Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Президенттин үстүнөн жазылган арыз боюнча сот өттү


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жазган арызы боюнча биринчи сот отуруму өттү.

“Ата Мекен” партиясынын юристи Канатбек Азиз “Азаттыкка” билдиргендей, сотто президенттин өкүлү Айжан Кадырова өлкө башчынын 6-марттагы сөзүнө түшүндүрмө берип, “президенттин “сасык партия” деген сөзү “Ата Мекен” партиясына багытталган эмес, бул сөз башка партияга тиешелүү” деп түшүндүрдү.

- Биз он пункттан турган арызды бергенбиз. Анда Атамбаевдин “сасык партия”, “мародер акесине ишенет” деген сөздөрүнө түшүндүрмө берүүсүн талап кылганбыз. Бүгүн президенттин өкүлү президенттин айтылган сөзү “Ата Мекен” партиясы менен анын лидери Өмүрбек Текебаевге тиешеси жок, ал айрым башка саясатчыларга багытталганын айтты, - деди Канатбек Азиз.

Ал эми президенттин өкүлү Айжан Кадырова “Азаттык” радиосуна сотто “Алмазбек Атамбаев ким жөнүндө айтты эле?” деген суроо коюлбаганын билдирди. Ошондой эле Кадырова президенттин 6-марттагы сөзүндө “Ата Мекен” партиясы аталбаганын кошумчалады:

- “Ата Мекен” партиясы 6-марттагы президент Атамбаевдин сөзүн он абзацка бөлүп, өз-өзүнчө доо арызында көрсөтүп жатат. Мен өзүм дагы ал видеону көрүп чыктым. Анда Атамбаевдин сөзүндө “Өмүрбек Текебаев” же “Ата Мекен” партиясы деген бир дагы сөз жок. Алар тууралуу сөз болбогондон кийин кандайча ал суроолорду коюп жатат мен үчүн түшүнүксүз.

"Атамекенчилер" өлкө башчынын 6-мартта Ала-Арча резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде айткан сөзү үчүн сотко кайрылган. Ал жыйында Атамбаев "айрым сасык партиялар", "мародер" деген сөздөрдү колдонгон. "Ата Мекен" партиясы муну өз дарегине айтылды деп билдирип, сотко кайрылган. (SDz)

XS
SM
MD
LG