Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

АКШ менен Евробиримдик Орусиядагы камоолорду айыптады


Алексей Навальный
Алексей Навальный

АКШ менен Евробиримдик Орусиядагы камоолорду айыптап, оппозициялык активист Алексей Навальныйдын кармалышына тынчсыздануу билдирди. Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Марк Тонер жекшембидеги билдирүүсүндө: “Биз орус өкмөтүн тынч демонстранттарды тез арада бошотууга чакырабыз”,-деп белгиледи. Ал Орусиядагы камоолор демократиялык баалуулуктарга каршы келерин эскертти.

26-мартта Орусиянын бир катар шаарларында коррупцияга каршы жүрүштөр өтүп, анда Алексей Навальный баштаган жүздөгөн адамдар кармалды. Бул соңку жылдары Орусияда катталган эң ири нааразылык акциясы болуп калды.

Борбор калаа Москвадагы митингге 8 миңден 20 миңге чейин адам чыкканы айтылды. 2018-жылы президенттик шайлоого катышам деген Алексей Навальный убактылуу кармоочу жайдан Твиттер аркылуу билдирүү таратып, демонстранттардын көчөгө чыкканына сыймыктанып турганын айтты. Ал коррупцияга каршы адамдардын баарын камакка алуу мүмкүн эместигин кошумчалады. Навальный марттын башында өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин байлыгы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда айтылгандарды өкмөт четке каккан болчу.

XS
SM
MD
LG