкакта иштеген банктар менен коомдор ортосунда жаңы эреже иштелип чыгышы керектигин, ал баарыдан мурда экономикада абал майкөл-сүткөл болуп турган шартта да пайдалар бир эле банкирлердин чөнтөгүнө агылбай, каражатын банктарга салып аткан кардарлардын кызыкчылыгын да көздөсө деп жазышат.

Авторлор, ошондой эле, банктардын башына чоң мүшкүл түшүп турганда аларды кыйын кезең, кыйчалыш абалдан өз акчалары менен сактап калган аманатчылардын эми минтип банктардын ити чөп жей баштаган маалда алардын дегеле унутта калып, умсунуп отуруп калышын да акыйкатсыздык деп эсептешет.

Эки лидер Wall Street Journal аркылуу банкирлерге кайрылышты. «Банк системасы баштан кечирген кризистен кийин эл алардын кызыкчылыгындагы банк системасына ээ болууну каалайт. Буга жетишүү үчүн дүйнө алкагындагы өзгөрүүлөр керек», - деп айтылат макалада.

Алар ошондой эле, бул жылы банкирлерди асмандаган айлыктардан жана жөнү жок сыйлык-бонустардан баш тарта турууга чакырган. Британ өкмөтүнүн маалыматы боюнча, быйыл бул мамлекеттин банктары өз кызматкерлерине 8,5 млрд. доллар сыйлык берүүнү көздөп турат. Эгер бонуска салык кире турган болсо Британ казынасына андан 700 млн. доллардай акча түшмөкчү.

Кеңсеси Лондондо жайгашкан Европадагы реформа борборунун экономисти Филип Уайт «Азаттыкка» бонус темасы эмне себептен саясатта дайыма популярдуу болуп келгенин чечмеледи.

«Каржы кризисинен кийинки көйгөйлөр арасында сыйлык төлөө маселеси дайыма бүйүр кызыткан саясий иш болуп келген. Эмнеге экени айдан ачык. Кептин баардыгы каржы тармагында иштегендер дайыма сый, сыйлыктын үстүндө келишкен, бирок аларды кризис сыяктуу кыйын кезеңдерде дайыма салык төлөөчүлөр сактап келишет. Ошол себептен бул эмне үчүн саясий өң-түс алып жатканы өзүнөн өзү түшүнүктүү»,- дейт экперт.

Жакында болгон кризис бул мамлекеттердин экономикасы улутка караганда жалпы дүйнөлүк системаларга чиркешкенин көргөздү. Ошол себептен, дешет Саркози менен Браун аталган макалада, банк тармагында, дегеле, каржы системасындагы өзгөрүүлөр бир мамлекеттин эмес, дүйнөлүк алкакта зарыл болуп турганын көргөздү, дешет алар.

Ошол себептен эки лидер алгачкы чара катары банкирлердин бонустарына бир ирет болсо да салык киргизүүнү сунушташат. Алардын пикиринде, мындан башка да сунуш-пикирлер болушу ыктымал, бирок бонустарга болгон салык ал реформалардын көзүрү болууга тийиш.

Шаршембиде Улуу Британиянын каржы министри Алистер Дарлинг бонустарга бир ирет алынуучу салык киргизүүнү сунуштады. Ал салык сыйлыктын жарымын түзгөн өлчөмдө болмокчу. Кеп 25 миң фунттан же 40 миң доллардан ашкан сыйлыктар тууралуу болуп атат.

Жаңы салык аны алып аткан банкирден же банк кызматкеринен эмес, бонусту төлөп аткан банктан алынат. Ошол жол менен бул эки мамлекет банктар менен каржы уюмдарынын бонус төлөө саясатына өзгөртүү киргизүүнү көздөп жатышат. Анткени кризис убагында мамлекетик жардамды Британияда дал ошол өз кызматкерлерине өлчөөсүз сыйлык берип келген банктар алган болчу.

Саркози да, Браун дагы карапайым салык төлөөчүлөрдүн акчасы бюджет аркылуу банктарга жардамга барганы менен, ал акча бонус катары кайра эле банкирлердин чөнтөгүнө кетип атканын акыйкатсыздык дешет.

XS
SM
MD
LG